Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 182
Каракол айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 1 отурумунун кортундусу жөнүндө
Каракол айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы №1 отурумунун кортундусун талкуулап чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктунун жана КР Министрлер Кабинетинин 19.08.2025-жылдагы №502 токтомунун негизинде айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы №1 отурумунун кортундусунун Каракол айыл өкмөтүнүн аймагында көрүстөндөрдөгү көмүү жайларын брондоонун наркын бекитүү жөнүндөгү 8-пункту бекитилсин
2. КР Министрлер Кабинетинин 19.08.2025-жылдагы №502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби” жөнүндө Жобонун 2-бөлүмүнө ылайык Каракол айыл аймагында көрүстөндөрдөгү көмүү жайларын брондоонун наркы 1000 (миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Каракол айылдык кеңешинин катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомду ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Сарбагышевага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Э. Тилекова |