Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 153
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун түзүү жөнүндө
Санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим берүүнүн заманбап IT-программаларын акысыз пайдалануусун камсыз кылуу, эмгек рыногунда талап кылынган IT-адистерди даярдоо үчүн шарттарды түзүү, инновациялык методикаларды жана санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму (мындан ары - "Мектеп 21" билим берүү уюму) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу схемасында:
"Республикалык ведомстволук мекемелер жана уюмдар" позициясы "республикалык баш ийүүдөгү мектептен тышкаркы уюмдар," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Мектеп 21" билим берүү уюмунун типтүү чектелген штаты 1-тиркемеге ылайык;
2) "Мектеп 21" билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык.
4. "Мектеп 21" билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 (жети миң кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Бул токтомду ишке ашыруу 2026-жылга республикалык бюджетте "Жалпы мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр" бөлүмүндө каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) "Мектеп 21" билим берүү уюмунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
2) "Мектеп 21" билим берүү уюмун юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
3) "Мектеп 21" билим берүү уюмунун ишин координациялоону, уюштуруучулук-укуктук коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун типтүү чектелген штаты
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
| Административдик-башкаруучу персонал |
|
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басары | 1 |
3 | Башкы бухгалтер | 1 |
4 | Юрист/HR-адис | 1 |
5 | Экономист/сатып алуулар боюнча адис | 1 |
6 | Улук комьюнити-менеджер | 1 |
7 | Комьюнити-менеджер | 1 |
8 | Стажировка жана ишке орноштуруу боюнча менеджер | 1 |
9 | Маркетинг боюнча менеджер жана SMM | 1 |
| Жалпы | 9 |
| Маалыматтык технологиялар бөлүмү |
|
1 | Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси | 1 |
2 | Системалык администратор | 1 |
3 | Техникалык колдоонун улук адиси | 1 |
4 | Техникалык колдоо адиси | 1 |
5 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 1 |
| Жалпы | 5 |
| Техникалык тейлөөчү персонал |
|
1 | Жатакананын коменданты | 1 |
2 | Жумушчулар (сантехник, электрик, жыгач уста) | 3 |
| Жалпы | 4 |
| Кенже тейлөөчү персонал |
|
1 | Имараттарды жана жабдууларды комплекстүү тейлөө боюнча жумушчу | 2 |
2 | Кароолчу (вахтер, күзөтчү) | 6 |
3 | Кастелянша, кир жуугуч | 1 |
4 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочу | 6 |
5 | Багбан, короо тазалоочу | 1 |
| Жалпы | 16 |
| Бардыгы | 34 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,60 |
2 | Директордун административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басары | 2,60 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,20 |
4 | Юрист/HR-адис | 3,20 |
5 | Экономист/сатып алуулар боюнча адис | 3,20 |
6 | Улук комьюнити-менеджер | 4,10 |
7 | Комьюнити-менеджер | 3,20 |
8 | Стажировка жана ишке орноштуруу боюнча менеджер | 3,20 |
9 | Маркетинг боюнча менеджер жана SMM | 3,20 |
10 | Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси | 4,10 |
11 | Системалык администратор | 3,20 |
12 | Техникалык колдоонун улук адиси | 3,20 |
13 | Техникалык колдоо адиси | 3,20 |
14 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 3,20 |
15 | Жатакананын коменданты | 2,65 |
16 | Имараттарды жана жабдууларды комплекстүү тейлөө боюнча жумушчу | 1,80 |
17 | Жумушчулар (сантехник, электрик, жыгач уста) | 2,10 |
18 | Кароолчу (вахтер, күзөтчү) | 1,80 |
19 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочу | 1,80 |
20 | Багбан/короо тазалоочу | 1,80 |
21 | Кастелянша/кир жуугуч | 1,80 |
Эскертүү.
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун кызматкерлерине дифференцияланган үстөк (бир ставкадан ашпаган) каралат.
2. Ар бир кызматкер үчүн үстөктүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы "Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби" чоңдорго кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан аныкталган тартипке ылайык белгиленген суммадан 100%га чейин пайыздык катышта аныкталат жана жетекчинин буйругу менен түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен бекитилет.
3. Кызматкерлерге сааттык дифференцияланган үстөктүн максималдуу өлчөмдөрү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) директорго - 137500 (жүз отуз жети миң беш жүз) сом;
2) директордун административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басарына - 36700 (отуз алты миң жети жүз) сом;
3) башкы бухгалтерге, юристке, экономистке - 32500 (отуз эки миң беш жүз) сом;
4) улук комьюнити-менеджерге - 121000 (жүз жыйырма бир миң) сом;
5) комьюнити-менеджерге, техникалык колдоонун улук адисине, маркетинг боюнча менеджерге жана SMMге - 77400 (жетимиш жети миң төрт жүз) сом;
6) стажировка жана ишке орноштуруу боюнча менеджерге, системалык администраторго, маалыматтык коопсуздук боюнча адиске - 127400 (жүз жыйырма жети миң төрт жүз) сом;
7) маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетекчисине - 141000 (жүз кырк бир миң) сом;
8) техникалык колдоо адисине - 57400 (элүү жети миң төрт жүз) сом;
9) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга - 10000 (он миң) сом үстөк (бир ставкадан ашпаган) төлөнөт.
Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочуларга, кийимдерди жуучу (атайын кийимди) машинистке, ашкана кызматкерлерине синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн тарифтик ставкадан (маяна) 25%га чейин өлчөмдө үстөктөр белгиленет.