Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/6
Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамын жана 2025-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 29-январындагы №01-20/62 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамы бекитилсин. (№1 тиркеме)
2. Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин 2025-жылга карата иш-чаралар планы бекитилсин. (№2 тиркеме).
3. Шаар мэриясы Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет менен биргеликте 2025-жылга карата бекитилген иш-чаралар планы аткарууга алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2025-жылдын 6-февралындагы
III сессиясынын №3/6
токтомуна №1 тиркеме
Кара-Суу шаарынын Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча, 2025-жылга карата КПНСтин жаңы курамы
А.Адыбаев-вице мэр, комитеттин төрагасы
Д.Канаева –жетектөөчү адис, комитеттин катчысы
№ | Мүчөлөрү | Кызматы |
ҮБЗТКнын иш-алып баруучу курамы | ||
1 | Бекташева Толкунбү Бердикуловна | Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары |
2 | Орозбаева Тиллакан | Депутат |
3 | Бегматова Айнура | Депутат |
4 | Атабаева Дильфуза | Аялдар кеңешинин төрайымы |
5 | Бакыева Сүйүмкан | Депутат |
6 | Шакеева Курманжан | Депутат |
7 | Канаева Динара | Жетектөөчү адис |
8 | Кыдыралиева Чолпон | Соц.адис |
9 | 1.Мамаразыков Мамарасул-1квартал 2.Сайдрахманова Адалат-2 квартал 3.Абдувалиев Хасан-3 квартал 4.Турабаев Садык 4-квартал 5.Насыров Абсалам -5 квартал 6.Балтабаев Азамжон-6 квартал 7.Досаева Мавлюда-8 квартал 8.Жумабаев Мойдин-9 квартал 9.Абдураимов Ахмадали-10 квартал 10.Махмудханов Зикирилло-11 квартал 11.Батыров Арифжан -12 квартал |
Кв.ком төрага, төрайымдары
Кварталдык аймактарда түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө жооптуу
|
10 | Төлөнов Толубай | Аксакалдар сотунун төрагасы |
11 | Урозов Жолдошбай | Аксакалдар сотунун |
12 | Жолдошева Айкен | Врач нарколог |
13 | Тажимаматова Калыскан | А.Абдуллаев ҮТД жетекчиси |
14 | Толубаева Динара | ИДН инспектор |
15 | 1.Мамажанова Айжамал- “Манас” о.м 2.Кожошева Миргүл-“Рахимов” мектеби
3.Ырысбекова КайрынсаХ.Турсунов мектеби 4.Исраилов Салижан -№134 мектеп 5.Туманбаева Лазокат-“Ленин” мектеби 6.Мамасабиров Мамасадык-“Бобур” мектеби 7.Абдуллаева Нүргүл Тельман мектеби 8.Аданова Айдана – А.Рахманалиев мектеби | Мектеп соц.педагогдору
Тиешелүү билим берүү мекемелеринде ҮБЗТ иш-чарасын өткөрүүгө жооптуу
|
16 | Эрменова Гулиза | Шаардык ҮДТ жетекчиси |
17 | Темиров Шавкат | Киров айыл башчсы |
18 | Чаканов Абдумиталип | Тельман айыл башчысы |
19 | Батай уулу Калыбек | Ак-Өргө айыл башчысы |
20 | Эркинбаев Нурбек | Аймактык тескөөчү |
21 | Кыдыров Кыязбек | Аймактык тескөөчү |
Кара-Суу шаардык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Акылбек кызы
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2025-жылдын 6-февралындагы
III сессиясынын №3/6
токтомуна №2 тиркеме
Кара-Суу шаарынын ҮБЗТКнин 2025-жылга карата “Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу” боюнча
иш-чаралар планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Күтүлүүчү жыйынтык | Болжолдуу сумма |
1 | Жергиликтүү бюджеттен социалдык экономикалык өнүктүрүү программасына кирген үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, тиешелүү иш алып баруучу курамды кайра бекитүү, иш-чараларды ишке ашыруу боюнча каражат бөлдүрүү | Январь | Комитет мүчөлөрү, Шаар мэриясынын адистери
| Зордук зомбулук алдын алынат, коомчулук маалымат алат |
|
2 | Шаар тургундарына комитет мүчөлөрү аркылуу маалымат таратуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторинг уюштуруу, каттоо | Ар бир квартал | Комитет мүчөлөрү, шаар мэриясынын адистери
| Коомдо зордук зомбулук жоюлат | 5 000 |
3 | ҮБЗТК мүчөлөрүнүн отурумдарын уюштуруу, жарандар, жаштар, кыз-келиндер жана мигранттын балдарын катыштыруу менен онлайн анкета сурамжылооуюштуруу(гугл опрос) | Февраль
| Комитет мүчөлөрү,
| Шаарда зордук зомбулукка дуушар болгондор аныкталат, катышуучулар аноним билдирүүлөрүн берет | 5 000 |
4 | Шаар аймагында жашаган үйбүлөөлөргө жана билим берүү мекемелерине ГАЛС методологиясы менен тренинг өтүү. Шаар аймагынан (жалпы 60) үй-бүлөөнү тартуу
| апрель | Комитет мүчөлөрү,
| З.з алдын алынат, аялдарга жана кыз-келиндерге болгон басмырлоо азаят, гендердик теңчиликке жетүүнү үйрөнүшөт. |
50 000 сом
|
5 | Тажрыйба алуу психологдун баарлашуусун уюштуруу(зордук зомбулукка кабылгандарга жеке психологдун консультациясын уюштуруу) (13мектепке) (60 кыз-келиндерге) | 2-квартал | Комитет мүчөлөрү,
| Жарандар жана жаштар керектүү маалымат алат, стресс жаман ойлордон арылат |
80 000 |
6 | Зордук зомбулукту алдын алуу боюнча ар бир кварталдын төрага, төрайымдары менен байланыш группалары менен тыгыз иштөө (whatsаpр, telegram) | Жыл ичинде | Комитет мүчөлөрү,
| Зомбулукту алдын алуу процессии жүрөт ар бир кв.ком башчылары өз кварталы боюнча маалымат берет |
|
7 | Кыз келиндердин ден-соолугуна кам көрүү, эне-жана баланын өлүмүн алдын алуу максатында акысыз медициналык консультация жана медициналык кароодон өткөрүү (Акушер, гинекологдун, УЗИ, Томаграфия, консультациясын уюштуруу) | апрель | Комитет мүчөлөрү,
|
| 100 000 |
8 | Шаар тургундарын акысыз юридикалык маалымат алуу күнүн уюштуруу | апрель – май | Комитет мүчөлөрү,
| Жарандар акысыз укуктук кеңеш алышат. | Акысыз |
9 | Элеттик аялдар күнүн өткөрүү (райондук денгээлде өткөн жарманкеге ишкер аялдарды катыштыруу) | 17-июнь, июль | Комитет мүчөлөрү, бей өкмөт уюмдарды катыштыруу | Ишкер аялдардын эмгеги бааланат, колдоо көрсөтүлөт | 50 000
|
10 | Зордук зомбулукту алдын алуу максатында мектеп окуучулары жана соц.педагогдор менен окуу (тренинг) уюштуруу билим берүү мекемелеринде окуучулар ата-энелер жана мугалимдер катышуусунда чогулуштарды уюштуруу ага ҮБЗТК нин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү | Сентябрь октябрь | КПНСтин курамы | Ынтымак бекемделет, достук мамиле түзөлөт, зордук зомбулук алдын алынат | 25 000 |
11 | 11-октябрь “Эл аралыккыздаркүнүнө карата” кыз-келиндерди ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу күнүн уюштуруу, ишкер аялдарды шыктандыруу максатында бизнес тренинг, финансылык сабаттуулук курстарын өтүү | Октябрь | Комитет мүчөлөрү,
| Кыздар өзүн өнүктүрүүгө мотивация алат, максаттары калоолору аныкталат | 45 000 |
12 | Зордук зомбулукка каршы 16-күндүк акциясын уюштуруу Жалпы мекеме ишканаларды, билим берүү мекемелерин, шаар тургундарын тартуу; Иш-чарага жалпы мектеп окуучуларын тартуу;
| ноябрь декабрь
| Комитет мүчөлөрү, Шаар мэриясынын адистери, шаардык кеңештин КПНСтеги курамы | Коомчулук зордук зомбулукка каршы максатын жеткирет, зордук зомбулук алдын алынат.
| Иш чарага сметага ылайык 125 000
Жалпы сумма: 500 000
|