Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 118 токтомуна) |
«Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, атайын категориялардагы визаларды тариздөө жана болууга карата талаптарды белгилөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын (мындан ары – «Тамчы» АФИА) контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, анын субъекттери жана инвестициялык резиденттери үчүн Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө талаптарын, «Тамчы» АФИАга/дан кирген жана/же чыккан адамдарга, транспорт каражаттарына жана товарларга карата коюлуучу талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу «Тамчы» АФИАда иш жүргүзгөн же болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана инвестициялык резиденттерге, ошондой эле «Тамчы» АФИАга/дан Кыргыз Республикасынан/на кирүүдө/чыгууда «Тамчы» АФИАнын субъекттерине карата жайылтылат.
2-глава. Негизги терминдер
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
«Тамчы» АФИАнын актысы – «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маанидеги «Тамчы» АФИАнын актысы;
контролдоо-өткөрүү режими – адамдардын «Тамчы» АФИАга/дан кирүүсүн/чыгуусун контролдоого, ошондой эле белгиленген контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу товарларды, материалдык баалуулуктарды, транспорт каражаттарын өткөрүүгө багытталган чаралардын жыйындысы;
контролдоо-өткөрүү пункту (КӨП) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган Кыргыз Республикасы тарабынан адамдарга контролдук жол-жоболор, ал эми «Тамчы» АФИА тарабынан адамдарга, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата «Тамчы» АФИАнын актыларында каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылган атайын жабдылган жер;
КӨПтө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболор – чек аралык, бажылык жана зарыл болгон учурда санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контролдоо жана «Тамчы» АФИАга/дан кирген/чыккан адамдарга жана транспорт каражаттарына карата баӊгизат каражаттарынын жана курал-жарактын жүгүртүлүшүн, ошондой эле «Тамчы» АФИА аркылуу өткөрүлүүчү жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды контролдоо;
тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) – «Тамчы» АФИАга/дан адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «Тамчы» атайын категориядагы визасын берүү боюнча маалыматтык система;
«Тамчы» визасы – «Тамчы» АФИАга кирүү, узак мөөнөткө болуу жана «Тамчы» АФИАдан тышкары иш жүргүзүү үчүн («Тамчы» АФИА менен Кыргыз Республикасынын ортосунда жүрүү үчүн), ошондой эле «Тамчы» АФИАнын ичинде болуу үчүн «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү Кыргыз Республикасынын атайын категориядагы визасы («Тамчы-интра» визасы);
«Тамчы» электрондук визасы – статусу боюнча «Тамчы» визасына теңештирилген, чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган жарандыгы жок адамга электрондук түрдө, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар документ түрүндөгү ырастоо, анын болушу инсандыгын күбөлөндүргөн жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берет;
кепилдик төгүм – чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу максатында «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүлүүчү акча каражаттары;
«Тамчы» АФИАнын чек арасы – «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагын Кыргыз Республикасынын өзгөчө укуктук статусундагы аймагынан ажыратуучу сызык;
Мыйзам – «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
«Тамчы» АФИАнын субъекти – Мыйзамда каралган маанидеги «Тамчы» АФИАнын субъекти;
«Тамчы» АФИАнын инвестициялык резиденти – Мыйзамда каралган маанидеги «Тамчы» АФИАнын инвестициялык резиденти;
«Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы – Мыйзамга ылайык түзүлгөн «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы;
бажы иши чөйрөсүндөгү эл аралык актылар – Евразия экономикалык бирлигинин алкагында бажылык жөнгө салуу маселелерин жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын аймагында аткаруу үчүн милдеттүү болгон эл аралык келишимдер жана чечимдер.
3-глава. Контролдоо-өткөрүү режимин уюштуруу
4. Кыргыз Республикасы тарабынан контролдоо-өткөрүү режими Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, зарыл болгон учурда Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген чектин сызыгы боюнча башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. «Тамчы» АФИАга кирүүдө жана андан чыгууда адамдардын, транспорт каражаттарынын жана товарлардын кирүүсүн жана чыгуусун контролдоону камсыздоо үчүн төмөнкүдөй КӨП түзүлөт:
– «Тамчы-автожол» АФИАнын КӨП – Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген чектин сызыгы боюнча жайгашкан, «Тамчы» АФИАнын чегинен өтүүчү адамдарга, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык актыларда каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер;
– «Тамчы-аба жүргүнчүлөрү» АФИАнын КӨП – «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту аркылуу келүүчү жана «Тамчы» АФИАга кирбестен Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык актыларда каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер;
– «Тамчы-аба жүк ташуулары» АФИАнын КӨП – «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту аркылуу келүүчү жана «Тамчы» АФИАга кирбестен Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү товарларга карата Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленген чектин сызыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык актыларда каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер;
– «Тамчы-жээк» АФИАнын КӨП (пляж-парк зонасы) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык актыларда каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылуучу, «Тамчы» АФИАдан/га жүктөрдү, товарларды өткөрүү укугусуз адамдардын өтүүсү жана адамдардын «Тамчы» АФИАнын чектеринен өтүүсү үчүн гана атайын жабдылган жер.
