Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 179
Каракол айыл аймагынын 2026-жылга айылдык кеңешинин тармактык туруктуу комиссияларынын иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин милдеттерин натыйжалуу пландоо, ошондой эле 2026-жылы жергиликтүү кеңештин сессиясында каралуучу маселелерди аныктоо максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айылдык кеңешинин тармактык туруктуу комиссияларынын 2026-жылга иш-пландарынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча отурумдарынын кортундусунун негизинде иш-пландары бекитилсин (Иш-пландары тиркелет).
– Каракол айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясынын иш-планы;
– Каракол айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын “Каракол айыл айыл аймагынын 2026-жылга социалдык жактан коргоонун приоритеттүү багыттары боюнча программасы”;
– Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы;
2. Бул токтом тиркемелери менен бирдикте айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Каракол айылдык кеңешинин катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн тиркемелери менен бирдикте ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом тиркемелери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Б.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Тилекова |
|
| Тиркеме
Каракол айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18 - февралындагы № 179 токтому менен бекитилди |
Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы
№ п\п | Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү күнү,айы | Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); |
I-КВАРТАЛ | |||||||
1 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
февраль | 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчету
2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасынын отчетун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): - Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; - 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; - Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; - жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. | Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы же муниципалдык ишкананын жетекчисинин отчетун угуу
| Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
2 | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
февраль
| Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу. Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасынын отчетун угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). | АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт).
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
3
| Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу |
март
| Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасынын отчетун угуу. АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын (муниципалдык ишкананын жетекчисинин) маалыматын угуу: - жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, - жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, - жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. | АӨ башчысы, (МИ жетекчиси) | Каракол айылдык кеңешинин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасынын отчетун угуу. (агрардык, жер маселелери, ТКЧ боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт)
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат |
4 | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
|
март | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу - АӨ башчысынын, МИ жетекчисинин ТКЧ боюнча АӨ адисинин, айылдык кеңештин Жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын корутундусу. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. |
АӨ башчысы , ТКЧ боюнча АӨ адиси, МИ жетекчиси), айыл башчы.
|
Жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын ТКЧ боюнча жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
5 | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) |
март |
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу: - АӨ башчысы , - калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ичики ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисин; - айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын төрагасы. Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
АӨ башчы , муниципалдык ишкананын жетекчиси |
Айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын (ТКЧ маселелери боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
II-КВАРТАЛ | |||||||
6 | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу |
Май | Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын МИ жетекчисинин) - Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун. Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.
|
АӨ башчы, МИ жетекчиси
|
Жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. |
7 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Май | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу. |
АӨ башчысы |
Каракол айылдык кеңешинин (өзгөчө кырдаал маселелери боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
IV-КВАРТАЛ | |||||||
8 | Жер пайдалануу, жер мунапысы, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо |
Октябрь | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу: - АӨ башчысынын , - архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча). Жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): - Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо - Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы.
| АӨ башчысы , АӨ гө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
| Каракол (жер маселелери жана муниципалдык менчик боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
9 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш планын бекитүү
|
Декабрь
|
2026-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу. Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2026-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2026-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
АК төрагасынын орун басары, АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы |
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун, 2027-жылга АКтын иш Планын, 2027-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
Каракол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
| К.Ибраимова |
|
| Тиркеме № 1
Каракол айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 179 токтому менен бекитилди |
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылга иш планы
№ | Туруктуу комиссиянын жыйынында каралуучу маселе | Туруктуу комиссиянын иш-чаралары өтүүчү күн жана жыйналыштары өтүүчү күн | Маселени изилдөө боюнча иш-чаралар жана туруктуу комиссиянын жыйыны | Аткаруучу, АӨ нүн атынан жооптуу адам | АК туруктуу комиссиясы жана ТК нын бул маселе боюнча жооптуу мүчөсү | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча ТКнын чечими (ТКнын корутундусу, чечимдердин /токтомдордун долбоору) |
I-КВАРТАЛ | |||||||
1 | АӨ башчысынын 2025- жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчету. АӨ башчынын отчету.2026-жылдын бюджеттин бекитүү боюнча долбоор даярдоо |
Февраль
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселе менен жетишээрлик таанышып чыгуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 1) аткаруучу органдын жана АӨ башчысынын ишин талкуулоо боюнча чогулуштарга, коомдук угууларга катышууга; 2) жыл ичинде аткарылган иштерге талдоо жасоо үчүн айыл өкмөттөн, ААнын чегинде жайгашкан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан зарыл болгон материалдарды, маалыматты суратып алууга; 3) жерине барып, аткарылган иштер менен таанышууга; 4) аталган маселе менен толук таанышып чыгууга багытталган башка чараларды жүзөгө ашырууга; 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун алдын-ала угуу. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү корутундуну кабыл алуу.
| АӨ башчысы, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык пландоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн | Бул маселе боюнча ТКнын жооптуу мүчөлөрү маселени иликтөө боюнча иш-чараларды жүргүзөт, ТКнын бардык корутундуларын жыйынтыктайт, материалдарды жана корутундуларды, токтом/буйруктун долбоорун даярдайт, ТКнын отурумунда жана АК сессиясында баяндама жасайт.
Маселе бардык туруктуу комиссиялар тарабынан каралышы мүмкүн. Мындай учурда алардын корутундулары АК төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган жооптуу туруктуу комиссияга жөнөтүлөт. Эгерде ТКнын биргелешкен жыйыны өткөрүлсө, анда ТКнын биргелешкен жыйынынын бирдиктүү корутундусу даярдалат. |
Жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулуктун, менин тобумдун, демилгелүү топтордун жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, чогулуштарга, ТК нын жыйындарына катышуусу. | ТК жыйынына каралып жаткан маселе боюнча материалдарды даярдоо, ТКнын жыйынына корутунду даярдоо, токтом долбоорун даярдоо.
Эгерде ТКнын отурумунда кароонун жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынса, ТК жооптуу катчы менен бирдикте токтомдун долбоорун даярдайт жана АКнын токтом долбоорун коомдук талкуулоо үчүн маалыматтык такталарга, веб-сайттарга, ЖМКларга жайгаштырат. (мөөнөтү 1 ай) АК сессиясында каралганга чейин. |
2 | 2025-жыл ичинде тартылган инвестициялар, гранттар жана долбоорлор жөнүндө маалымат. (Мамлекеттик сатып алуулар боюнча аткарылган иштер жөнүндө)
|
февраль | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. | АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча жооптуу тармактык туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. |
3 | Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча 2026-жылга белгиленген иш-чаралар жөнүндө |
февраль | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселе менен толук таанышып чыгуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 1) 2025-жылга айылдык аймактын социалдык экономикалык онүгүү программасын (СЭӨП), калкты социалдык коргоо программасын (КСКП) талкуулоо боюнча чогулуштарга, коомдук угууларга катышууга; 2) 2025-жылы аткарылган иштерге талдоо жасоо үчүн айыл өкмөттөн, ААнын чегинде жайгашкан уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан зарыл болгон материалдарды, маалыматты суратып алууга; 3) жерине барып, аткарылган иштер менен таанышууга; 4) 2026-жылга СЭӨП, КСКП долбоорлорунда шайлоочулардын өтүнүчтөрү боюнча маселелерди тактоого; 5) аталган маселе менен толук таанышып чыгууга багытталган башка чараларды көрүүгө. Аймактын СЭӨП, 2026-жылга КСКП долбоору боюнча АӨ башчысын алдын-ала угуу АӨ даярдаган СЭӨП, 2025-жылга КСКП долбоорун талкуулоо; Пикирлерди жана сунуштарды кошуу. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү корутунду кабыл алуу.
| АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ жетекчиси, АӨ адистери, ААнын чегинде жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери. |
Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын жооптуу мүчөсү комиссиянын бардык корутундуларын жалпылаштырат, материалдарды жана корутундуну (чечимди) даярдайт, туруктуу комиссиянын жыйналышында баяндама жасайт. | Жарандардын, демилгелүү топтордун, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын аталган маселе боюнча коомдук угууларга, айылдык чогулуштарга, жыйындарга, ТК жыйындарына катышуусу.
| Каралып жаткан маселе боюнча материалдарды туруктуу комиссиянын жыйналышына даярдоо, корутундуну АКтын туруктуу комиссиясынын жыйналышына даярдоо.
Эгерде ТКнын отурумунда кароонун жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алынса, ТК жооптуу катчы менен бирдикте токтомдун долбоорун даярдайт жана АКнын токтом долбоорун коомдук талкуулоо үчүн маалыматтык такталарга, веб-сайттарга, ЖМКларга жайгаштырат. (мөөнөтү 1 ай) АК сессиясында каралганга чейин. |
II -КВАРТАЛ | |||||||
4 | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
|
Май | Айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | АӨ башчысы, Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык пландоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы ж.б. | Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын жана социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын өзүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат. |
5 | Муниципалдык менчикти башкаруу
|
Май-июнь
| Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): - Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; - Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; - Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону;
| АӨ башчысы | Бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясы (жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
III -КВАРТАЛ | |||||||
6 | 2026-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету
|
Июль | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жарым жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. Биринчи жарым жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| АӨ башчысы | Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу. (АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарыл-на көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2026-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
7 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу
|
Июль-август | Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу: - АӨ башчысынан (АӨ башчысынан, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык пландоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы), - Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын төрагасынан, - башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.
| АӨ башчысы, айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык пландоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы
| Каракол айылды кеңешинин (бюджет боюнча) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
IV -КВАРТАЛ | |||||||
8 | 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету
|
Октябрь | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жарым жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. Биринчи жарым жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| АӨ башчысы | Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу. (АК төрагасынын резолюциясы менен аныкталган) жооптуу Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү , муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарыл-на көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2026-жылдын бюджетинин тогуз айлык жыйынтыгы боюнча АӨ башчысынын отчетун кабыл алуу, АК токтомун жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
9 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. |
Декабрь | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу: - АӨ башчысын (АӨнүн ФЭБ башчысын), - АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасы, - башка кызыкдар адамдардын өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет. | АӨ башчысы, ФЭБ жетекчиси
| Каракол айылдык кеңешинин (бюджет боюнча) жооптуу туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
10 | Айылдык кеңештин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу туруктуу комиссиясы кийинки жылга иш планын бекитүү
|
Декабрь
|
2026-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу. Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2026-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2026-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
АК төрагасынын орун басары, АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы |
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун , 2027-жылга АКтын иш Планын, 2027-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
Каракол айылдык кеңешинин жооптуу, катчысы |
| К.Ибраимова |
|
| Каракол айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18 - февралындагы кезектеги сессиясынын № 179 токтому менен бекитилди |
Каракол айыл айыл аймагынын 2026-жылга социалдык жактан коргоонун приоритеттүү багыттары боюнча программасы
№ | Иш милдеттер | Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы, каржылоонун түрү | Аткарууга жооптуулар | Социалдык жактан материалдык колдоо көрсөтүүнүн укуктук негиздери |
1 | Каракол айыл аймагында жашаган аярлуу топтогу адамдар жөнүндө маалымат базасын түзүү
| - Айыл аймагында жашаган аярлуу топтогу (ДМЧ, жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, томолой жетим жана кароосуз калган балдардын, кооптуу үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой кары адамдардын, үй-жайы жок айыл тургундарынын, көп балалуу жесир айыл тургундарынын, кыймылсыз төшөктө жаткан бирөөнүн багуусундагы айыл тургундарынын ж.б) айыл тургундарынын базасын кайра тактоо менен түзүү
| 2026-жыл ичинде | Каржы талап кылынбайт | Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу, Үч-Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарынын соц. кызматкерлери
|
|
2 | Айыл аймагында жашап, ар кандай кырсыктарга учурап, ден-соолугунан жабыр тарткан, кымбат дарыланууну талап кылган, оор операцияны талап кылган, ден-соолугунан жабыр тарткан, жардамга муктаж айыл тургундарына материалдык жактан колдоо көрсөтүү | Ден-соолугунан жабыр тарткан, жол кырсыгынан, өрт кырсыгынан ж.б. кырсыктардан жабыр тарткан айыл тургундарынын кайрылууларынын арыздарынын негизинде жеринде тактоо иштерин жүргүзүү | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн колдоосу, муктаждыгына жараша 1 жолу берилүүчү акчалай жардам |
| Айыл тургундарынын арыздары, медициналык кортунду, изилдөө акт, социалдык паспортун негизинде айылдык кеңештин тармактык туруктуу комиссиясынын кортундусу |
3 | Сергек жашоо программасынын алкагында республикалык, облустук, райондук, айыл аймагынын деңгээлинде өткөрүлгөн спорт оюндарына, даталуу күндөрү өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларга айыл тургундарынын катышуусун камсыз кылуу, жол чыгымдарын жана кызыктыруучу байгелерди ж.б уюштурууга материалдык жактан колдоо көрсөтүү | Айыл жаштарынын, айыл тургундарынын сергек жашоого умтулуусуна шарт түзүү, айыл тургундарынын спорттук иш-чараларды уюштуруу жана катышуу боюнча демилгелерин колдоо | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша, түзүлгөн сметанын негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу | Жаштар комитети, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу | Спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча жогору жактан келген каттар, айыл тургундарынын кайрылуулары, мектеп мекеме-уюмдардын табыштамасы, мелдештин Жобосу, айыл өкмөтүнүн буйругу, |
4 | Айыл аймагындагы мектептерде окуп билим алган, аз камсыз жардамга муктаж айыл тургундарынын балдарынын терең билим татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү (ЖРТ, республикалык, облустук, райондук деңгээлде өткөрүлгөн предметтик таймаштарга, ар кандай иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу үчүн материалдык колдоо көрсөтүү) | Айыл аймагындагы мектептерде окуп билим алган, аз камсыз жардамга муктаж айыл тургундарынын балдарынын терең билим татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүү максатында мектеп окуучуларынын ар кандай иш-чараларага предметтик таймаштарга катышуусун камсыз кылуу үчүн уюштуруу иш-чараларын алып баруу | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдүн колдоосу | Мектеп жетекчилиги, айылдык кеңештин социалдык жактан коргоо боюнча тармактык туруктуу комиссиясы, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу | Мектеп жетекчилигинин кайрылуусу, республикалык, облустук, райондук деңгээлде өткөрүлө турган предметтик таймаштар жана ар кандай иш-чаралар тууралуу кайрылуу каттар, жогору жактан келген талаптар, аз камсыз үй-бүлөлөргө түзүлгөн социалдык паспорттордун негизинде |
5 | Каракол айыл аймагында жашаган аярлуу топтогу адамдар, үй-бүлөлөргө, ДМЧ жарандарга, аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүү, кыш-күз мезгилинде көмүр отуну менен камсыздоо
| - Айыл аймагында жашаган аярлуу топтогу (ДМЧ, жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, томолой жетим жана кароосуз калган балдардын, кооптуу үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой кары адамдардын, үй-жайы жок айыл тургундарынын, көп балалуу жесир айыл тургундарынын, кыймылсыз төшөктө жаткан бирөөнүн багуусундагы айыл тургундарынын ж.б) айыл тургундарына түзүлгөн базасынын негизинде колдоо көрсөтүү
| 2026-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр | Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу, Үч-Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарынын соц. кызматкерлери
| Айыл тургундарынын арыздары, жеринде түзүлгөн изилдөө актысы |
6 | Каракол айыл аймагында турак-жайы өрттөн ж.б. ар кандай кырсыктардан жабыркаган айыл тургундарынын турак-жайын калыбына келтирүү үчүн материалдык ж.б ар кандай колдоо көрсөтүү. | Ар кандай кырсыктардан жабырканган айыл тургундарынын турак-жайын калыбына келтирүүгө аракеттер жасалат | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр | Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу, Үч-Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарынын соц. кызматкерлери
| Айыл тургундарынын арыздары, жеринде түзүлгөн изилдөө актысы жана социалдык паспорттун негизинде |
7 | КР Балдар Кодексинин 13-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык айыл аймагындагы томолой жетим балдарга турак-жай куруу үчүн жер тилкеси менен кезексиз камсыз кылуу. Жер участогун алуу боюнча айыл аймагындагы аз камсыз жардамга муктаж үй-жайы жок көп балалуу үй-бүлөлөргө, 1-топтогу ДМЧ айыл тургундарына жалгыз бой кары адамдарга жана айылга сырттан көчүп келген саламаттыкты сактоо кызматкерлерине турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө | Айыл тургундарын турак-жай менен камсыз кылууга шарт түзүлөт | Жыл ичинде | Каржы талап кылынбайт | Айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын чечими | Айыл тургундарынын арыздары, айыл өкмөтүндөгү жер участок алуу боюнча кезектин тизмеси, жеринде түзүлгөн изилдөө акты. |
8 | Айыл аймагында жыл ичинде майрам күндөргө карата ж.б. маданий иш-чараларды (23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү, Афган, Тажик согуштарынын катышуучуларын сыйлоо, Китеп күнү, Энелер күнү, Аталар күнү, Балдарды коргоо күнү, Социалдык адилетүүлүктүн бир айлыгы, КР мамлекетинин Туу күнү, Ак калпак улуттук баш кийим күнү, КР Конституция күнү, КР Мамлекеттик тил күнү, “Манас күнү” иш-чарасы, 8-март Аялдардын Эл аралык күнү , Нооруз майрамы, 31-август Эгемендүүлүк күнү, Билим күнү, Ыр кесе майрамын өткөрүү, КР аймагында белгилүү залкар адамдардын мааракелерин жана эскерүү иш-чараларын белгилөө ,кары адамдардын күнүн белгилөө, ДМЧ адамдардын күнүн белгилөө, жаңы-жылдык иш-чаралар, КР Президентинин Жарлыктарынын жана КР Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде түзүлгөн иш-чараларды уюштуруу, маданият кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн семинарлар, ж.б. маданий иш-чаралар) өткөрүүгө материалдык жактан колдоо көрсөтүү. Айыл аймагында белгилене турган майрам күндөрү, өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу даңазалаган көрнөк -жарнактарды илүүнү уюштуруу. | Айыл аймагында жыл ичинде өткөрүлүүчү ар кандай маданий иш-чараларга колдоо көрсөтүү боюнча уюштуруу иш-чаралары аткарылат. Айыл тургундарына даталуу күндөр тууралуу маалыматтар жеткирилет. | Жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша, түзүлгөн сметанын негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу | Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдеттин аткаруучу, Үч-Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарынын соц. кызматкерлери, маданият кызматкерлери
| Жогору жактан келген буйруктар, иш-чаралар, мекеме-уюмдардын жана маданият кызматкерлеринин кайрылуусу |
9 | Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык жактан ирээтке келтирүү, айыл өкмөтүнүн карамагындагы ички көчөлөрдү, туура көчөлөрдү, жакынкы жайытка кеткен жолдорго кум-шагыл төгүү, тегиздөө, суу өтүүчү арыктарга трубаларды салуу, негизги трасса боюндагы түнкү жарыктандырууну ремонттоо, ички көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мүрзөлөргө, таштанды чыгаруучу жайларга ж.б. баруучу жолдорду сүрдүрүү, түздөө ж.б. жумуштарды уюштуруу | Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн уюштуруу иш-чараларын аткаруу. | Жыл ичинде. | Жергиликтүү бюджеттен жана МИ бюджетинен каржыланат | Айыл өкмөтү, мекеме-уюмдар, “Каракол таза аймак ”МИ кызматкерлери | Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык жактан ирээтке келтирүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар, айыл тургундарынын арыздары жана жогору жактан келген талаптар. |
10 | Айыл аймагында айыл тургундарын таза суу менен тынымсыз камсыздоо, таза суунун башкы суу куюлмаларын ирээтке келтирүү, санитардык абалына көзөмөл жүргүзүү талапка жооп бергендей абалга алып келүү | Айыл тургундарын тынымсыз таза суу менен камсыздоого шарт түзүү үчүн уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү | 2026-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша, “Каракол таза аймак” МИ бюджетинен, демөөрчүлөрдүн колдоосу | Айыл өкмөтү, СПА лар, “Каракол таза аймак” МИ | Айыл тургундарынын арыздары, муктаждыкка жараша. |
11 | Каракол айыл аймагында калкты медициналык жактан тейлөө кызматына шарт түзүү | Айыл тургундарын медициналык жактан сапаттуу тейлөөгө шарт түзүү үчүн уюштуруу иш-чараларын аткаруу | 2026-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша камсыздоо, демөөрчүлөрдү тартуу | Каракол айыл өкмөтү | Медициналык мекеме-жетекчилеринин кайрылуусу |
12 | Айыл аймагындагы мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо, мектеп окуучуларынын терең билим алуусун шарт түзүү (окуучулардын билимин жогорулатуу үчүн курстарды уюштуруу, аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына саякаттарды уюштуруу ж.б.) | Терең билим алууга шарт түзүү | 2026-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша камсыздоо, демөөрчүлөрдү тартуу | Каракол айыл өкмөтү, мектеп жетекчилери | Мектеп жетекчилеринин кайрылуусу, жогору жактан келген каттар |
13 | Айыл аймагындагы китепканалардын жаңы чыккан адабий китептер менен толуктоо (китеп окуу сынактарын уюштуруу ж.б) | Китеп окууну сүйүүчүлөргө шарт түзүү боюнча уюштуруу иш-чаралары аткарылат | 2026-жыл ичинде | Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен муктаждыкка жараша камсыздоо, демөөрчүлөрдү тартуу | Каракол айыл өкмөтү, мектеп жетекчилери, китепкана башчылары | Кайрылуу каттардын негизинде |
Каракол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
| К.Ибраимова |