Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-марты № 145
Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси катышуучулардын санарип ресурстарын "Түндүк" санариптик өз ара аракеттенүү системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын, санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берүүчү, күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 70 "Маалымат алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |