Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/5
“Шаардын аймагындагы мунапыска кирген жер участокторунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 3-февралындагы №01-13/286 сандуу чыгыш катын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралындагы отурумунун №2 протоколдук чечимин карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” № 21 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 291 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде Кара-Суу шаарынын аймагындагы жалпы мунапыска кирген калктуу конуштун ичиндеги жер аянттарга жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмү 25 сотыхка чейин деп белгиленсин:
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |