Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы

 

2026-жылдын 30-январы № 90/13-29

 

Атайын техникаларды лизингге сатып алууга макулдук берүү жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө

 

Орловка шаарындагы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

 

1. Орловка шаарынын мэриясына төмөнкү тизме боюнча 7 (жети) бирдик өлчөмүндө Мамлекеттик лизинг компаниясы (МЛК) аркылуу финансылык лизинг шарттары боюнча атайын техникаларды сатып алууга макулдук берилсин:

- Тоо-кен ташуучу автосамосвал (Sinotruk Howo CWD3120A3R4);

- Автосамосвал (Sinotruk Howo ZZ3327S3847E);

- Манипулятор Sinotruk Howo ZZ1257V584GB1

- Кичи жүктөгүч (CDM307);

- Жүк жүктөгүч (Lonking LG855H);

- Экскаватор (Hyundai R60W-9S);

- Таштанды ташуучу унаа (Sinotruk Howo ZZ5193ZYS4714Y)

2. Ижара келишимин ишке ашыруу үчүн Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинде жалпысынан 13 000 000 (он үч миллион) сом өлчөмүндөгү каражат каралсын, анын ичинде:

- Баштапкы төлөм — 3 315 565 сом;

- Бажы жагынан жол-жоболоштуруу — 1 954 744 сом;

- Каттоо жана брокердик чыгымдар — 84 000 сом;

- Жабдууларды камсыздандыруу (1-жыл) — 158 045 сом;

- 2026-жылга ижара төлөмдөрүн төлөө — 6 760 022 сом.

- Башка — 727 624 сом.

3. 2027–2031-жылдар аралыгындагы бюджеттерди жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүүдө Орловка шаарынын мэриясы жылдык ижара төлөмдөрүн төлөө жана атайын техникаларды жылдык камсыздандыруу үчүн (төлөм графигине ылайык) каражаттар артыкчылыктуу түрдө каралсын.

4. Алынган атайын техникалар чарбалык башкарууга муниципалдык ишканаларга төмөнкүдөй өткөрүлүп берилсин:

- "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына бир даана: Hyundai R60W-9S экскаватору.

- "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасына үч даана: Lonking LG855H жүк жүктөгүчү; Sinotruk Howo ZZ3327S3847E автосамосвалы; Sinotruk Howo ZZ1257V584GB1 манипулятор.

- "Орловка муниципалдык турак жай-коммуналдык чарба" муниципалдык ишканасына үч даана: Sinotruk Howo CWD3120A3R4 тоо-кен ташуучу автосамосвал; CDM307 кичи жүктөгүч; Sinotruk Howo ZZ5193ZYS4714Y таштанды ташуучу унаа.

5. Көрсөтүлгөн техникаларды башка максатта колдонууга (үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланышпаган максаттарда пайдалануу) тыюу салынсын.

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

7. Орловка шаардык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

9.Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И. Токтакунов