КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 154
«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
«Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:
10-пунктта:
1) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
«– порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн сайттардын реестрин жүргүзөт;»;
2) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– «Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери аткарылбаган учурда Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп турат жана чектейт;».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |