Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101 токтомуна) |
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигиндеги "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин ишинин маселелерин жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Басма үйү) Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигиндеги маалыматтык камсыз кылуу жана басма иши чөйрөсүндө иш жүргүзөт.
2. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - Редакциялар) Басма үйүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Кыргыз Туусу" гезити;
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Слово Кыргызстана" гезити;
- "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналы;
- "Байчечекей" балдар журналы.
3. Басма үйүнүн ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерин чыгаруу;
- "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналын, "Байчечекей" балдар журналын чыгаруу;
- Редакциялардын ишине мультимедиалык форматтарды жана инновациялык маалыматтык технологияларды интеграциялоо.
4. Басма үйү өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
5. Басма үйү мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана сметасы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана бланктары, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка мөөрлөрү, штамптары бар.
6. Мамлекеттик мүлк Басма үйүнө ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет.
7. Басма үйүнүн уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
8. Басма үйүнүн маалыматтык ресурстарын басып чыгаруу тилдери болуп мамлекеттик жана расмий тилдер саналат.
9. Басма үйү өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
10. Басма үйүнүн расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Информационно-издательский дом "Кыргыз Туусу";
- англис тилинде: State Institution "Information and Publishing House "Kyrgyz Tuusu".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Туусу" МБҮ;
расмий тилде: ИИД "Кыргыз Туусу";
англис тилинде: IPH "Kyrgyz Tuusu".
11. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193.
2-глава. Басма үйүнүн максаттары, милдеттери жана функциялары
12. Басма үйүнүн максаттары төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик органдардын иши, ошондой эле коомдук, социалдык жана мамлекеттик мааниге ээ окуялар жөнүндө ишенимдүү, объективдүү, толук жана өз убагында маалымат менен камсыз кылуу;
- авторлордун чыгармачылык ишин колдоого, ата мекендик жана дүйнөлүк адабиятты популярдаштырууга багытталган маалыматтык-басма платформасын түзүү жана өнүктүрүү;
- балдар үчүн адабий жана таанып-билүүчүлүк материалдарды түзүүгө, чыгарууга жана жайылтууга, балдардын чыгармачылыгын колдоо жана дем берүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган басма ишин уюштуруу жана өнүктүрүү.
13. Басма үйүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
- өлкөдөгү жана дүйнөдөгү коомдук-саясий, социалдык, иштиктүү жана маданий турмуштагы окуялар жана процесстер жөнүндө маалыматтык, аналитикалык жана публицистикалык материалдарды жарыялоо;
- социалдык-экономикалык реформаларды, мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн системалуу жана ырааттуу чагылдыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын иши жөнүндө калкка ачык-айкын жана объективдүү маалымдоо;
- авторлордун чыгармачылык демилгелерин колдоого, ата мекендик жана дүйнөлүк адабияттын чыгармаларын жарыялоого, окурмандар аудиториясынын арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле маданий диалогду чыңдоого жана адабий мураска кызыгууну калыптандырууга багытталган адабий материалдарды чыгарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- балдардын дүйнө таанымын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө түрткү берген адабий жана таанып-билүүчү материалдарды жарыялоо, балдардын чыгармачылыгын колдоо, ошондой эле окурмандар менен кайтарым байланыш түзүү жана билим берүү демилгелеринин оң тажрыйбасын чагылдыруу;
- Басма үйүнүн расмий интернет-сайттарын, социалдык тармактардагы баракчаларын жана башка санариптик платформаларын өнүктүрүү;
- аудиторияны кеңейтүү үчүн редакциялык материалдарды интернет-мейкиндикте илгерилетүү, жаңы санариптик сервистерди киргизүү.
14. Максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Басма үйү төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мезгилдүү басылмаларды белгиленген жарыялоо графигин жана редакциялык стандарттарды сактоо менен өз убагында чыгарууну камсыз кылуу;
- "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген экономикалык, саясий, социалдык, маданий жана диний маселелер боюнча материалдарды жарыялоо;
- жеке жана юридикалык жактардан, кызмат адамдарынан маалымат суроо жана чогултуу, анын ичинде расмий документтер менен таанышуу аркылуу жана Басма үйүнө келип түшкөн материалдарда камтылган фактыларды текшерүү максатында менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга кайрылуу;
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү жана жайылтуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
- иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Басма үйүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
- маалыматтык контент алмашуу максатында эл аралык басмаканалар, маалымат агенттиктери жана башка профилдик уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
- улуттук жана эл аралык платформаларда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана басма продукциясын жайылтуу, ошондой эле чет өлкөлүк кесиптештер жана өнөктөштөр менен тажрыйба, билим жана технология алмашуу;
- жергиликтүү жана эл аралык мезгилдүү басылмалар, чыгармачыл бирликтер жана башка профилдик уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- китептерди, проспекттерди, жарнамалык буклеттерди жана башка басма продукцияларын чыгаруу;
- балдарга багытталган жомокторду, аңгемелерди жана таанып-билүүчү материалдарды тандоо, редакциялоо жана жарыялоо;
- балдардын чыгармачылыгы үчүн конкурстарды жана акцияларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Басма үйүнүн жана Редакциялардын расмий интернет-ресурстарын, анын ичинде сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жана башка интернет-платформаларды жүргүзүү, тескөө жана өнүктүрүү, аларды техникалык жактан коштоо, үзгүлтүксүз жаңыртып туруу;
- Интернет маалымат-телекоммуникациялык тармагына жайгаштыруу үчүн мультимедиалык продукцияны (видео, аудиоматериалдар, инфографика, подкасттар жана контенттин башка формалары), анын ичинде аудиторияны кеңейтүүгө жана жаштардын максаттуу тобун тартууга багытталган видеоблогдорду, подкасттарды жана стримингдик долбоорлорду түзүү жана чыгаруу;
- окурмандар менен өз ара аракеттенүү үчүн Басма үйүнүн онлайн платформаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, анын ичинде кайтарым байланыш механизмдерин ишке киргизүү жана колдоо;
- жазылуучулардын аудиториясын кеңейтүүгө жана көбөйтүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана ушул Жободо белгиленген максаттардан жана милдеттерден келип чыккан башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
3-глава. Басма үйүнүн укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги
15. Өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Басма үйү өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- материалдарды даярдоо жана жарыялоо үчүн зарыл болгон маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан суратып алууга жана алууга;
- журналисттерди мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын расмий иш-чараларына, брифингдерине, пресс-конференцияларына, жыйналыштарына жана башка иш-чараларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катышуу үчүн жиберүүгө;
- маалыматтын аныктыгына жана объективдүүлүгүнө карата талаптарды сактоо менен редакциялык жана автордук материалдарды жарыялоого;
- башка жалпыга маалымдоо каражаттары, чыгармачылык бирликтер, редакциялар, журналисттик ассоциациялар жана коомдук уюмдар менен өлкөнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да кесиптик байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- редакциялык процессти өнүктүрүүгө жана камсыз кылууга багытталган, анын ичинде келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде өндүрүштүк-чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууга;
- өлкөнүн региондорунда жана анын чегинен сырткары кабарчылык пункттарды ачууга;
- өз ишинен алынган кирешелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Басма үйүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Басма үйүнүн кызматкерлерин сыйлоого пайдаланууга;
- кесиптик ишиндеги сиңирген эмгеги үчүн ведомстволук жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө өтүнмө берүүгө;
- Басма үйүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга багытталган иш-чараларды (семинарларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, талкууларды, жолугушууларды ж.б.) уюштурууга жана өткөрүүгө;
- окурмандарга милдеттүү түрдө кабарлоо менен демөөрчүлүк шарттарында материалдарды жарыялоого;
- колдонуудагы мыйзамдарга жана ички эрежелерге ылайык акы төлөнүүчү негизде жарнамалык материалдарды жайгаштырууга;
- Редакциянын кызматкерлеринин кесиптик кызыкчылыктарын коомдук маанилүү ишти аткаруучу адамдар катары коргоого.
16. Басма үйүнүн милдеттери төмөнкүлөр:
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;
- жарыялануучу маалыматтын аныктыгын, объективдүүлүгүн, толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылуу;
- ишти бекитилген редакциялык стандарттарга, журналисттик этиканын жана кесиптик жоопкерчиликтин эрежелерине ылайык жүзөгө ашыруу;
- Басма үйүнө келип түшкөн маалыматтын аныктыгын текшерүү, анын ичинде журналисттик суроо-талаптарды жүргүзүү, ыйгарым укуктуу булактарга комментарий алуу үчүн кайрылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды жана купуя маалыматты коргоону камсыз кылуу;
- зомбулукту, улуттар аралык же дин аралык кастыкты, басмырлоону, жалаа жабууну пропагандалаган, атайылап жалган маалыматты жана башка маалыматтарды камтыган материалдарды жарыялоого жол бербөө;
- маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында редакциялардын интернет-ресурстарын, сайттарын жана башка санариптик платформаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- интернет-мейкиндикте маалыматтык активдүүлүктү тынымсыз жаңыртуу жана колдоо, ошондой эле басма продукциясын өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- Басма үйүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4-глава. Басма үйүнүн ишин уюштуруу
17. Басма үйүнүн ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тармактык түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырат.
18. Басма үйү өзүнүн иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө берет.
19. Басма үйүн башкы директор жетектейт, ал кызмат ордуна маалымат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча же мындай сунуштамасыз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. Башкы директор жок болгон учурда анын милдеттерин басылмалардын башкы редакторлорунун бири кезек менен аткарат.
21. Башкы директор:
- жалпы эмгек жамаатын түзөт жана Басма үйүнүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Редакциялардын башкы редакторлорунун сунуштамалары боюнча Редакциялардын чыгармачыл жамаатын түзөт;
- кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, кызматкерлердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдарда Басма үйүнүн атынан чыгат;
- өз демилгеси боюнча жана/же Редакциялардын башкы редакторлорунун сунуштамалары боюнча кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- өз демилгеси боюнча жана/же Редакциялардын башкы редакторлорунун сунуштамалары боюнча кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берет;
- Басма үйүнө жүктөлгөн административдик жана финансылык милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
22. Редакциялар мезгилдүү басылмалары боюнча ишти жүзөгө ашыруучу Басма үйүнүн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
23. Редакциялар юридикалык жак статусуна ээ эмес жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде Басма үйүнүн атынан иш жүргүзөт.
24. Редакцияны башкы редактор жетектейт, ал Басма үйүнүн башкы директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
25. Башкы редактор жок болгон учурда анын милдеттерин Редакциянын жооптуу катчысы аткарат.
26. Башкы редактор:
- редакциянын саясатын түзүү жана ишке ашыруу, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, журналисттик иштин мыйзамдуулук талаптарын, этикалык ченемдерин жана кесиптик стандарттарын сактоо, ошондой эле жарыяланган материалдардын аныктыгы, объективдүүлүгү жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Редакциялардын чыгармачыл жамаатын түзөт, кызматкерлерди дайындоо жана бошотуу боюнча башкы директорго сунуштарды киргизет;
- Редакциялардын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, редакциялык планды бекитет, материалдардын тематикасын жана мазмунун аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, авторлор жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Редакциялардын атынан чыгат;
- жеке маалыматтарды жана купуя маалыматты коргоону камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
- Редакциялардын интернет-ресурстарын, анын ичинде расмий сайттарды, социалдык тармактардагы баракчаларды жана башка санариптик платформаларды өнүктүрүүнү камсыз кылат.
27. Редакциялар өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Жобонун, Басма үйүнүн ички тартип эрежелеринин негизинде жүзөгө ашырат.
28. Редакциялардын ишин каржылоо Басма үйүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
29. Басма үйүнүн кызматкерлери өзүнүн ишинде ушул Жобонун негизинде иштелип чыккан ички тартип эрежелерин жетекчиликке алат.
5-глава. Басма үйүнүн финансы-чарбалык иши
30. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 231-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык Басма үйүнүн мүлкү мекемеге ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик менчик болуп саналат.
31. Басма үйү мүлктү мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнүн ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга укуктуу.
32. Басма үйүнүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсептери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын казыналыгында атайын эсеби бар. Атайын эсептин каражаттары Басма үйүнүн алдында турган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон калем акыларды төлөп берүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жана башка сатып алууларды төлөөгө багытталат.
33. Басма үйүн каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- акысыз же кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана каржылоонун тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен түшкөн кирешелер.
34. Басма үйүнүн каражаттары максаттарга жетүү, коюлган милдеттерди ишке ашыруу жана финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулат.
35. Басма үйү финансы-чарбалык иштин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6-глава. Басма үйүнүн ишин кайра уюштуруу жана токтотуу
36. Басма үйүнүн, ошондой эле Редакциялардын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
37. Басма үйүнүн, ошондой эле Редакциялардын иш процессинен келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
38. Басма үйүнүн иши токтотулгандан кийин кредиторлор, жетекчи жана кызматкерлер менен эсептешүүлөрдөн кийин калган мүлк мамлекеттик мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилет.
39. Басма үйү мамлекеттик, социалдык, экономикалык, салык саясатын ишке ашыруу максатында, башкаруу, финансы-чарбалык, өздүк курам боюнча жана башка документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
40. Басма үйү, ошондой эле Редакциялар кайра уюштурулганда бардык документтер (финансы-чарбалык, башкаруу, өздүк курам боюнча жана башка) белгиленген эрежелерге ылайык укук улантуучусуна өткөрүп берилет.