Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги II-сессиясы
2025-жылдын 14-январы № 7
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин типтүү жоболорун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 12.12.2022-№ 279; 06.12.2024-№ 01-25/328; 06.12.2024-№01-25/329; 30.09.2024-№ 01-25/267; 17.12.2024-№ 01-25/342 – буйруктарына ылайык Типтүү Жоболор, усулдук колдонмолорду бекитүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги II-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын Типтүү этика кодекси бекитилсин.
3. Айылдык кенештин, туруктуу комиссияларынын Типтүү иш планы жана Усулдук колдонмосу бекитилсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаатынын алдында отчет берүүсүнүн типтүү регламенти бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Абдрай уулу Н. |
|
| Чолпонбай айылдык кеңешинин ________ 2025ж №___ токтому менен бекитилген |
Чолпонбай айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
Биз, Чолпонбай айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзүбүздүн аймагыбыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
VI. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
VIII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1.Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
демилгечи топ – ушул Уставга ылайык айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;
(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамааттын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;
каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.
салт - жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.
эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1.Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2.Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
- Чолпонбай айылы;
- Көк-Дөбө айылы;
- Жийде айылы;
- Жоон-Дөбө.
4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.
4.4.Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот:
- коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары;
- чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;
- жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги;
- жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;
- коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик;
- аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү;
- жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;
- маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);
- өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;
- жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);
- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);
- жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).
4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.
4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укуктуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.
5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- ал каза болгондо;
- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- ал айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
- жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого
- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;
- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;
- айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
- муниципалдык менчиктин мүлкүнүн объектилеринин реестринин мазмуну менен таанышууга;
- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
- жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамаатташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:
- жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;
- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
- айылдын айланасындагы жаңы турак-жай конуштарынын кеңештери, үй, көчө, кварталдык комитеттер түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
- мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
- адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;
- ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
7. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери
7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
- жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
- жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы объектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;
- жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
- жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
- жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.
- өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого; - курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
- турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
- мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.
Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:
- ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;
- эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;
- жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;
- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтикке, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;
- ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын сүйүүгө, патриоттуулукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;
- ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- айыл аймагынын коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;
- маркумду акыркы сапарга узатууда жосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүго, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;
- кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;
- ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;
- айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;
- уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;
- айыл аймагындагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;
- ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
- Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөтү) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.
8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
9.1.Чолпонбай айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.
9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.
9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.
9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.
9.5. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
10. Жергиликтүү маанидеги маселелер
10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.
10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.
10.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
11. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби
11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш.
11.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:
көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;
жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;
үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;
маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.
11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.
12. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор
12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары - СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
12.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.
12.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана /же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.
12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.
12.5.Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
- тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;
- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.
12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.
12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
12.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
13. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, демөөрчүлөрдүн жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- этностор аралык конфликттерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
13.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.
13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
13.5.Айыл өкмөтү ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.
14. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.
14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары айылдарда кварталдык, көчө жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.
14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет. 14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
14.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
14.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет.
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
15. Жергиликтүү жамааттын курултайы
15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны - жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат. Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.
15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.
15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
- жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
- өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);
- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.
15.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
16. Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши
16.1. Калыптанып калган практикага ылайык айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.
16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, кварталдардан жана көчө комитеттеринен бир жылга шайланган бирден өкүл, айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) түзүлөт.
16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.
16.4. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.
16.5. Кичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барат.
16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен уотсап-топторун түзөт.
16.7. Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар боюнча иш бөлүштүрүп алышат.
16.8. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, кварталдардын жана көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.
16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.
16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын өнүктүрүүгө тартат.
17. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)
17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн/бир кварталдын/айыл аймагынын бөлүгүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.
17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:
- жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
- айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
- айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;
- айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;
- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
- айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;
- жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
- айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17.3. Жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.
17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
18. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн. Демилгечи топ айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.
18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
- иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, айылдык аймактын);
- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
- демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).
18.4. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын ___ пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын ___ пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
18.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.
19. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси
19.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында - айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.
19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет. Эскертүү: Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.
19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.
19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
- токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
- маалымкат-негиздеме;
- жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
19.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
20. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
20.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.
20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
- ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;
- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкуулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);
- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясынын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).
V. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
21. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери
21.1. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айыл-кыштактардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү башкаруу коомун түзүү максаттарын көздөйт.
21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.
21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы. Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.
22. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери
22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн (үй, көчө, квартал) жогоруга (конуш, айыл, айыл аймагы, ) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткирүү ишке ашырылат.
22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган көчөгө, кварталга чогултулуп, ал жерде айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын көйгөйлөрү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.
22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбөй катышуусу абзел.
22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт.
22.5. Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт.
23. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери
23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.
23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоо тиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат:
- эскертүү;
- коомдук уяткаруу;
- айып пул төлөө.
23.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.
24. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери
24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттууларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.
24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп турууга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Айыл аймагындагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.
24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү.
24.4.Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.
24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү берилет же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.
24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.
24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.
25. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери
25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.
25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, көлмөлөр, пляждар, сугат арыктары кирет.
25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.
25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.
25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.
25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.
25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.
26. Калктуу конуштарда жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери
26.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.
26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.
26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.
26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мурабдын кызматы киргизилет.
26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып бүткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет.
26.7. Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.
27. Калктуу конуштарда жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери
27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
27.2. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.
27.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары - айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.
27.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.
27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
27.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;
27.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;
27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.
27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.
27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.
28. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери
28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.
28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.
28.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.
28.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү иш-чаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, уотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.
28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.
28.6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоп-түздөө, ден соолукту жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.
29. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери
29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.
29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.
29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.
29.4. Айылдык кеңеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.
29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү – жай, абал тынч кезде жумасына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.
29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.
30. Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салт-адатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери
30.1.1. Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.
30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
30.1.3. Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыңгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары - ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
30.2. Жергиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүм-турум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш - карыз, алик алыш - парыз», «жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү ишке ашырылат.
30.3. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби - орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрунүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлот, аны ишке ашырууга жетишилет.
30.4. Калктуу пункттарда саат 23.00дөн 07.00гө чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:
- турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда;
- чектеш аймактарда, турак жай имараттарынын топторунда;
- билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык,жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.
30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге – чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдык-этикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.
30.6. Айыл аймагынын жамааты достук этикасын – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.
30.7. Айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү» өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий жеңишке жетишкендер жана башка белгилүү инсандар, айыл аймагынын жетишкендиктери, айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.
30.8. Айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.
30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.
31. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери
31.1. Айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү, тартуу берүү сыяктуу үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).
31.2. Үй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамааттардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
32. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери
32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.
32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамааттардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.
33. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери
33.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.
33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт.
33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.
33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көчөнүн, эки айылдын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.
33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат. Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.
34. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери
34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.
34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.
34.3. Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.
34.4. Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп баа берилет.
VI. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
35. Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
35.1. Коңшулаш ынтымакта жашоо, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.
35.2. Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.
36. Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери
36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.
36.2. Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн - айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.
36.3. Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөө-изилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.
36.4. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.
37. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби
37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.
37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзүү үчүн айыл аймагынын бөлүктөрү боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.
37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
38. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу
38.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат. Жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын көчөлөрүнүн жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.
38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.
38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.
38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
38.5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.
38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» түзгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.
VIII. Корутунду жоболор
39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү;
- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
- “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;
- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
40. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
41. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби
41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кеңештин төрагасы;
- айыл өкмөтүнүн башчысы;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар). (Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).
41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
41.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
41.6. Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
41.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.
41.8. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.
|
| Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын ___ декабрындагы №________________ буйругуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ТИПТҮҮ ЭТИКА КОДЕКСИ
Бул Кодекс Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сөзсүз түрдө аткарылуучу моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемчиликсиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймактын (мындан ары – аймак), шаардын калкынын өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө аймактын, шаардын калкынын кызыкчылыктары, анын социалдыкэкономикалык жана маданий жактан өнүгүү максаттарын жетекчиликке алууга тийиш.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттардын Уставына, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадыр-баркын сыйлашы керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тийешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутууүркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз-ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчилик негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алуу, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо жолу менен чечүүнү издөөсү керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрыла алат. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоготпогондук кайрылууларга жол берилбейт. Сессиянын жана комиссиялардын отуруму өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде (дресс код) кийинүүсү керек.
2.5. Депутаттар чыгып сүйлөөр алдында өзүнүн айта турган сөздөрүн даярдап анан сүйлөшү керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөшү керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши учурунда уюлдук телефондорду пайдаланбоо сунуш кылынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын коргоодо башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүнө сый жана чыдамдуулук менен мамиле кылуусу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдиктин сакталуусуна жана тынчтыкка салым кошот.
2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин комиссияларынын бардык отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюусу керек.
Жүйөлүү себептерге - депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартыш керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентине, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төрагалык кылган депутаттын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш-чараларына катышпай коюуга болбойт.
2.9.1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый-урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат өзүнүн сөзүндө орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы төлөөлөрдү албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрмөлөөгө укуксуз.
III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар аймагындагы, шаардагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле урмат сый, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлуулукту жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарына ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгууга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүү керектигинде расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча аны жарыялабоо боюнча талаптарды атайылап же байкабастан бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
Депутаттардын чет өлкөлүк мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
Депутаттар чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ
5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, массалык маалымат каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек.
5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан аракеттер жасалган болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин моюнуна алуу менен алардан кечирим суроосу милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүк боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт.
VI. ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Депутаттардын депутаттын этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) жүргүзөт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан аныкталат жана депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2. Депутаттык этиканын Эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга аймактын, шаардын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузуу кыймыл аракети боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген протест көрсөтүүгө жана оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт..
6.7. Комиссия депутаттын этикасынын Эрежелерин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикасынын Эрежелерин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этика Кодексин бузуу фактысы боюнча маселе депутаттык этиканын Эрежелери боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелерди бузуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этика Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
депутаттын этика Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
депутаттын этика Кодексин бузгандыгы фактысы боюнча массалык маалымат каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына маалымдайт.
6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этика Кодексин бузган депутатка чара көрүү маслеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарылат.
Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси бузулгандыгын одоно түрдө экендигин жергиликтүү кеңеш аныктайт.
|
| Тиркеме
Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын ___ декабрындагы № _____________________ буйругуна тиркеме |
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЖАНА ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН
ИШ ПЛАНДАРЫН ДАЯРДОО БОЮНЧА
УСУЛДУК КОЛДОНМО
1-бөлүм. Жалпы жоболор
2-бөлүм. Иш пландарын бекитүүнүн жана жарыялоонун тартиби
3-бөлүм. Иш пландарын даярдоонун тартиби
4-бөлүм. Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарынын түзүмү
5-бөлүм. Иш пландарын даярдоодо мыйзамдардын талаптарын сактоо
6-бөлүм. Иш пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1.1. Бул усулдук колдонмо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген Айылдык кеңештин Типтүү регламентине ылайык иштелип чыккан жана айылдык кеңештин, анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруунун тартибин аныктайт.
1.2. Усулдук колдонмодо айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын өз карамагына кирген маселелерди кароодо, ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын өз убагында, сапаттуу аткаруу боюнча ишмердигин эффективдүү пландаштыруу боюнча жалпы сунуштамалар каралган.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштары, ошондой эле шайлоочулар менен иштөө айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылган айылдык кеңештин сессияларынан тышкары, кезексиз сессиялар да өткөрүлүшү мүмкүн.
1.5. Айылдык кеңештин сессиясында тийиштүү туруктуу комиссиялар тарабынан алардын иш пландарына ылайык алдын-ала изилденген жана таанышып чыккан маселелер каралат, ошондой эле каралган маселе боюнча комиссиянын корутундусу жана айылдык кеңештин чечиминин долбоору (тескеменин долбоору, АК токтому) да каралат.
2-бөлүм. Иш пландарын бекитүүнүн жана жарыялоонун тартиби
2.1. Функцияларын жана ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткаруу үчүн айылдык кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары тиешелүү жылга иш пландарын даярдашат. Айылдык кеңештин иш планынын долбоору айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.
2.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иш пландары айылдык кеңештин иш планынын негизинде даярдалат жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилет, же болбосо айылдык кеңештин чечими менен айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан бекитилет.
2.3. Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын белгиленген тартипте бекитилген иш пландары, туруктуу комиссияларына жана айылдык кеңешке иш пландарына кирбеген башка маанилүү (чукул) маселелерди берүү, мурда бекитилген иш пландарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
2.4. Иш пландары бекитилгенден кийин маалыматтык такталарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында, же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка ыкмалар менен жарыяланууга тийиш.
2.5. Жарандардын иш пландарына жеткиликтүүлүгү ачык болушу керек, алар бекитилген жылдын аягына чейин жарыялоо булактарында жайгаштырылат.
3-бөлүм. Иш пландарын даярдоонун тартиби
3.1. Айылдык кеңештин иш планын даярдоо айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана айылдык кеңештин (айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын же анын орун басарынын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
Зарыл болгон учурда иш планын даярдоо процессине муниципалдык кызматчылар, көз карандысыз эксперттер, айыл аймагынын чегинде жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар тартылышы мүмкүн.
3.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иш пландары айылдык кеңештин иш планы бекитилгенден кийин даярдалат. Аны даярдоого туруктуу комиссиянын ар бир төрагасы, туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана айылдык кеңештин (айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы катышат.
Зарыл болгон учурда иш планын даярдоо процессине айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, айыл өкмөт башчынын орун басары, муниципалдык кызматчылар, көз карандысыз эксперттер, айыл аймагынын чегинде жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар тартылышы мүмкүн.
3.3. Иш пландарын даярдоодо төмөнкүлөр эсепке алынат:
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелер;
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары;
жергиликтүү кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктары;
жергиликтүү жамааттын өнүгүү программалары жана пландары (СЭӨП, БАП);
тармактык мамлекеттик программалар (ЖӨБ органдарынын компетенциясына байланыштуу бөлүгүндө);
жамааттын муктаждыктарын, учурдагы кырдаалды, айыл аймагындагы мезгилдүү иштерди, коомдук мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарын изилдөөнүн
жүрүшүндө аныкталган жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери;
иш пландарына кошулган, бирок өткөн жылы каралбай калган маселелер.
