Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 10-октябры № 73/10-29
Орловка шаарынын аймагындагы №2 жалпы билим берүү
орто мектебине көрүнүктүү инсандын ысымын ыйгаруу
жана Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы бала бакчалардын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка №2 ЖББО мектебинин жана бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылууларын карап, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерге кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерге ат коюу же атын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБО бекитилсин. (тиркемеде).
2. Орловка №2 жалпы билим берүү орто мектебине кыргыз кино актёру жана сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылсын. “Сүймөнкул Чокморов атындагы Орловка №2 жалпы билим берүү орто мектеби” деп аталсын.
3. “Ромашковый сад” бала бакчанын аталышы “Таберик” деп өзгөртүлсүн.
4. “Подгорное” бала бакчанын аталышы “Күн нуру” деп өзгөртүлсүн.
5. “Лесная сказка” бала бакчасынын аталышы “Томирис” деп өзгөртүлсүн.
6. “Теремок” бала бакчасынын аталышы “Кыял” деп өзгөртүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.А.Кабаевага жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |
|
| Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 73/10-29 токтому менен бекитилди Орловка шаарынын кеңешинин төрагасы М.И.Токтакунов _____________ |
Орловка шаарынын аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерге кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерге ат коюу же атын өзгөртүү тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Орловка шаарынын аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерге (мындан ары – мектеп) кыргыз элинин көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерге (мындан ары –бала бакча) ат коюу же атын өзгөртүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
Ысымдарды ыйгаруу илимдин, билим берүүнүн, маданияттын, искусствонун, спорттун, мамлекеттик курулуштун жана коомдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон инсандардын эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында жүзөгө ашырылат.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, мектептин Уставына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
II. Ысым ыйгаруунун негиздери
Ысымдар төмөнкүлөргө гана ыйгарылат:
илимдин, маданияттын, билим берүүнүн, искусствонун, спорттун көрүнүктүү ишмерлерине;
Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге;
Ата Мекенге эрдик жана берилгендик көрсөткөн баатырларга.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген же коомдук моралды бузган адамдардын ысымдарын ыйгарууга жол берилбейт.
III. Ысым ыйгарууну, ат коюуну же өзгөртүүнү демилгелөө
Мектепке жана бала бакчага ат коюу, атын өзгөртүү демилгечиси боло алышат:
- мектептин педагогикалык кеңеши, бала бакчанын жамааттык кеңеши;
- ата-энелер комитети;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- коомдук бирикмелер;
- жарандар (коллективдик кайрылуу аркылуу).
Сунуш жазуу түрүндө берилет жана ага инсандын кыскача өмүр баяны менен анын ысымын мектепке ыйгаруунун максатка ылайыктуулугу тууралуу негиздеме тиркелет.
IV. Сунуштарды кароо тартиби
Келип түшкөн сунуштар мектептин педагогикалык кеңешинде,бала бакчанын жамаатынын кеңешинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында каралат.
Талкуудан кийин сунуш билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органга корутунду алуу үчүн жөнөтүлөт.
Акыркы чечимди Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы кабыл алат.
V.Бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
Ат ыйгаруу чечими ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан буйрук менен бекитилет.
Буйруктун негизинде мектеп, бала бакча өзүнүн Уставына өзгөртүүлөрдү киргизип, белгиленген тартипте каттатат.
Жаңы аталыш расмий булактарда жарыяланууга тийиш.
VI.Акыркы жоболор
Уставдык жана башка документтерди кайра тариздөөгө, ошондой эле жаңы тактайчаларды жана мөөрлөрдү орнотууга байланышкан бардык чыгымдарды мектептин негиздөөчүсү көтөрөт.
Ушул Жобо ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.