Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/9
“Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын Кара-Суу шаарынынын аймагындагы айылдарда акыр-чикирлерди ташуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 31-январындагы чыгыш №08 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын айылдарында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифи:
- жеке турак жер үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу - бир адамга 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтом 2025-жылдын 1-февралынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчисине жана бухгалтерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |