Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-октябры № 01-5/47

 

Сокулук райондук өнүктүрүү фонду тарабынан долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

 

       Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тюлемишова Таалай Ишенбековнанын кайрылуусунда  Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун «Военно-Антоновка мектем-гимназиясынын алдына асфальт)» төшөөгө  кошумча каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө долбооруна катышуу тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап

Кожомкул айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун 2026-жылга бюджетинин долбоору 3 619 798 миң сом үч миллион алты жүз он тогуз миң жети жүз токсон сегиз сом суммасында бекитилсин.

2. Өздүк салым 723 960 миң сом ( жети жүз жыйырма үч миң тогуз жүз алтымыш) сом суммасында бекитилсин.

3. Сокулук райондук өнүктүрүү фондунун 2026-жылга долбоорун даярдоого жана ишке ашырууга Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысына акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

 

Мураталиев У.М.