Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/7
Кара-Суу шаарындагы Курбанов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын Киров айылынын тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы Киров айылынын Курбанов көчөсүнүн аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Пазылов Алижан” атындагы көчө деп атоого тиешелүү иш кагаздары такталгандан кийин мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриясы Курбанов көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушуу уюштуруу аркылуу көчөнүн аты өзгөртүлүп жаткандыгы боюнча жеринде тиешелүү иштерди алып барсын.
3. “Пазылов Алижан” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Пазылов Алижандын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |