Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 118
«Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, атайын категориялардагы визаларды тариздөө жана болууга карата талаптарды белгилөө тартибин бекитүү жөнүндө
«Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аймагына кирүүнү, болууну уюштурууну тартипке келтирүү, коопсуздукту, контролдоону камсыз кылуу, «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, атайын категориялардагы визаларды тариздөө жана болууга карата талаптарды белгилөө тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
1) «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын (мындан ары – «Тамчы» АФИА) контролдоо-өткөрүү пункттарында чек ара контролун жана күнү-түнү иштөөсүн Тартипке ылайык уюштурсун;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен биргеликте «Тамчы» АФИАга/дан келүүчү/кетүүчү жактардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун каттоо жана эсебин жүргүзүү максатында бардык контролдоо-өткөрүү пункттарын телекоммуникациялардын операторлорунун телекоммуникациялык тармактары аркылуу келишимдик негизде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен каралган Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына (мындан ары – ТМЭБС) кошууну камсыз кылсын;
3) «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында жайгашкан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда бөлүнгөн чыгуу системасын (dual-gate system) орнотсун жана иштөөсүн камсыз кылсын;
4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын штаттык санынын чегин «Тамчы» АФИА өткөрүү пункттарында чек ара контролун уюштуруу жана контролдоо-өткөрүү режимин сактоо үчүн талап кылынуучу өздүк курам менен көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдесин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык контролдоо-өткөрүү пункттарында товарларды «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген «Тамчы» АФИАнын чегинин сызыгы боюнча бажылык контролдоону жүзөгө ашырсын;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык контролдоо-өткөрүү пункттарында «Тамчы» АФИАга ташып келинүүчү товарларды «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген «Тамчы» АФИАнын чегинин сызыгы боюнча товарлардын эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырууну камсыз кылсын;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын штаттык санынын чегин «Тамчы» АФИА өткөрүү пункттарында чек ара контролун уюштуруу жана контролдоо-өткөрүү режимин сактоо үчүн талап кылынуучу өздүк курам менен көбөйтүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдесин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) «Тамчы» атайын категориялардагы визаларын берүү, иштеп чыгуу жана тариздөө үчүн ТМЭБС платформасында зарыл болгон техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) «Тамчы» атайын категориялардагы визаларын «Электрондук виза» порталы аркылуу тариздөөнү;
3) «Тамчы» атайын категориялардагы визаларынын категорияларын, типтерин жана колдонуу мөөнөттөрүн Тартипке ылайык техникалык ишке ашырууну.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Тартипти ишке ашырууда «Тамчы» АФИАнын контролдоо-өткөрүү пункттарын курууга, ыңгайгаштырууга жана жабдууга көмөк көрсөтсүн.
6. «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы Тартипти ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 15 (3775) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |