Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХXI- сессиясы

 

2023-жылдын 16-ноябры № 112

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү таштандыны  ташып чыгаруунун  мөөнөтүн жана баасын  бекитип берүү жөнүндө

 

         Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын)  кезектеги  ХXI - сессиясы күн тартибиндеги  таштандыны ташып чыгаруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй  токтом кылат.

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүндө таштандыны  ташып чыгаруу мөөнөтү 2023-жылдын 31- августуна чейин,  баасы 100  ( жүз) сом болуп бекитилсин. 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Кыргызбаев