3.4. Айылдык кеңештин иш планын даярдоого катышкан адамдар ушул бөлүмдүн 3-пунктчасынын талаптарын эске алуу менен анализ жүргүзүшөт жана айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин административдик, материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, айылдык кеңештин жылдык иш планына киргизүү үчүн зарыл болгон маселелердин тизмесин аныкташат.
3.5. Иш планына киргизилген маселелердин тизмеси жыл ичинде туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында жана айылдык кеңештин сессияларында каралууга тийиш.
3.6. Иш пландарындагы маселелердин артыкчылыгын аныктоодо мүнөзү боюнча мезгилдүүлүккө, аба ырайына жана башка шарттарга көз каранды экендиги эске алынат (мисалы, жазгы талаа иштери, бюджеттик календарь, ишембиликтер, күз-кыш мезгилдерине даярдануу, жайыт маселелери, туристтик мезгилдер, күзгү талаа иштери, жылытуу мезгилине даярдык, окуу процессине даярдык ж.б.).
3.7. Иш планын түзүүдө жана аларды кароонун мөөнөттөрүн аныктоодо мыйзамдарга ылайык коомдук угуулар өткөрүлө турган маселелер да эске алынат:
1) жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы;
2) муниципалдык менчикти башкаруу (менчиктештирүү, сатуу, ижарага берүү, жергиликтүү жамааттын жашоосун камсыз кылуу менен байланышкан муниципалдык менчиктеги айрым объектилер ж.б.);
3) ичүүчү жана сугат суу, канализация, жылуулук менен жабдуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу ж.б. боюнча тарифтерди бекитүү; 4) калктуу конуштун башкы планын бекитүү ж.б.
3.8. Айылдык кеңештин сессияларынын саны айылдык кеңештин иш планына кошулган маселелердин көлөмүнүн негизинде белгиленет (ай сайын, бир жарым айда бир жолу, эки айда бир жолу, кварталда бир жолу).
3.9. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштарынын саны туруктуу комиссиянын кароосуна коюлган маселелердин көлөмүнө, ошондой эле ушул маселелерди айылдык кеңештин сессиясында кароонун мөөнөттөрүнө жараша аныкталат. Алар айылдык кеңештин иш планында белгиленет.
4-бөлүм. Айылдык кеңештин жана
туруктуу комиссияларынын иш пландарынын түзүмү
4.1. Айылдык кеңештин жылдык иш планынын түзүмүндө графалар, тилкелер болушу керек, аларда төмөнкүлөрдү көрсөтүү сунушталат:
1) айылдык кеңештин сессиясында карала турган маселенин аталышы;
2) айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү күнү (Айылдык кеңеш ченемдик укуктук актыны (токтомду) кабыл алган учурда маселе коомдук талкуунун 30 күндүк мөөнөтү аяктагандан кийин айылдык кеңеш тарабынан каралат);
3) маселени кароонун тартиби жөнүндө кыскача маалымат;
4) жооптуу адам, ушул маселенин аткаруучусу (жооптуу адам, мекеменин, уюмдун жетекчиси);
5) бул маселени изилдөөгө жана кароого жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы;
6) жарандардын катышуу формалары (жарандардын ЖӨБгө катышуусун камсыз кылуу: АК сессиялары, АК туруктуу комиссияларынын жыйналыштары, коомдук угуулар, жергиликтүү жамааттын курултайлары, чогулуштар, жолугушуулар, МжБ жыйынтыктары ж.б.).
7) маселени кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими (тескеме, токтом). (Айылдык кеңешинин Типтүү иш планынын үлгүсү тиркелет).
4.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планынын түзүмүн таанышып чыгууга багытталган иш-чараларды баяндап берүү жана алар боюнча чечим кабыл алууга багытталган иш-чараларды баяндап берүү сунушталат.
4.3. Туруктуу комиссиянын иш планынын графаларга жана мамычаларга бөлүп чыгуу сунушталат, анда төмөнкүлөрдү көрсөтүү сунушталат:
1) туруктуу комиссиянын заседаниесинде карала турган маселенин аталышы;
2) туруктуу комиссиянын маселени изилдоо боюнча сарпталуучу күндөрүнүн датасы жана ТКнын жыйналышынын датасы (бул учурда маселени изилдоого сарпталуучу кундорду аныктоо керек, андан сон изилдоонун жыйынтыг боюнча ТКнын жыйынын өткөрүү күнүн аныктоо керек)
3). бул маселе менен таанышып чыгуу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын болжолдуу тизмеси жана ТКнын жыйынындагы иш-аракеттер;
4) ушул маселенин аткаруучусу, жооптуу адам (АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, жооптуу кызмат адамы, мекеменин, уюмдун, ишкананын жетекчиси ж.б.);
5) ушул маселени караган комиссиянын жыйналышына материалдарды (корутунду, тескемелердин, токтомдордун долбоорлорун) даярдоо жана алар менен таанышып чыгуу үчүн жооптуу туруктуу комиссиянын мүчөсү (мүчөлөрү);
6) жарандардын катышуусунун формалары (АК ЖКнын жыйналыштары, коомдук угуулар, жергиликтүү жамааттын курултайлары, чогулуштар, чогулуштар, ЖЖБнын жыйынтыктары ж.б.);
7) маселени кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим (корутундунун долбоору, тескеменин долбоору, токтомдун долбоору жана тиркемелер).
4.4. Сунушталган маселени изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоорун даярдоо зарыл болгон учурда, туруктуу комиссия токтомдун долбоорун жана ага тиркелген документтерди иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттө расмий жарыялоо булактарына жарыялоо үчүн жооптуу катчыга, өткөрүп берет.
4.5. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагында болгон маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча же айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргелешип даярдалып, каралышы мүмкүн (мисалы, социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын бекитүү маселеси, АӨ башчысынын отчету, жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү маселелери, айылдык кеңештин регламенти, ж.б.).
4.6. Туруктуу комиссиялардын иш пландарында мындай маселелерди биргелешип изилдөө ошол эле мөөнөттө көрсөтүлүп, аларды туруктуу комиссиялардын кошмо жыйналыштарында кароонун мөөнөтү көрсөтүлөт.
4.7. Кошмо жыйналыш ар бир комиссиядан мүчөлөрдүн жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү болот. Комиссиялардын кошмо жыйналыштарын ушул комиссиялардын төрагалары өз ара макулдашуу боюнча өткөрүшөт.
4.8. Кошмо жыйналышта каралган маселелер боюнча чечимдер туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ага ушул комиссиялардын төрагалары кол коет. (Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын Типтүү иш планынын үлгүсү тиркелет).
5-бөлүм. Иш пландарын даярдоодо мыйзамдардын талаптарын сактоо
5.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтомдор жана тескемелер түрүндө чыгарылат, аларга айылдык кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда – айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
5.2. Жергиликтүү кеңештин токтому – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.
5.3. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына же башка ар кандай расмий жарыялоонун булактарына (жергиликтүү гезиттерге, маморгандардын сайттарында) жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.
5.4. Айылдык кеңештин токтом долбоорлорун коомдук талкуулоо мөөнөтү бир айдан кем болбошу керек.
Коомдук талкуулоо мөөнөтүн эсептөө токтом долбоору расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн баштап эсептелет.
5.5. Айылдык кеңештин чечими менен токтомдун долбоору айылдык кеңеш аныктаган эл көрө алган атайын жерлерде (такталарда, стенддерде) жайгаштырылса болот.
5.6. Коомдук талкуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин туруктуу комиссия токтомдун долбоорун айылдык кеңештин кароосуна киргизет. Жарандардан пикирлер жана сунуштар келип түшсө, туруктуу комиссия токтомдун долбоору түшкөн сунуштарды кароонун жыйынтыктарын эске алуу менен айылдык кеңештин кароосуна берет.
5.7. Жергиликтүү кеңештин тескемеси – ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан коллегиалдуу түрдө кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруутескөө мүнөзүндөгү акт. Айылдык кеңештин тескемеси менен кабыл алынган маселелер коомдук талкууга жатпайт.
6-бөлүм. Иш пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы же анын орун басары айылдык кеңештин, ошондой эле анын туруктуу комиссияларынын бекитилген иш пландарын өз убагында аткаруу боюнча ишине контролду жана координацияны жүзөгө ашырат.
6.2. Контролду жүзөгө ашыруунун алкагында айылдык кеңештин төрагасы же анын орун басары:
- иш пландарын өз убагында аткаруу боюнча, белгиленген маселелер боюнча тийиштүү корутундуларды жана чечимдерди (тескемелерди, токтомдорду) айылдык кеңештин кароосуна иш планында белгиленген тартипте жана мөөнөттө киргизүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын, айылдык кеңештин (айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысынын ишин координациялайт;
- мезгил-мезгили менен (ай сайын, квартал сайын, жылына эки жолудан кем эмес) туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кеңештин (айыл өкмөттүн) жооптуу катчысы менен иш пландарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угат жана талкуулайт;
- иш пландарынын ишке ашырылышына мониторингди жүзөгө ашырат жана иш пландарын ишке ашыруу маселесине тиешелүү сунуштарды айылдык кеңештин, ошондой эле туруктуу комиссиялардын кароосуна киргизет.
- жарандардын бекитилген пландарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көзөмөл жүргүзөт;
- иш пландарын өз убагында жана сапаттуу аткарууга багытталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин _________ Буйругуна тиркеме |
__________________________________ айылдык аймагынын, шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн
Типтүү Регламенти
1. Жалпы жоболор
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын алдында отчетторун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
Бул Типтүү регламент (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун камтыйт жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. _____________айылдык аймагынын/шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчет берүүсүнүн Типтүү Регламенти – бул жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилчү акт, ал жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнүн тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчет берүүсүнүн тартибин регламенттештирет.
1.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, жергиликтүү жамаатты талкуу процессине тартуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө тургундарды маалымдоо ушул Типтүү Регламенттин максаты болуп саналат.
1.3. Типтүү Регламент Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана жергиликтүү жамааттарынын конституциялык укуктарын коргоо принциптерине негизделип, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жөнүндө ишенимдүү жана толук маалыматты өз убагында алуу укугун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу укугун камсыз кылат.
1.4. ___________ айылдык аймагынын/шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, ал эми жергиликтүү жамааттын алдында — өз ишинин жыйынтыктары үчүн жооптуу болушат.
1.5. _____________айылдык аймагынын/шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
1.6. Жергиликтүү жамааттар коомдук жана мамлекеттик турмуштун маселелерин, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында) жана курултайларында талкуулоо формасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышат.
1.7. _______________ жергиликтүү кеңешинин депутаты өз округунун шайлоочуларынын алдында жооптуу жана аларга отчет берет.
1.8. _______________ жергиликтүү кеңешинин депутаты маал-маалы менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес жолу өз иши жөнүндө шайлоочулардын жана жарандардын жамааттарынын алдында отчет берип турууга милдеттүү.
1.9. Шаардын мэри/айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык/айылдык кеңешке бекитүүгө берет, жергиликтүү маанидеги маселелердин жана бюджеттин аткарылышы, ошондой эле муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
2-глава. Жергиликтүү кеңештин депутатынын шайлоочулардын алдында отчетун уюштуруунун жана берүүнүн тартиби
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын отчетун уюштуруунун тартиби
2.1. _________________жергиликтүү кеңешинин депутаты шайлоочулар, аны депутаттыкка талапкер кылып көрсөткөн жарандардын жамааттары жана бирикмелери, ошондой эле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелери менен байланышта болот.
2.2. Шайлоочулар өз депутаттарына сунуш-талап бере алышат.
2.3. Жергиликтүү кеңештин депутаты ага келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, аларды туура жана өз убагында чечүү үчүн чараларды көрөт жана жарандарды кабыл алат.
2.4. Жамааттын, жарандардын бирикмесинин же саясий партиянын талабы боюнча депутат каалаган убакытта отчет бере алат.
2.5. Жергиликтүү кеңештердин депутатынын отчетун өткөрүүгө даярдыктын жүрүшүндө мэрия/айыл өкмөтү:
- санитардык жана гигиеналык талаптарды эске алуу менен чогулуштар үчүн бөлмө-жайларды аныктайт жана отчеттук жолугушууларды өткөрүүгө чейин 5 күндөн кечиктирбестен айылдык аймактын, шаардын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) тургундарына талкуулануучу маселе жөнүндө, иш-чара өтчү жери, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлап, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта билдирүүлөрүн, үймө-үй кыдырууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдаланат;
- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) тургундарынын жана катышууга каалоосун билдирген бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын иш-чараларга эркин кирүүсүн камсыз кылат;
- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан чогулушка чыгарылуучу маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жазуу жүзүндө суратат (маалымат, материалдар жана документтер суроо-талапты алган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен уюштуруучуга берилет);
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик иштерди аткаруу үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- иш-чара өткөрүлгөнгө чейин 2 күндөн кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөй тургандардын тизмесин түзөт (баяндамачылардын тизмесине киргизилген адамдарга бул жөнүндө алдын ала кабар берилет);
- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди тариздөөнү камсыз кылат;
- иш-чараларды даярдоодо жана уюштурууда чогулушту өткөрүүнүн демилгечилери менен эриш-аркак иштешет.
2.11. Жергиликтүү кеңештин депутатынын отчеттук жолугушууларына төмөнкүлөр катышат:
- шайлоочулар жана жарандардын жамааттары;
- жергиликтүү кеңештин төрагасы, жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жана башка тиешелүү кызматкерлер, коомдук уюмдар жана бирикмелер;
- коомчулуктун, саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо, билим берүү жана илим органдарынын, айыл жана турак жай-коммуналдык чарбанын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрү;
- жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары – ЖМК).
3. Отчеттук жолугушууларды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Отчет өтчү күнү белгиленген убакытта жана белгиленген жерде угуулардын катышуучуларын каттоо жүргүзүлөт (угууларга 15-30 мүнөт калганда).
3.2. Отчеттук жолугушууну жүргүзүү үчүн төрага жана катчы шайланат. Катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартиби бекитилет.
3.3. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана иш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибине көз салат.
3.4. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача кириш сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкууланып жаткан маселенин маңызы, анын мааниси жана иш-чараны өткөрүүнүн тартиби жөнүндө (иш-чаранын Регламенти жөнүндө) маалымдайт.
3.5. Депутаттын өзүнүн иши жана жергиликтүү кеңештин иши жөнүндө отчету угулат. Отчетто төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- шайлоочулардын сунуш-талаптары;
- жарандардын сунуштары, арыздары жана даттануулары боюнча кабыл алынган чаралар;
- тиешелүү мезгил үчүн жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдер;
- жергиликтүү кеңештердин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иши;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши.
3.6. Отчет берүүнүн жүрүшү катчы түзгөн протоколдо белгиленет, анда иш-чараны өткөрүүнүн күнү жана орду, катышкан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзүнүн мазмуну, баяндамачылар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроолорду бергендердин маалыматтары, кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет. Протокол эркин формада түзүлөт.
3.7. Отчеттук материалдарды каттоону, эсепке алууну жана сактоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жүзөгө ашырышат.
3.8. Иш-чаранын протоколу, жолугушууда кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү кеңешке берилет.
3.9. Жергиликтүү кеңеш бир айлык мөөнөттө чечимдерди жана сунуштарды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен калкка (иш-чаралардын катышуучуларына) кабар берүүгө милдеттүү.
3-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын алдында отчет берүүсүн уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
4. Отчеттун максаттары жана милдеттери
4.1. ____________ мэриясынын/айыл өкмөтүнүн отчеттуулугу төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) жергиликтүү жамааттын алдында ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти жана отчеттуулукту андан ары жогорулатуу;
2) ачыктык жана айкындуулук принцибин камсыз кылуу;
3) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишеним деңгээлин жогорулатуу.
4.2. Отчетторду берүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишинин абалы жөнүндө жарандарды маалымдоо;
2) коомдук көзөмөл системасын өнүктүрүү.
4.3.___________ мэриясы/айыл өкмөтү өз ишинде жергиликтүү кеңешке отчет берет.
4.4. Шаардын мэри/айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн иши жөнүндө, жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышынын жүрүшү, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө жылына жарым жылда бир жолу жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет.
5. Отчеттордун мазмуну жана даярдоо жол-жобосу, отчетторду берүүнүн тартиби
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет (маалымат) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
· отчеттук мезгилдеги негизги жетишкендиктерди;
· финансылык көрсөткүчтөрдү, анын ичинде кирешелерди жана чыгашаларды;
· социалдык программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты;
· иш процессинде келип чыккан көйгөйлөр жана чакырыктар жөнүндө маалыматты;
· келечекке пландарды, анын ичинде стратегиялык максаттар жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар жөнүндө маалыматтарды.
2. Бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчикти пайдалануу жөнүндө отчет (маалымат) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- бюджет жөнүндө жалпы маалыматтарды;
- киреше булактары (салыктар, жыйымдар, гранттар ж.б.) жөнүндө маалыматты;
- чыгымдардын негизги беренелери (социалдык, инфраструктуралык ж.б.) жөнүндө маалыматты;
- муниципалдык мүлктү баалоонун жана башкаруунун (өткөрүп берүү, ижарага берүү, сатуу) жыйынтыктары жөнүндө маалыматты;
- жетишкендиктер жана жыйынтыктар жөнүндө маалыматты;
- бюджеттик процессте аныкталган көйгөйлөр жана тобокелдиктер;
- сунуштамалар жана пландар жөнүндө маалыматты.
5.3. Калкты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчет (маалымат) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин чагылдырган, анын ичинде төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун;
- алдыдагы мезгилге бюджеттин долбоорун, ал бюджеттин ресурстары боюнча алардын түрлөрү жана булактары боюнча ирилештирилген көрсөткүчтөрдү; бюджеттин чыгашаларын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик программалары боюнча маалыматты; бюджеттин теңдештирилгенин; муниципалдык карызды, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына түшүндүрмө катты; ыктымалдуу бюджеттик тобокелдиктерди жана жагдайларды баалоону камтыйт.
5.4. Отчетторду ____________ мэриясынын/айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкери (кызматкерлери) даярдайт. Отчетторду даярдоо процессине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык мекемелеринин жана ишканаларынын башка кызматкерлери да тартылса болот.
5.5. Отчеттор үчүн маалыматтар жеткиликтүү документтердин жана статистикалык маалыматтардын негизинде чогултулат.
6. Отчетту аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1. Отчеттун жыйынтыгы боюнча бюджеттин, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, калкты социалдык коргоонун программаларынын жана анын компетенциясына кирген башка маселелердин аткарылбагандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизет.
