Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/10
Кара-Суу шаарынын айылдарында ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №571 токтомунун негизинде Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин сунушун талкуулап, Кара-Суу шаардык кеңешинин кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын аймагындагы Киров жана Тельман айылдары үчүн К1-экономикалык аймактык коэффиценттери төмөнкүдөй бекитилсин:
1-аймак - 28 ге бекитилсин;
2-аймак – 21ге бекитилсин;
3-аймак – 15ке бекитилсин;
4-аймак - 10го бекитилсин.
2. Кара-Суу шаарынын Эркин айылы К2 – муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөгү бир чарчы метр аянтынын орточо баасы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн:
1-аймак – 3 сом;
2-аймак – 3 сом;
3-аймак – 3 сом;
4-аймак - 3 сом.
3.Кара-Суу шаарынын Коңурат айылы К3 – коэффициенттери ижарага берилген аянттарына, кызмат көрсөтүү түрлөрүнө карата төмөнкүдөй өзгөртүлсүн: (магазиндер,киоска-ларектор,кичи базарлар,кафелер (алардын алдылары) ж.б.)
№ | Пайдалануу аянттары | 10 чейин | 10-20 чейин | 20-35 чейин | 35-50 чейин | 50 жана жогорулар |
1 | Коэффициенттер | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6,0 |
4.Кара-Суу шаарынын Миялы жана Присавай айылы К4 – коэффициенттери муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөгү бир чарчы метр аянтынын орточо баасы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн:
1-аймак – 3 сом;
2-аймак – 3 сом;
3-аймак – 3 сом;
4-аймак - 3 сом.
Эгерде ижарага берилген жер аянттарынын ичинде көрктөндүрүлгөн жана атайын жашылдандырылган жер аянтчалары жана бак дарактар болсо бекитилген коэффициенттер 1,2 эсеге көтөрүү менен эсептелинет.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |