КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 148
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 3-пунктчасына жана 4-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине төмөнкүлөрдү жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин:
1) Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 7, 16-пункттары.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |