Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 147
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо
жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
«151. Жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан 100 метр радиуста зыяндуу тамак-аш азыктарын сатуу жана сатып өткөрүү боюнча объекттерди жайгаштырууга тыюу салынат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:
«311. Турак жай курулушунун жыштыгынын жана аянттардын жетишсиздигинин шарттарында 4 кабаттуу имараттарды курууга жол берилет. 4-кабатта кызматтык-тиричиликтик жана рекреациялык жайлар, окуучулар менен иштөө үчүн кошумча жайлар (психологдун, логопеддин, социалдык педагогдун кабинети) жайгаштырылат.»;
– 155-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«155. Жалпы билим берүү уюмун ылайыкталган имаратта жайгаштырууда жайлардын милдеттүү топтому болуусу зарыл: окуу класстары, тамактанууну уюштуруу үчүн жайлар, медицина багытындагы жайлар, рекреациялар, административдик-чарбалык жайлар, сантүйүндөр, гардеробдор.
Цоколдук жайларды ашканалар, китепканалар, спорт, бий жана актовый залдар катары пайдаланууга, алар табигый жана жасалма жарыктандырууга, аба-жылуулук режимине, жайлардын тиешелүү түрлөрү үчүн орнотулган желдетүү системалары менен жабдылышына карата гигиеналык талаптарга ылайык келген шартта жол берилет.
Талаптагыдай эвакуациялоо жолдорун камсыз кылуу жана өрт коопсуздугунун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда адамдарды коопсуз эвакуациялоонун эрежелерин сактоо зарыл.»;
– 157-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«157. Спорттук залдарда эркек жана кыз окуучулар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу жайларды жана дааратканаларды жабдуу сунушталат. Душ жайларын орнотуу имараттын конструктивдик мүмкүнчүлүктөрү болгон учурда билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат. Өздүк спорттук залды жабдууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жалпы билим берүү уюмунун жанында жайгашкан спорттук курулмалар колдонулат.».
2. Бул токтомду аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде, ошондой эле уюштуруучулардын жеке каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |