КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 91
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 103-беренесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
- 4-главада:
77-82-пункттарда "КРПИБ караштуу ТКАККМБ" деген сөздөр "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- 5-главада:
42-пункт "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери" деген графада "ЮМ" деген аббревиатурадан кийин ", УКМК" деген сөздөр менен толукталсын;
67, 67-1-пункттарда "КРПИБ караштуу ТКАККМБ" деген сөздөр "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
70-75-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 86-пункт менен толукталсын:
"
86 | Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу | СӨИТМ | СӨИТМ | Акы төлөнөт |
";
- 6-главада 36-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- кыскартуулардын тизмесинде:
алтынчы, он тогузунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"УКМК - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |