КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 187
Айыл аймагындагы долбоорлордун аткарылышын, жарыяланган тендерлер, мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштердин аткарылышын жана бүткөн долбоорлорду ж.б кабыл алуу иштерин көзөмөлдөө боюнча айылдык кенештин алдында комиссия түзүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, айылдык кеңештин кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы долбоорлордун аткарылышын, жарыяланган тендерлерди, мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштердин жүргүзүлүшүн жана аяктаган долбоорлорду кабыл алуу иштерин көзөмөлдөө максатында айылдык кеңештин алдында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
– Раманкулов Эдилбек;
– Жумашева Элнура;
– Кенжегулов Мирлан.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Каракол айылдык кеңешинин катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом тиркемелери менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Б.Сулаймановго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Э. Тилекова |