Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 174
Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин спорт аянтчасынын жана Каракол бала бакчасынын тегерегиндеги куурап калган тал-теректерди кыйып, сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын жана Каракол бала бакчасынын айланасындагы куурап калган (тиешелүү мекеме-уюмдардын уруксаты менен кыйылган) тал-теректерди сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүрүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын жана Каракол бала бакчасынын айланасындагы куурап калган (тиешелүү мекеме-уюмдардын уруксаты менен кыйылган) тал-теректерди сатуудан түшкөн акча каражаты Каракол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшүрүлсүн.
2. Түшкөн акча каражаты Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык максаттуу багытта, багыты өзгөртүлүп, мектептин жана бала бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.
Айыл өкмөтүнө:
– Кыркылган тал-теректерди сатуу үчүн баалоо иштерин жүргүзүү;
– тал-теректерди сатуу иштерин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу;
– түшкөн акча каражаттарын толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке киргизүүнү камсыз кылуу;
– каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча отчетту айылдык кеңешке белгиленген тартипте берүүнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каракол айылдык кеңешинин “Бюджет жана экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ф.Токушевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Э. Тилекова |