6.2. Шаардын мэри/айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
7.1. Жергиликтүү кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телевидение жана радио, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен камсыз кылынат.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпыга жеткиликтүү формада төмөнкү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү:
1) функциялары, милдеттери, ыйгарым укуктары жана милдеттери жөнүндө;
2) бюджеттик каражаттар жөнүндө, атап айтканда:
а) жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору жөнүндө;
б) бекитилген жергиликтүү бюджеттер жөнүндө;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын учурдагы иши жөнүндө:
а) аймактарды өнүктүрүү программалары жана аларды ишке ашыруу жөнүндө отчеттор;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
а) муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибин аныктоочу мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар;
в) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторингдин жыйынтыктары;
г) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарына даттануунун тартиби;
5) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө;
11) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына муниципалдык кызматка кирүүсү жөнүндө:
а) жарандардын муниципалдык кызматка кирүү тартиби;
б) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарынын тизмеси;
в) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар;
г) муниципалдык кызматтын бош муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстардын шарттары жана жыйынтыктары;
д) конкурска катышкан талапкерлер жыйынтыктарга макул болбогон учурда конкурстук комиссиянын чечимине даттануунун тартиби;
12) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордун башка субъекттери, анын ичинде эл аралык уюмдар менен эриш-аркак иштешүүсү жөнүндө;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын жана уюмдардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн телефон номерлери жана даректик реквизиттери, анын ичинде почта дареги, электрондук почтасынын дареги, бул бөлүмдөрдүн иштөө тартиби жөнүндө;
|
| Тиркеме МКЖӨБМАнын 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилди |
Аксакалдар сотторунун
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.
5. Аксакалдар сотторуна Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу; жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.
6. Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
7. Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча аныктама кабыл алышат.
Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коёт.
8. Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.
2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо
9. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.
10. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.
11. Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.
Корутундуда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.
12. Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим ( аныктама) кабыл алынат:
- иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө;
Ишти (материалдарды) кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт;
- иш (материал) аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда кайтарып берилет;
- ишти кароого алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилет;
- кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.
13. Аксакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат.
Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.
Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин көрсөтүү менен жооп, мөөнөтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.
14. Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.
Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берилбейт.
3. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби
15. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) өздөрүнүн жыйналышында карайт. Аксакалдар сотунун жыйналышы зарылчылыгына, материалдардын келип түшүшүнө жана кароого даяр болушуна жараша өткөрүлөт.
16. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт.
Аксакалдар соту тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, 18 жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча териштирүүнү жабык жыйналышта жүргүзөт.
17. Мыйзамдын 10-беренесинде аныкталгандай, аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.
Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат. Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.
18. Аксакалдар соту иштерди анын мүчөлөрүнүн курамынын көпчүлүгү болгондо кароого укуктуу.
19. Аксакалдар сотунун катчысы жыйын башталганга чейин паспортун же өздүгүн тастыктоочу башка документин текшерүү менен жыйналышка катышуучу жактардын, чакырылган күбөлөрдүн ж.б. катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
20. Аксакалдар сотунун төрагасы/төрагалык кылуучу жыйналышты ачат, соттун курамын тааныштырат, карала турган ишти (материалды) жарыялайт.
21. Жыйын ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келгендигин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык, турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.
22. Аксакалдар соту жыйынына катышып жаткан адамдардан кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрүн ордунда отуруп кеңешүү менен чечет. Чечим катышуучуларга жарыяланат.
23. Аксакалдар сотунун жыйынына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
Жыйынга катышып жаткан адамдардын аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү жана аксакалдар сотторунун өзүн-өзү четтетүү боюнча кайрылуусу өзүнчө бөлмөдө, ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чечилет жана жыйналыштын катышуучуларына билдирилет.
Аксакалдар соту кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү ордунда отуруп кеңешүү менен чечет жана ошол замат жарыялайт.
24. Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.
25. Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.
26. Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.
27. Аксакалдар соту иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.
28. Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт.
4. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу
29. Аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып, ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат. Чечим жыйында изилденген далилдерге гана негизделиш керек.
30. Аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт, ошол эле жыйында аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.
Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.
Аксакалдар соту ишке кароого катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөлөнгөн чечим (жазуу жүзүндө) менен качан тааныша ала турганынын дагы жарыялоого милдеттүү.
31. Аксакалдар сотунун чечими Мыйзамдын 32-беренесине ылайык таризделет.
Чечим жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.
32. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ал даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
33. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
34. Мыйзамдын 34-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
1) коомдук эскертүү берүү;
2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
3) коомдук сөгүш жарыялоо;
4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;
5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.
Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
5. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби
35. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар соту чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат (кат жиберүү, чакырып сүйлөшүү ж.б. бардык аракеттери протоколдоштурулат.).
36. Жоопкер аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.
37. Аксакалдар сотунун чечими пайдасына чыгарылган тараптын райондук же шаардык сотко аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жазылган арызы төмөнкү документтерди тиркөө менен, арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жиберилет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбагандыгын ырастаган документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;
4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
38. Аксакалдар соттору өз ыйгарым укуктарынын чегинде райондук (шаардык) сотторго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алат.
39. Аксакалдар соттору Мыйзамдын 6-беренесинде аларга таандык болгон функцияларды жүзөгө ашырууда ички иштер органдары, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташат.
7. Аксакалдар сотторунун ишин каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
40. Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
41. Мыйзамдын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн аларга зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган өзүнчө жайды (бөлмөлөрдү) бөлүп берет.
42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.
а) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
б) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
8. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу жана
документтерди сактоо тартиби
43. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.
44. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.
45. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө маалыматты тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.
46. Аксакалдар сотторуда документтерди сактоо Мыйзамдын 41-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.