Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 24-декабры № 345
Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча барактын формасын жана эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 8-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- эмгек китепчелеринин формасы жана эмгек китепчелерине кошумча барактын формасы 1-тиркемеге ылайык;
- эмгек китепчелерин жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2.Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
1) үч айлык мөөнөттө:
- эмгек китепчесинин жана ага тиркеменин үлгүлөрүн даярдасын, ошондой эле алардын бланктарын даярдоого техникалык талаптарды бекитсин;
- жумуш берүүчүлөрдү эмгек китепчесинин жана ага кошумча барактарынын бланктары менен камсыз кылуу тартибин бекитсин;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланга тийиш жана кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү министрдин биринчи орун басары К.С.Досматовго жүктөлсүн.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 345 буйругуна 1-тиркеме |
Эмгек китепчесинин формасы
Форма трудовой книжки
1. Мукабасы/Обложка
Кыргыз Республикасынын герби Герб Кыргызской Республики
ЭМГЕК КИТЕПЧЕСИ ТРУДОВАЯ КНИЖКА
2. Титулдук баракча/Титульный лист
Кыргыз Республикасынын герби Герб Кыргызской Республики
ЭМГЕК КИТЕПЧЕСИ ТРУДОВАЯ КНИЖКА
Фамилиясы/Фамилия _______________________________________________ Аты/Имя __________________________________________________________ Атасынын аты/Отчество______________________________________________ Туулган датасы/Дата рождения________________________________________ (куну, айы, жылы/число, месяц, год) Билими/Образование ________________________________________________ (башталгыч, орто жана жогорку ___________________________________________________________________ кесиптик/начальное, среднее и высшее профессиональное) Кесиби, адистиги/Профессия, специальность ___________________________ Идентификациялык номери/Идентификационный номер _________________
Толтуруу датасы/Дата заполнения «___» _____________ 20___ жыл/года
Китепченин ээсинин колу/Подпись владельца книжки _________________
М.О. (М.П.) Эмгек китепчесин толтурууга жоопкер адамдын колу /Подпись лица, ответственного за ведение трудовых книжек _________________________________________________ (даана жазылсын/разборчиво)
|
3. Иштеген иши жонундо маалыматтар/Сведения о работе
Сериясы жана номери/Серия и номер «I»
(14барак/14 разворотов)
№ | Датасы | Ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана иштен бошотуу, жөнүндө маалыматтар (себептерин көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин беренесин, пунктун көрсөтүү менен)
Сведения о приеме на работу, перевода на другую постоянную работу, увольнении (с указанием причин и ссылкой на статью, пункт Трудового кодекса Кыргызской Республики) | Жазуу киргизилген документтин аталышы, датасы жана номери (буйрук, тескеме, токтом)
Наименование, дата и номер документа, на основании которого внесена запись (приказ, распоряжение постановление) | ||
күнү/ число | айы/ месяц | жылы/ год | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
4. Сыйлыктары жонундо маалыматтар/Сведения о награждении
Сериясы жана номери/Серия и номер
(7барак/7 разворотов)
№ | Датасы/Дата | Сыйлыктар жана сыйлоолор жөнүндө маалыматтар
Сведения о награждении и поощрении | Жазуу киргизилген документтин аталышы, датасы жана номери
Наименование, дата и номер документа, на основании которого внесена запись
| ||
| күнү/ число | айы/ месяц | жылы /год | ||
1 | 2 | 3 | 4 | ||
|
|
|
|
|
|
Сериясы жана номери ар бир ачылган эмгек китепчесинин төрт бетинин биринде көрсөтүлөт.
Эскертүү:Эмгек китепчесинин аягында ушул Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык касыздоо жана миграция министрлигинин буйругунун текстинен көчүрмө басылат.
Серия и номер указываются на одной из четырех страниц каждого развернутого листа трудовой книжки.
Примечание. В конце трудовой книжки печатается извлечение из текста настоящего приказа Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики.
Эмгек китепчесине кошумча барактын формасы
Форма вкладыша в трудовую книжку
ЭМГЕК КИТЕПЧЕСИНЕ ТИРКЕМЕ (эмгек китепчеси болмоюнча жараксыз)
ВКЛАДЫШ В ТРУДОВУЮ КНИЖКУ (без трудовой книжки недействителен)
Фамилиясы/Фамилия_____________________________________________________ Аты/Имя_______________________________________________________________ Атасынын аты/Отчество__________________________________________________ Туулган датасы/Дата рождения____________________________________________ (күнү, айы, жылы/число, месяц, год) Билими/Образование_____________________________________________________ (башталгыч, орто жана жогорку) _______________________________________________________________________ кесиптик/начальное, среднее и высшее профессиональное) Кесиби, адистиги/Профессия, специальность ________________________________ Идентификациялык номери/Идентификационный номер ______________________
Толтуруу датасы/Дата заполнения “___”_____________ 20____ жыл/года
Китепченин ээсинин колу/Подпись владельца книжки ________________________
М.О. (М.П.) Эмгек китепчесин толтурууга жоопкер адамдын колу /Подпись лица, ответственного за ведение трудовых книжек _________________________________________________________ (даана жазылсын/разборчиво)
|
Эмгек китепчесине кошумча барак эмгек китепчесинин бекитилген формасы боюнча даярдалат. Кошумча барактын колому: “
Иштеген иши жонундо маалыматтар” - 12 барак, “Сыйлыктары жөнүндө маалыматтар” - 6 барак.
Вкладыш в трудовую книжку изготавливается по утвержденной форме трудовой книжки.
Объем вкладыша: «Сведения о работе»- 12разворотов, «Сведения о награждении»- 6 разворотов.