Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/8
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылга иш-планын
бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылга карата иш-планы бекитилсин.(тиркеме №1)
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын .
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2025-жылдын 6-февралындагы
III сессиясынын №3/8
токтомуна 1-тиркеме
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2025-жылга Типтүү иш планы
№ | Шаардык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү күн | Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19,61,63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча ШК кабыл алган чечим (тескеме, токтом); |
1. 1 | Шаардык кеңештин иш планын бекитүү. Туруктуу комиссиялардын 2025-жылга иш планын бекитүү
|
Январь | 2025-жылга шаардык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2025-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча ШК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
Т.Б.Бекташева Ы.Чирмашов Р.Х.Хатамов Д.Э.Атабаева Б.А.Каримов Айти у Айбек Акылбек к Ж. |
Т.Б.Бекташева Ы.Чирмашов Р.Х.Хатамов Д.Э.Атабаева Б.А.Каримов Айти у Айбек ШК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын шаардык кеңештин сессияларына катышуусу.
| 2025-жылга ШКтын жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
2. 2 | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Шаар башчысынын отчету |
Январь
|
Шаар мэринин, муниципалдык ишканалардын отчету
Шаардык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Шаар мэринин отчетун угуу.
ШК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен шаар башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| Шаар мэри, ФЭБ жетекчиси
| Шаардык кенештин депутаттары | Жарандардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, ШК ачык сессияларына катышуусу. |
|
3. 3 | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. |
Январь | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу: -Шаардын башчысын (ФЭБ башчысын), -ШКтин туруктуу комиссиясынын төрагасы, -башка кызыкдар адамдардын өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
| Шаар мэри, ФЭБ жетекчиси
| Р.Х.Хатамов |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, шаардык кеңештин сессияларына катышуусу.
| Жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча Шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
4. 4 | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу
|
Январь | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча Шаар мэринин маалыматын угуу. | Шаар мэри, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар. | Р.Х.Хатамов | Жарандардын, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын катышуусу. | Маселенин жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш токтом кабыл алат жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. |
5. 5 | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль
| Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү | Шаар мэри, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Ы.Чирмашов
| Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, ШК ачык сессияларына катышуусу. | Шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
6. 5 | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо |
Февраль | - Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо -Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; - Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо | Шаар мэри, шаарга караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
| Ы.Чирмашов
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга ШК сессияларына катышуусу.
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
7. 6 | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
| Февраль | - Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; - 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; - Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; - жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. | Шаар мэри (же вице-мэр), Жайыт комитетинин төрагасы,
| Ж.Т.Полотов Ы.Чирмашов
|
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга ШК сессияларына катышуусу. | Шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
8. 7 | Муниципалдык менчикти башкаруу
|
Февраль
|
- Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; - Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; - Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү | Шаар мэри (же Шаар мэринин орун басары) | Ы.Чирмашов |
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, ШК ачык сессияларына катышуусу | Шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
9. 8 | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу |
Февраль
| - жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, - жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; - көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, - жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. | Шаар мэри, Шаар мэринин орун басары , муниципалдык МБД, Кара-Суу тазалык МИ жетекчилери | Ы.Чирмашов | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, ШК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Шаардык кеңеш токтом кабыл алат |
10. 9 | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
| Март | Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. | Шаар мэри, МИ жетекчиси, айыл башчы.
| Б.А.Каримов | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, шаардык кеңештин сессияларына катышуусу. | ШКтоктомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
11. 10 | Коомдук тартипти сактоонун абалы
|
Апрель | - Шаардын башчысын - Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүнүн - аксакалдар сотунун төрагасынын, - укук бузуулар боюнча ЖӨБО комиссиясынын төрагасынын; - Коомдук профилатикалык борбордун төрагасынын (ОПЦ), - билим берүү мекемелеринин Шаар аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү. | Шаар мэри ИИБ жетекчиси тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, айыл башчы, аксакалдар сотунун төрагасы | Д.Э.Атабаева
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, шаардык кеңештин сессияларына катышуусу. | шаардык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
|
12. 11 | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) |
Апрель | -калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ичики ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисинин маалыматын угуу; Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
Шаар мэри муниципалдык ишкананын жетекчиси | Б.А.Каримов |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, ШК сессияларына катышуусу | Шаардык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Шаардык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
13. 12 | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу
|
Апрель | Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле шаардын аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. | Шаар мэри, айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери | Айти уулу Айбек
| Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, ШК сессияларына катышуусу. | Шаардык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Шаардык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
14. 13 | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
|
Май | Шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, ШК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | Шаар мэри, Шаар мэринин орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Айти уулу Айбек
| Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, ШК сессияларына катышуусу. | 2025-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө ШК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат. |
15. 14 | Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу |
Май | Көрүстөндөрдүн иштешине жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүнө муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштерин алып баруу жана көзөмолдөө Жергиликтүү бюджетте каражат болгондо каржылоо маселесин караштыруу. Бул маселелерди демөөрчүлөрдүн каражатынын, инвестициялардын, гранттардын ж.б. жардамы менен чечүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу. |
Шаар мэри (же Шаар мэринин орун басары, МИ жетекчиси)
|
Айти уулу Айбек
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, ШК сессияларына катышуусу. | Шаардык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Шаардык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат. |
16. 15 | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу |
Июнь | Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени Жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечүү. | Шаар мэри |
Б.А.Каримов |
| ШК токтом кабыл алат.
|
17. 16 | 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча шаардын аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Шаар мэринин отчету
|
Июль | Шаар мэринин шаар аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жыл үчүн Шаар башчысынын отчетун угуу. ШК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен шаар мэринин отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
| Шаар мэри | Ж.Т.Полотов жана депутаттар |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, ШК сессияларына катышуусу. | 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн шаар мэринин отчетун кабыл алуу, ШК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
18. 17 | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу |
Июль | Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу: - Шаар башчысы (Шаар мэрининорун басары), - тийиштүү мекемелердин жетекчилери; - ШК туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
|
Шаардын мэри (же шаар мэринин орун басары), мекемелердин жетекчилери |
Б.А.Каримов |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга ШК сессияларына катышуусу. | ШК токтом (тескеме) кабыл алат. Шаардык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
19. 18 | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн пайдалануу жана контролдоо |
Июль | Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. |
Шаардын мэри (же шаар мэринин орун басары) |
Айти уулу Айбек
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдар. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. |
20. 19 | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү,бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу
|
Август | элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, - бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, - балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, - шаар аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; - балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. |
Шаардын мэри (Шаар мэринин орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
|
Айти уулу Айбек
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга ШК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
| Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
21. | Шаардык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат | Сентябрь | Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү. Шаардын башчысына, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу. | Шаардын мэри, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Д.Э.Атабаева |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардына, ШК сессияларына катышуусу. | Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
22. 20 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Октябрь | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Шаардын даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча Шаар мэринин(башчынын орун басарынын) маалыматын угуу. |
Шаардын мэри (мэрдин орун басары) |
Ж.Т.Полотов, депутаттар |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, ШК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо реестрине кошуу. |
23. 21 | Мамлекеттик буйрутманын жана ведомстволук окутуунун алкагында саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (Шааар мэри, ШК төрагасы, депутаттар) квалификацияларын жогорулатуу тууралуу |
Октябрь | КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 28-бересинин талаптарын аткаруунун алкагында: - саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлерди (Шаардын башчы, ШК төрагасы, депутаттар) кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча окутууларды уюштуруу; |
Шаар мэри (орун басары), билим берүү жана соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы |
Шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттар
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын ШК сессияларына катышуусу. | Шаардык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу. |
24. 22 | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды шаар мэриясынын аткаруусу
|
Ноябрь | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды кандай аткаргандыгы тууралуу Шаар мэринин маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү. | Шаардын мэри | Шаардык кеңештин төрагасы жана депутаттар
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын ШК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, шаардык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошуу.
|
25. | 2026-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
|
Декабрь | Шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, ШК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | Шаардын мэри, Шаар мэринин орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Айти уулу Айбек
| Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, ШК сессияларына катышуусу. | 2026-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө ШК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА Реестрине кошулат. |
26. 23 | Шаардык кеңештин 2026-жылга иш планын бекитүү. Туруктуу комиссиялардын кийинки жылга иш планын бекитүү
|
декабрь | 2025-жылга шаардык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2025-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча ШК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. | Т.Б.Бекташева Ы.Чирмашов Р.Х.Хатамов Д.Э.Атабаева Б.А.Каримов Айти у Айбек Акылбек к Ж. |
Т.Б.Бекташева Ы.Чирмашов Р.Х.Хатамов Д.Э.Атабаева Б.А.Каримов Айти у Айбек Акылбек к Ж. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын шаардык кеңештин сессияларына катышуусу.
| 2026-жылга ШКтин иш Планын, 2026-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу. Шаардык кеңештин токтомун жарыялоо кошуу. |
27. | ШКтин депутаттарынын, Шаар мэриясынын адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана шаардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо
|
Декабрь | ШКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, шаар мэриясынын адистерине, шаардын жашоочуларына шаардык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча Шаар мэринин (шаар мэринин орун басарын), ШКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | Ж.Т.Полотов депутаттар
| Ж.Т.Полотов депутаттар
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдар. | Сыйлоо тууралуу шаардык кеңештин буйругун кабыл алуу.
|
Кара-Суу шаардык кеңешинин жооптуу катчысы Акылбек к Ж