Редакцияот 19.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IХ КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 19-сентябры № 68/9-29

 

Жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пункту, 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде,Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын Кудряшова көчөсү н/ж Металлург кичи районунда жайгашкан аянты 2,6 га жер тилкени Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И. Токтакунов