ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХVIII- сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 100
Административдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18- октябрындагы Кыргыз Республикасынын административдик - аймактык түзүлүшүн өркүндөтүүнү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө ПЖ № 350 жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда административдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Ийри - Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Өзгөн районунун Ийри-Суу, Чаңгет айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.
2.Бириккен айыл аймагынын аталышы “ Ийри-Суу” деп аталып, борбору Ийри-Суу айыл аймагынын Жийде айылына жайгашуусу жактырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Кыргызбаев |