Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 229
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 63-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 "Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымды төлөөнүн тартибинде:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Төмөнкү транспорт каражаттары Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу өтүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат:
1) медициналык тез жардамдын;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
3) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башкарылуучу;
4) улуттук коопсуздук органдарынын;
5) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
6) энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
7) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын;
9) транспорт каражатында "Майып" деген таануу белгиси болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тарабынан башкарылуучу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга таандык транспорт каражаттары;
10) тиешелүү документтер боюнча гуманитардык жардам жүктөрүн ташуучу;
11) түздөн-түз айыл чарба продукциясын өндүрүүчү тарабынан өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын ташуучу, жашаган жери жана жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымкатын көрсөткөндө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 31 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |