Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 176
2025-жылы “Каракол таза аймак” МИнин бюджетинин аткарылышы, айыл чарба техникаларынан түшкөн каражаттар (ар бир техника боюнча өзүнчө реестр) жана алардын сарпталышы жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, 2025-жылы “Каракол таза аймак” МИнин бюджетинин аткарылышы, айыл чарба техникаларынан түшкөн каражаттар (ар бир техника боюнча өзүнчө реестр) жана алардын сарпталышы жөнүндө “Каракол таза аймак” МИнын жетекчиси Б.Сыдыгалиевдин, бухгалтери Т.Качыбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылы “Каракол таза аймак” МИнин бюджетинин аткарылышы депутаттар тарабынан айтылган эскертүү сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Каракол айылдык кеңешинин катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Б.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Тилекова |