Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 154 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти
камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын
ишин токтотуп туруу жана чектөө
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде аларга кирүүнү чектөө жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаты болуп интернет-мейкиндикте порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтууга тыюу салууну белгилөө, ошондой эле коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында аны жайылтууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин аныктоо болуп саналат.
3. Ушул Тартипти колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) эсептелет.
2-глава. Сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө үчүн негиздер
4. Сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы интернет-мейкиндикте жеткиликтүү болгон порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтуу фактысын белгилөө саналат:
– интернет-мейкиндикке мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө;
– жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан келип түшкөн маалыматтарды кароонун жыйынтыгы боюнча.
5. Көрсөтүлгөн контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызын кароо маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3-глава. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз берүү тартиби
6. Интернет-мейкиндиктеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын контенти порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген жеке же юридикалык жак маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
7. Арыз жазуу жүзүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– интернет-мейкиндиктеги сайттын URL-дареги;
– порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын сыпаттамасы;
– арыз ээси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, байланыш маалыматтары).
8. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды карап чыгат жана порнографиялык мүнөздөгү элементтердин бар экендиги боюнча сайттын жана (же) сайттын баракчасынын мазмунун баалайт.
4-глава. Сайттын ишин токтотуп туруу тартиби
9. Маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтуу фактысы аныкталган учурда же арызды кароонун натыйжалары боюнча арыз келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө интернет-мейкиндиктеги сайттын (же анын өзүнчө баракчасынын) иштешин эки айга чейинки мөөнөткө токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алат жана аны телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары – телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу) жиберет.
10. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу сайттын жана (же) сайттын баракчасынын иштешин токтотуп туруу жөнүндө чечим келип түшкөн учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде аталган чечимди интернет-провайдерге жана (же) хостинг-провайдерге, сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээсине (ал аныкталган учурда) аткаруу үчүн жиберет.
11. Ушул Тартипке ылайык маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган чечим интернет-провайдерлерге жана (же) хостинг-провайдерлерге, интернет-мейкиндиктеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээлерине (ал аныкталган учурда) аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
12. Интернет-провайдер, хостинг-провайдер, сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин алган күндөн тартып 24 сааттан кечиктирбестен аталган чечимди аткарууга же болбосо аныкталган бузууларды четтетүүгө жана көрүлгөн чаралар жөнүндө телекоммуникациялар тармактык жөнгө салуучусуна билдирүүгө милдеттүү.
13. Кызыкдар тараптар сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жөнүндө маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда, ага административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми мындай чечим интернет-мейкиндиктеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп турууга багытталган болсо, андан кийин – сот тартибинде даттанууга укуктуу.
5-глава. Сайтка кирүүнү чектөө жана сайттардын реестринен сайтты чыгаруу
14. Сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин кызыкдар адамдар тарабынан даттануу берилбесе, сайттын иши кайра калыбына келтирилбейт.
15. Кирүүгө чектөө сайтты жана (же) сайттын баракчасын порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган бөгөттөлгөн сайттардын реестрине киргизүү жолу менен ишке ашырылат, ал маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт жана анын расмий сайтында эркин жайгаштырылат.