Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХVIII- сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябры № 101

      Кыргызстан  айылынын тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызын канааттандыруу жөнүндө

 

  Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (VII-чакырылышынын) кезексиз XVIII-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылынын  тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкууулап ,  Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй  токтом кылат.

1.Кыргызстан айылынын тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызынын негизинде А. Исмаилов көчөсүнүн тургуну Ш. Гальжиковдун үйүнө “ Турдукан апа” бакчасын ачууга уруксат берилсин.

2.Жеке турак- жайы бала-бакча багытына өзгөртүлүп берилсин.

3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала-бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү  жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө жана Ийри-Суу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4.Ата-энелерден түшкөн акча каражаты 800 ( сегиз жүз ) сомдон атайын счётко которулсун.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Кыргызбаев