Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-ноябры № 110
Корс-Этти айылындагы мектептин үстүнө салынган үйлөрдүн көчөсүнө Апилов Жээнбайдын атын берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXI- сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Корс-Этти айылындагы мектептин үстүнө салынган үйлөрдүн көчөсүнө Апилов Жээнбай атындагы көчөсү деген ысым коюлсун ( өзү жашаган көчөгө).
2.Ат коюудагы үйлөргө коюлган табличкалардын, үйлөрдүн мамлекеттик актысынын (кызыл китебиндеги) көчөлөрүнүн өзгөрүшүндөгү жана жарандардын паспортторунун базага коюлушундагы жана башка жалпы чыгымдарды Шаимкулова Чынарга төлөө жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Кыргызбаев |