Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-июну № 95
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 26.10.2022-жылдагы № 65 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз ХVII- сессиясынын күн тартибиндеги Өзгөн райондук прокуратурасынын 30.06.2023-жылдагы № 11-1755-23 сандуу каршылык билдирүүнүн негизинде Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 26.10.2022-жылдагы № 65 сандуу токтомун жокко чыгаруу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат
1.Ийри-Суу айылдык Кеңешинин 26.10.2022-жылдагы № 65 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Кыргызбаев |