Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 6-августу № 67/8-29
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө”
Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 6-декабрындагы Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптары Орловка шаарынын мэриясынын аймагында сакталсын жана Мыйзамдын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбесин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Орловка шаарынын мэриясына:
- Орловка шаарында жана Подгорное, Бордунский айылдарында бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташын жана коомдук тамактануу, эс алуу жайлардын ишинин толук токтотулушун саат 22:00дөн кечиктирбестен камсыз кылынсын;
- Орловка шаарынын аппарат кызматкерлеринен, шаардык депутаттардан, шаардык милиция бөлүмүнүн кызматчыларынан, имамдардан, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлсүн. Жумушчу топ калк арасында түшүндүү иштерин жана рейддерди жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.А.Кабаевага жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |