Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XVII сессиясынын

 

2023-жылдын 18-январындагы № 90-7

 

Петровка айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын жана 2023-2025жылга карата тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жардам көрсөтүү максатында ” 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Петровка айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө угуп жана талкулап

Петровка айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

 

1. Петровка айыл аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча тиркелген Эрежелер бекитилсин. (Петровка айыл аймагынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо эрежелери тиркелет.).

(Тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)

2. Бул токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде Петровка айылдык кеңешинин веб-сайтына жарыялансын.

3. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Байсульдаев Ж.А-ке. аткаруугу кабыл алсын.

 

 

Төрага

У.Абылдаев