6. Башка КӨПтөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча түзүлүшү мүмкүн.
7. КӨПтөр Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон инфраструктурасы менен түзүлөт жана ТМЭБСге кошулат, ошондой эле «Тамчы» АФИАнын тосмолорунун бүткүл периметрин камтыган инженердик-техникалык кайтаруу каражаттары, видеобайкоо системалары менен жабдылат.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда бөлүнгөн (эки) чыгуу системасын (dual-gate system) түзүүнү камсыз кылууга милдеттүү:
– жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде багажы барлардын «Тамчы» АФИАга кирбестен Кыргыз Республикасынын аймагына – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жалпы эрежелер боюнча;
– ушул Тартиптин 5-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирбестен «Тамчы» АФИАга.
4-глава. «Тамчы» атайын категориялардагы визаларын тариздөө тартиби
9. Кыргыз Республикасынын визасын алуу талап кылынган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн «Тамчы» АФИАда болуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана «Тамчы» АФИА менен Кыргыз Республикасынын ортосунда жеңилдетилген өтүүсү үчүн төмөнкүдөй «Тамчы» атайын категориялардагы визалары белгиленет:
1) «Тамчы-интра» «Tamchy-Intra» визасы («TIA» тиби);
2) «Тамчы-конок» «Tamchy-Guest» визасы («TG» тиби);
3) «Тамчы-бизнес» «Tamchy-Business» визасы («TB» тиби);
4) «Тамчы-инвестициалык» «Tamchy-Invest» визасы («TI» тиби);
5) «Тамчы-кызматкер» «Tamchy-Employee» визасы («TE» тиби);
6) «Тамчы-резидент» «Tamchy-Resident» визасы («ТR» тиби);
7) «Тамчы-үй-бүлөлүк» «Tamchy-Family» визасы («TF» тиби).
10. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы расмий интернет-сайтта жайгашкан «Электрондук виза» порталы аркылуу визаларды берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга «Тамчы» электрондук визасын тариздөөгө арыз берет.
11. Электрондук «Тамчы» визасын алууга арыз ТМЭБСте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтому менен бекитилген ставкаларга ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар төлөнгөндөн кийин ырасталат.
12. Электрондук «Тамчы» визасын тариздөө мөөнөтү ушул Тартиптин 18-пунктунда каралган документтер кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндү, ошондой эле арыз ээси мөөнөттүү тарифти төлөгөн шартта эки жумуш күндү түзөт.
13. «Тамчы» атайын категориялардагы визаларын берүү жөнүндө өтүнүч «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан виза берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
14. Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын башка категориялардагы визалары бар жарандыгы жок адамдар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүү жана болуу үчүн виза талап кылынбагандар, мындай виза менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттүн ичинде «Тамчы» АФИАга/дан жалпы тартипте кирүү/чыгуу укугуна ээ, бул үчүн өзүнчө визаларды тариздөө талап кылынбайт.
15. «Тамчы» визаларынын категориялары, типтери жана колдонуу мөөнөттөрү:
1) «Тамчы-интра» «Tamchy-Intra» визасы («TIA» тиби) – «Тамчы» АФИАнын ичинде болгон жана Кыргыз Республикасынын башка аймагына кирбеген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 96 сааттык болуу мөөнөтү аяктаганга чейин же ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык андан да узак мөөнөткө таризделүүчү Кыргыз Республикасынын визасынын атайын категориясы. Визанын бул категориясы «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өтүнүчүнүн негизинде беш жылга чейин берилет жана «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары чыгуу укугусуз болуу статусу болуп саналат;
2) «Тамчы-конок» «Tamchy-Guest» визасы («TG» тиби) туризм жана «Тамчы» АФИАда эс алуу, «Тамчы» АФИАнын иши менен таанышуу, ошондой эле иш-чараларга, сүйлөшүүлөргө, конференцияларга ж.б. катышуу максатында «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү болсо, 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү визиттер үчүн таризделет. Визанын ушул категориясы узартылууга жатпайт;
3) «Тамчы-бизнес» «Tamchy-Business» визасы («TB» тиби) ишкердик ишти жүзөгө ашырууну пландаган адамга, ошондой эле ырастоочу документтери менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү болсо, «Тамчы» АФИАда бизнес-долбоорлорго катышуу үчүн таризделет. «Тамчы-бизнес» визасынын колдонуу мөөнөтү – 60 календардык күнгө чейин (бир жолу) узартуу мүмкүнчүлүгү менен 180 календардык күнгө чейин;
4) «Тамчы-инвестициялык» «Tamchy-Invest» визасы («TI» тиби) «Тамчы» АФИАда инвестициялык иш жүргүзгөн жана «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү болсо, инвестициялык компаниянын башчысынын статусун же башкаруучу компания тарабынан аныкталуучу өлчөмдө акчалай же материалдык баалуулуктар түрүндөгү салымды күбөлөндүргөн зарыл болгон ырастоочу документтерди берген инвесторго же инвестициялык компаниянын башчысына беш жылга чейинки мөөнөткө таризделет;
5) «Тамчы-кызматкер» «Tamchy-Employee» визасы («TE» тиби) «Тамчы» АФИАда эмгектенген же эмгектенүүнү пландаган арыз ээсине бир жылга чейинки мөөнөткө «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өтүнүчү боюнча таризделет, мында «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүнү же ишкердик ишти жүзөгө ашырууну баштоо үчүн «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан кепилдик төгүмдү, ошондой эле эмгектенүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынган медициналык маалымкатты жана кызматкер менен түзүлгөн келишимди берүү талап кылынат;
6) «Тамчы-резидент» «Tamchy-Resident» визасы («ТR» тиби) «Тамчы» АФИАда турак жайлардын (батирлердин, апартаменттердин) жана (же) рекреациялык багыттагы жеке турак үйлөрдүн ээси болуп саналган, аларды сатып алуу «Тамчы» АФИАнын актыларына ылайык жүзөгө ашырылуучу арыз ээсине 1 жылга чейинки мөөнөткө «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү жана көрсөтүлгөн мүлккө ырастоочу укук белгилөөчү документтер бар болсо, ушундай эле мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен таризделет.
16. «Тамчы-үй-бүлөлүк» «Tamchy-Family» визасы («TF» тиби) «Тамчы» атайын категориялардагы визалары бар «Тамчы» АФИАга келүүчү арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чейинки балдар, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майыптыгы бар балдар жана багуусунда турган ата-энелер) таризделет:
1) «Тамчы-интра» «Tamchy-Intra» визасы («TIA» тиби);
2) «Тамчы-бизнес» «Tamchy-Business» визасы («TB» тиби);
3) «Тамчы-инвестициялык» «Tamchy-Invest» визасы («TI» тиби);
4) «Тамчы-кызматкер» «Tamchy-Employee» визасы («TE» тиби);
5) «Тамчы-резидент» «Tamchy-Resident» визасы («ТR» тиби).
«Тамчы-үй-бүлөлүк» визасы чакыруучу жактын «Тамчы» визасынын колдонуу мөөнөтүнө гана таризделиши мүмкүн.
«Тамчы-инвестициялык» «Tamchy-Invest» визасынын («TI» тиби) негизинде келүүчү арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан «Тамчы-инвестициялык» «Tamchy-Invest» визасынын («TI» тиби) колдонуу мөөнөтүнө «Тамчы-үй-бүлөлүк» «Tamchy-Family» визасы («TF» тиби) таризделет.
17. «Тамчы» АФИАнын инвестициялык резиденттери «Тамчы» АФИАнын актыларына ылайык чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга укуктуу.
18. Визалардын категориясына жана тибине жараша «Тамчы» визасын тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) «Тамчы-интра» «Tamchy-Intra» визасы («TIA» тиби):
– фото сүрөт;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
2) «Тамчы-конок» «Tamchy-Guest» визасы («TG» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– арыз ээсинин визитинин максатын ырастоочу документтери менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
3) «Тамчы-бизнес» «Tamchy-Business» визасы («TB» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– арыз ээсинин визитинин максатын жана анын статусун ырастоочу документтери менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
4) «Тамчы-инвестициялык» «Tamchy-Invest» визасы («TI» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– арыз ээсинин инвестор катары статусун, ошондой эле инвестициялык компаниянын салымынын өлчөмүн же башчысынын кызмат ордун ырастоочу документтери менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
5) «Тамчы-кызматкер» «Tamchy-Employee» визасы («TE» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– жарактуу документтин көчүрмөсү;
– «Тамчы» АФИАда катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү (жазууну) тиркөө менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жана жумуш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
– «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүдө же ишкердик ишти жүзөгө ашырууда кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (бир жылга чейинки мөөнөттөгү виза үчүн);
– «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүдө же ишкердик ишти жүзөгө ашырууда эмгектенүү (бир жылга чейинки мөөнөттөгү виза үчүн) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынган медициналык документ;
6) «Тамчы-резидент» «Tamchy-Resident» визасы («ТR» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– «Тамчы» АФИАда кыймылсыз мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө ырастоочу укук белгилөөчү документтери менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
7) «Тамчы-үй-бүлөлүк» «Tamchy-Family» визасы («TF» тиби):
– арыз ээсинин ак фондогу фото сүрөтү;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтин көчүрмөсү;
– «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;
– арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыгын күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү.
19. Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө бөлүгүндө визалардын башка типтери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама менен жөнгө салынат.
5-глава. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун
транзиттик зонасы аркылуу келүүчү чет өлкөлүк
жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу өзгөчөлүктөрү жана «Тамчы» атайын категориялардагы визаларын тариздөө тартиби
20. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту аркылуу түздөн-түз «Тамчы» АФИАга кирүү максатында гана Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «Тамчы-аба жүргүнчүлөрү» АФИА КӨПтө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өтпөстөн, транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу өтүүгө жол берилет.
21. «Тамчы» АФИАда ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык транзиттик зона принциби боюнча «Тамчы» АФИАга келүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 96 саат ичинде визасыз режим колдонулат.
22. Ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык «Тамчы» АФИАга кирген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын «Тамчы» АФИАдан чыгуусу да транзиттик зона принциби боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболорсуз атайын коридор боюнча жүзөгө ашырылат.
23. Ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу «Тамчы» АФИАга келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашылган жана «Тамчы» АФИАнын акты менен бекитилген методологияга ылайык «Тамчы» АФИАга келери менен түздөн-түз «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан миграциялык эсепке алынууга тийиш.
24. Ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган атайын коридор аркылуу өткөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар АФИА «Тамчы-автожолу» КӨП, АФИА «Тамчы-аба жүргүнчүлөрү» КӨП же АФИА «Тамчы-аба жүк ташуулары» КӨП Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өтүү учуруна чейин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген болуп эсептелбейт.
25. Ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык «Тамчы» АФИАга кирген жана аларга карата ушул Тартиптин 14-пункту колдонулбаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, «Тамчы-интра» визасын кошпогондо, «Тамчы» визасынын тиешелүү атайын категорияларын тариздебестен, анын чек арасынан тышкары чыгууга укугу жок.
26. Кыргыз Республикасынын визаларын алуу зарыл болгон адамдар Кыргыз Республикасынын визалары (атап айтканда, «Тамчы» визасы) болбостон, «Тамчы» АФИАдан Кыргыз Республикасынын аймагына чыгууга жол берилбейт.
27. «Тамчы» АФИАда 96 саатка чейинки мөөнөткө транзиттик режимде же ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык, ошондой эле «Тамчы-интра» визасынын негизинде ички статуста жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык статуска ээ боло алышпайт жана Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш эмес.
28. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы төмөнкүлөрдү фиксация кылуу менен ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу келген адамдарды электрондук миграциялык эсепке алууну жүргүзөт:
1) келүү датасын жана убактысын;
2) болуунун болжолдуу мөөнөтүн;
3) инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө маалыматтарды;
4) жүрүүнүн максаттары жөнүндө маалыматтарды;
5) «Тамчы» АФИАнын актыларында каралган башка маалыматтарды.
29. Адам «Тамчы» АФИАда 96 саатка чейинки мөөнөткө транзиттик режим боюнча «Тамчы» АФИАда болууну көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин же болбосо кыйла узак мөөнөткө улантууга ниеттенген учурда, эгерде мындай адамга ушул Тартиптин 14-пункту колдонулса, «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы «Тамчы» визаларынын атайын категорияларын тариздөө үчүн виза берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына тиешелүү өтүнүч жиберет.
30. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы адамдарды миграциялык эсепке алууну жүзөгө ашырат жана «Тамчы» визасын алуу зарыл болгон учурда, «Тамчы-интра» визасын кошпогондо, аталган адамдардын «Тамчы» АФИАдан чегинен тышкары чыгуусуна жол бербөөнү камсыз кылат.
31. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарына алардын суроо-талабы боюнча адам издөөдө, айыпкердин статусунда болгон учурларда же өкүмдү аткаруу зарыл болгондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө, ошондой эле «Тамчы» АФИАнын чегинде жүргөн адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
32. Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын линиясы боюнча издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын «Тамчы» АФИАда жүргөн факт аныкталган учурда «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдарына токтоосуз кабарлоого жана көрсөтүлгөн адамдын «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары, анын ичинде ушул Тартиптин 20-пункту менен каралган транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын транзиттик коридор аркылуу чыгып кетүүсүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө жана аны Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүүнү уюштурууга милдеттүү.
33. «Тамчы-интра» визасын кошпогондо, «Тамчы» визасынын атайын категориялары чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга анын «Тамчы» АФИАдан тышкары Кыргыз Республикасынын башка аймагына «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары чыгуу ниети болгон учурда жана мындай адамда Кыргыз Республикасына кирүү үчүн башка мыйзамдуу негиз жок болгондо гана таризделет.
«Тамчы» визасынын атайын категориялары же Кыргыз Республикасына кирүү үчүн башка мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда, «Тамчы-интра» категориясындагы визанын негизинде ички статуста жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары чыгуусуна жол берилбейт.
34. Чегинен чыкпастан «Тамчы» АФИАда болуу ниетин билдирген жана Кыргыз Республикасынын башка аймагына кирүүгө ниети болбогон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар «Тамчы-интра» визасы бар болгон учурда «Тамчы» АФИАда ички статуста жүрүүгө укуктуу.
35. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкү учурлардан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына кирген болуп саналат:
1) «Тамчы-интра» визасын кошпогондо, Кыргыз Республикасына кирүү үчүн башка мыйзамдуу негиздер болбогондо жана атайын категориядагы «Тамчы» визаларын көрсөткөндө;
2) АФИА «Тамчы-автожолу» КӨПтө, АФИА «Тамчы-аба жүргүнчүлөрү» КӨПтө жана АФИА «Тамчы-аба жүк ташуулары» КӨПтө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өткөндө.
36. «Тамчы-интра» визасынын негизинде ички статуста жүргөн жана Кыргыз Республикасынын башка аймагына кирүүгө укугу жок чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар «Тамчы» АФИАнын чегинен ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өтпөстөн чыгууга тийиш.
37. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы мындай адамдарды ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган транзиттик зона принциби боюнча иштеген атайын транзиттик коридорго чейин коштоп барууну уюштурууну, ошондой эле алардын чыгып кетишин контролдоону камсыз кылат.
38. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) «Тамчы» АФИАда транзиттик режимде 96 саатка чейинки мөөнөткө, ошондой эле «Тамчы-интра» визасынын негизинде ички статуста жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын иш жүзүндө болуу мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүүнү;
2) «Тамчы» АФИАда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын транзиттик режимде 96 саатка чейинки мөөнөткө, ошондой эле «Тамчы-интра» визасынын негизинде ички статуста жана «Тамчы» визасынын атайын категорияларынын визасы болбогон Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө укугу жок «Тамчы» АФИАнын чегинен чыгып кетишине жол бербөөнү;
3) миграциялык эсепке алууну жүргүзүүнү жана сактоону;
4) «Тамчы» визасынын атайын категорияларын берүүгө өтүнүчтү өз убагында берүүнү;
5) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен алардын суроо-талаптары боюнча өз ара аракеттенүүнү;
6) эл аралык же улуттук издөөдө жүргөн адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана административдик мыйзамдарында каралган кылмыштардын жана укук бузуулардын фактылары аныкталганда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына токтоосуз кабарлоону;
7) издөөдө жүргөн адамдарды өткөрүп берүү жана кылмыштарды жана укук бузууларды тергөөгө көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууну.
6-глава. Жүрүү тартиби
39. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун транзиттик зонасынын принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу кирген адамдарды кошпогондо, «Тамчы» АФИАга келе жаткан жана Кыргыз Республикасына визасыз режим тартиби менен кирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон жалпы негиздерде өтүшөт жана АФИА «Тамчы-автожолу» КӨПтө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өтүшөт.
40. Ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун транзиттик зонасынын принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу кирген адамдарды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
41. «Тамчы» визасы боюнча Кыргыз Республикасына кирүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде АФИА «Тамчы-автожолу» КӨПкө келүүгө жана ТМЭБСтен каттоодон өтүүгө милдеттүү.
42. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту аркылуу «Тамчы» АФИАга кирүү максаты жок, «Тамчы» визасы же Кыргыз Республикасына кирүү үчүн башка негиздери бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Тартиптин 14-пунктуна ылайык АФИА «Тамчы-аба жүргүнчүлөрү» КӨПтө ТМЭБСте каттоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболордон өтөт. Аталган адамдарга АФИА «Тамчы-автожолу» КӨПтө үч календардык күндүн ичинде кайра каттоо талап кылынбайт.
43. Кыргыз Республикасынын жарандары ТМЭБСте милдеттүү каттоодон өтүү аркылуу инсандыгын күбөлөндүргөн жарактуу документ (паспорт) боюнча «Тамчы» АФИАга/дан эркин кирүүгө, жүрүүгө жана чыгууга укуктуу.
44. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы «Тамчы» АФИАнын актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына «Тамчы» АФИАга тоскоолдуксуз кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттүү.
45. Атайын категориядагы «Тамчы» визаларынын ээлери «Тамчы» АФИАнын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын башка аймагына чыгууга укуктуу:
1) «Тамчы-конок» визасы – 10 күнгө 1 жолудан ашык эмес;
2) «Тамчы-бизнес» визасы – 20 күндөн 5 жолудан ашык эмес;
3) «Тамчы-инвестициялык» визасы – чектөөсүз;
4) «Тамчы-резидент» визасы – 20 күндөн 5 жолудан ашык эмес;
5) «Тамчы-кызматкер» визасы – 10 күнгө 5 жолудан ашык эмес;
6) «Тамчы-үй-бүлөлүк» визасы – чакырып жаткан адам үчүн белгиленген мөөнөткө жана шарттардын чегинде, чыгуулардын саны боюнча чектөөсүз.
46. «Тамчы-кызматкер» визасын жана «Тамчы-интра» визасын кошпогондо, «Тамчы» атайын категориялардагы визалары менен Кыргыз Республикасынын аймагына келген жана Кыргыз Республикасынын виза режимин бузган адамдар «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын эсебинен депортацияланууга тийиш.
47. «Тамчы» атайын категориялардагы визалары менен келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгуу учурунда Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы аныкталса, аталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө жатпайт жана чыгуу визасын тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын виза берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет. Аталган жарандарды депортациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
48. «Тамчы» АФИАга расмий чет өлкөлүк делегациялардын кирүүсү жана болуусу «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. «Тамчы» КӨПтө ТМЭБСга каттоо «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун транзиттик зонасынын принциби боюнча иштеген атайын коридор аркылуу келүүчү адамдарды кошпогондо, милдеттүү тартипте жүзөгө ашырылат.
49. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү «Тамчы» АФИАга кызматтык күбөлүгү жана расмий жолдомосу бар болгон учурда кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн «Тамчы» АФИА КӨПтө ТМЭБСке каттоосуз киргизилет.
50. Укук коргоо, шашылыш жана авариялык-куткаруу кызматтарынын кызматкерлери «Тамчы» АФИАга өзгөчө кырдаалдар, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келген же тез арада чара көрүүнү талап кылган жагдайлар келип чыккан учурларда «Тамчы» АФИА КӨПтө ТМЭБСке каттоосуз киргизилет.
7-глава. «Тамчы» АФИАнын контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүү
51. «Тамчы» АФИАда эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулат.
52. «Тамчы» АФИАга/дан товарларды өткөрүү менен байланышкан бажы операциялары эркин бажы зонасынын жол-жоболорун жөнгө салуучу бажы иши чөйрөсүндөгү эл аралык актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
53. «Тамчы» АФИАнын контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу ташып киргизилүүчү товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылат. «Тамчы» АФИАдан Евразия экономикалык бирликтин аймагына жана үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгарылуучу товарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү эл аралык актыларга ылайык тиешелүү бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.
54. Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө аныкталган «Тамчы» АФИАнын чектеринин сызыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык актыларда каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылуучу «Тамчы» АФИАнын контролдоо-өткөрүү пункттары орнотулат.
8-глава. Жоопкерчилик
55. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы ички статуста келүүчү адамдарды эсепке алуунун жана контролдоонун белгиленген тартибин сактоо, маалыматтарды компетенттүү органдарга өз убагында берүү, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын «Тамчы» АФИАга келүүсүнүн белгиленген тартибин аткаруу, ошондой эле ушул Тартиптин талаптарын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.