Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 345 буйругуна 2-тиркеме |
Эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Эмгек китепчелерин жүргүзүү жөнүндө ушул Тартип (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 26-беренесине ылайык иштелип чыккан жана эмгек китепчелерин жүргүзүү, эсепке алуу, сактоо жана берүү эрежелерин белгилейт.
Эмгек китепчеси, анын ичинде электрондук түрү да кызматкердин эмгек ишмердиги жана эмгек стажы жөнүндөгү негизги документ болуп саналат.
Жумуш берүүчү (жумуш берүүчү - жеке жактарды кошпогондо) 5 күндөн ашык иштеген ар бир кызматкерлерге, анын ичинде сезондуу жана убактылуу иштегендерге эмгек китепче толтурууга милдеттүү.
Кош жумуш аткарган адамдарга эмгек китепчелери негизги иштеген жери боюнча гана жазылат. Кызматкердин каалоосу боюнча (анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча) эмгек китепчесине кошумча жумуш жөнүндө жазуу киргизилбеши мүмкүн.
2. Эмгек китепчеси иш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусу боюнча кагаз жана/же электрондук түрдө жүргүзүлөт.
3. Ишке кирип жаткан кызматкерлер жумуш берүүчүгө белгиленген тартипте таризделген эмгек китепчесин көрсөтүүгө милдеттүү. Жумушка биринчи жолу орношкон учурларды кошпогондо, эмгек китепчесин көрсөтпөстөн жумушка алууга жол берилбейт.
2. Эмгек китепчелерин толтуруу жана жүргүзүү
4. Эмгек китепчелери жана ага кошумча барактар мемлекеттик жана расмий тилдерде толтурулат. Жазуулар тыкан, кара, көк же кызгылт көк түстөгү калем менен жүргүзүлөт. Жазуулар араб цифралары менен жүргүзүлөт (күнү жана айы эки орундуу). Мисалы: 05.01.2024.
5. Эмгек китепчеси биринчи жолу жумушка кабыл алынгандарга жумушка кабыл алган күндөн тартып, бир жумадан кечиктирилбестен жумуш берүүчү тарабынан толтурулат.
6. Эмгек китепчесине төмөнкүлөр жазылат:
кызматкер жөнүндө маалыматтар:
- паспортунун же ким экендигин ырастоочу башка документинин негизинде фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен, аты-жөнүн кыскартуу же баш тамгалар менен алмаштыруусуз), туулган датасы (күнү, айы, жылы);
- билими жөнүндө, квалификациясы же атайын билиминин болушу жөнүндө документинин негизинде (атайын билимди же атайын даярдыкты талап кылган жумушка орношууда) билими, кесиби, адистиги;
- идентификациялык (камсыздандыруу) номери;
Эмгек китепчесин толтуруу датасы көрсөтүлгөндөн кийин, кызматкер өзүнүн колу менен киргизилген маалыматтардын тууралыгына ынандырат. Эмгек китепчесинин биринчи бетине (титул барагына) эмгек китепчелерин берүүгө жооптуу адам кол коет, андан кийин эмгек китепчесин биринчи жолу толтурган жумуш берүүчүнүн (же кадрлар бөлүмүнүн) мөөрү коюлат.
7. Эмгек китепчесинин бөлүмдөрүнө төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) иш жөнүндө:
- ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу, бошотуу.
Кызматкер кабыл алынган жумуштун же кызмат ордунун аталышы жөнүндөгү жазуулар: кызматкерлер үчүн - Кызматкер кесиптеринин бүткүл республикалык классификаторунда көрсөтүлгөн кесиптердин аталыштарына ылайык, кызматчы кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын реестрининде көрсөтүлгөн кызмат орундарынын аталышына ылайык, жумушка кабыл алынган учурда колдонуудагы класстык чиндери, атайын класстык чиндери жана атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт; “Иш жөнүндө маалымат” бөлүмүнүн 3-графасында жумуш берүүчүнүн толук аталышы жазылат. Бул аталыштын астында 1-графага киргизилген жазуунун катар номери коюлат, 2-графага жумушка кабыл алынган күнү көрсөтүлөт. 3-графага: “Кабыл алынды (дайындалды) ...” деп, структуралык бөлүмдүн аталышы (эгерде бар болсо), ошондой эле иштин, кесиптин же кызматтын аталышы жана ыйгарылган разряды (классы, категориясы, класстык чини) жазылат.
Кызматкер иштеген убакытта юридикалык жак кайра уюштурулганда жана/же анын аталышы өзгөргөндө, эмгек китепчесинин 3-графасына өзүнчө сап менен мындай деп жазылат: “[Аталышы] мындай күндөн тартып [жаңы аталышка] өзгөртүлдү”, ал эми 4-графага кайра атоо жөнүндөгү негиз – буйрук (тескеме), анын датасы жана номери көрсөтүлөт.
2) сыйлыктары жөнүндө маалыматтар:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын негизинде мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, мамлекеттик ардак наамдарды ыйгаруу, ардак грамоталар менен сыйлоо, наамдарды ыйгаруу жана уюмдардын төш белгилери, дипломдору менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле коллективдүү келишимдерде ички эмгек тартибинин эрежелеринде каралган башка көтөрмөлөөлөр.
Эмгекке акы төлөө системасында каралган же регулярдуу негизде төлөнүүчү сыйлыктар жөнүндө эмгек китепчесине жазылбайт.
Жазалар жөнүндө маалыматтар эмгек китепчесине жазылбайт.
8. Эмгек китепчесиндеги ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу же бошотуу, ошондой эле сыйлыктар жана көтөрмөлөөлөр жөнүндөгү бардык жазуулар буйрук (тескеме, токтом) чыккандан тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен, ал эми бошогон учурда - бошогон күнү жазылат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин тиешелүү беренесине жана пунктуна таянуу жана шилтеме жасоо менен буйруктун (тескеме, токтом) текстине так ылайык келтирип жүргүзүлүүгө тийиш.
Жумуштан бошотуу күнү жумуштан бошотулуу жөнүндө буйрукка ылайык белгиленген акыркы жумуш күнү болуп эсептелет.
Кызматкердин эмгек китепчесине жумуштан бошотуу жөнүндө жазуу төмөнкү эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт: 1-графага жазуунун катар номери коюлат, 2-графага – жумуштан бошотулган күнү, 3-графага – жумуштан бошотуунун себеби, 4-графага жазуунун негизи эмне экени көрсөтүлөт – буйрук (тескеме), анын датасы жана номери.
9. Жумуш берүүчү буйруктун (тескеменин) негизинде ишке кабыл алуу, башка туруктуу ишке которуу жана бошотуу жөнүндө эмгек китепчесине (кошумча барагына) түшүрүлгөн ар бир жазуу менен эмгек китепченин (кошумча барактын) ээсин, анын эмгек китепчесиндеги жазуу кайталанган өздүк карточкасына кол койдуруу менен тааныштырууга милдеттүү.
Өздүк карточка - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен, кызматкер жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана толтуруу карточкасы.
Чачкын жайгашкан аймактык (баш ийген структуралык бөлүмчөлөрү алыс жайгашкан) шарттарда иштешкен ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, эмгек китепчесине түшүрүлгөн жазуулар менен анын ээлерин тиешелүү маалымат жөнөтүү аркылуу тааныштырууга уруксат берилет жана бул жөнүндө андан кийин өздүк карточкасына белги коюлат.
Эмгек китепчесинин мукабасынын ички бетине таанышуу барактарын жана башка материалдарды чаптоого тыюу салынат.
3. Өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүү жана көчүрмөлөрдү берүү
10. Жумуш жөнүндө, кабыл алуу тууралуу, которуу, жумуштан бошотуу, сыйлыктар жөнүндө маалыматтарды туура эмес же так эмес жазуу аныкталган учурда, оңдоону тиешелүү жазууну киргизген иш берүүчү жүргүзөт.
Эгерде туура эмес же так эмес жазуу жүргүзгөн ишкана, мекеме жана уюм жоюлуп кеткен болсо, анда бул жазуу анын ишин улантуучу же жоюлган юридикалык жак баш ийген жогоруда турган уюм тарабынан, архивдик документтер болгон учурда оңдолот. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү мурда жүргүзүлгөн жазууларды оңдоого негиз боло албайт.
11. Эмгек китепчесинин (кошумча барактын) “Аткарган иши жөнүндө маалыматтар”, “Сыйлыктары жөнүндө маалыматтар” деген бөлүмдөрүндө мурдагы так эмес, ката жазууларды сызууга жол берилбейт.
Жазууларды өзгөртүү аларды жараксыз деп табуу жана туура жазууларды киргизүү жолу менен жүргүзүлөт. Мисалы, 3-графада: “Бул номер боюнча жазуу жараксыз. Бул кесип боюнча кабыл алынган (кызмат)” деп жазылат.
Эмгек китепчесинде, кийин жараксыз деп табылган иштен бошотуу же башка ишке которуу жөнүндөгү жазуулар болсо, кызматкердин өтүнүчү боюнча ага жараксыз деп таанылган жазуу түшүрүлбөгөн эмгек китепчесинин экинчи нускасы берилет.
Жаш курагы жана майыптыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия дайындалган учурда эмгек китепчесине Социалдык фонд тарабынан “Пенсия дайындалды” деген штамп коюлат. Штамп эмгек китекчесинин биринчи барагына (титулдук баракка) басылат.
12. Фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган күнү, билими, кесиби, адистиги жөнүндө эмгек китепчесиндеги жазуулардагы өзгөртүүлөр жумуш берүүчү тарабынан акыркы иштеген жери боюнча документтердин (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, никени бузуу, билим жөнүндө жана башка) негизинде жана алардын номерине жана датасына шилтеме менен жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр эмгек китепчесинин биринчи бетине (титулдук баракчасына) киргизилет. Мисалы, мурунку фамилия бир сызык менен сызылып, жаңысы жазылат. Тиешелүү документтерге шилтемелер мукабанын ички бетине жазылып, жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын колу жана иш берүүчүнүн мөөрү (же кадрлар бөлүмү) менен тастыкталат.
13. Зарыл болгон учурда иш берүүчү кызматкерге, анын ичинде мурунку кызматкерине да, анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же андан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү арыз берилген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен берет. Эмгек китепчесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү зарыл болгон учурда, кызматкердин жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча иш берүүчү эмгек китепчесин алуунун себебин жана кайтаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен тил каттын негизинде берет.
4. Эмгек китепчесине кошумча барак
14. Эмгек китепчесинин тиешелүү бөлүмдөрүнүн бардык барактары толуп калган учурларда, эмгек китепчеси кошумча барак менен толукталат. Кошумча барак эмгек китепчесине тиркелет, жумуш берүүчү тарабынан иштеген жери боюнча эмгек китепчесиндей эле тартипте толтурулат жана жүргүзүлөт.Эмгек китепчесиз кошумча барак жараксыз болуп эсептелет.
15. Ар бир берилген кошумча баракча үчүн эмгек китепчесинин биринчи бетинде (титулдук баракчада) жогору жагына "Кошумча баракча берилди" деген штамп басылат (же жазуу жазылат) жана кошумча баракчанын сериясы менен номери көрсөтүлөт.
5. Бошогон учурда эмгек китепчелерин берүү
16. Кызматкер бошогон учурда, бул ишканада, мекемеде, уюмда иштеген мезгилинде эмгек китепчесине киргизилген иштеген иши, сыйлыктары жөнүндөгү бардык жазуулар жумуш берүүчүнүн же ал тарабынан дайындалган атайын өкүлдүн колу, гербдүү мөөр же кадрлар бөлүмүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
17. Жумуш берүүчү, кызматкерге акыркы иштеген күнү, анын бошогондугу жөнүндө жазуу жүргүзүлгөн эмгек китепчесин берүүгө милдеттүү.
Жумуш берүүчүнүн күнөөсү боюнча эмгек китепчесин берүү кечиктирилгенде, кызматкерга ар бир кечиктирилген күн үчүн күндүзгү орточо эмгек акы төлөнүп берилет.
18. Эгерде кызматкер акыркы жумуш күнү жумушта болбой калса, анда жумуш берүүчү ошол эле күнү ага эмгек китепчесин алып кетүү зарылдыгы жөнүндө почта аркылуу билдирүү жиберет. Аталган билдирүүнү жиберген күндөн баштап жумуш берүүчү кызматкерге эмгек китепчесин берүүнү кечиктиргендиги үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Эмгек китепчесин көрсөтүлгөн дарек боюнча почта менен жөнөтүү кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт.
19. Кызматкер каза болгон учурда, эмгек китепчеси анын жакын туугандарынын колуна тил кат менен берилет же туугандарынын биринин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча почта аркылуу жөнөтүлөт.
6. Эмгек китепчесинин экинчи нускасы
20. Эмгек китепчесин (ага кошумча баракты) жоготкон адам бу жөнүндө акыркы иштеген жери боюнча жумуш берүүчүгө тез арада кайрылууга милдеттүү. Арыз берилгенден 15 күндөн кечиктирилбестен, жумуш берүүчү кызматкерге биринчи барагынан оң жак бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар башка (жаңы үлгүдөгү) эмгек китепчесин же ага кошумча барак берет.
Дубликат толтурууда төмөнкүлөр киргизилет:
- бул жумуш берүүчүгө келгенге чейинки жалпы жана (же) үзгүлтүксүз иш стажы жөнүндө документтер менен тастыкталган жазуу (жалпы суммасы көрсөтүлөт);
- бул жумуш берүүчүдө мурда чыгарылган буйруктардын негизинде жүргүзүлгөн бардык иш, сыйлыктар жөнүндө жазуулар;
- кызматкер тарабынан берилген документтердин негизинде мурунку жумуш берүүчүлөрдөгү иш жөнүндө жазуулар.
Жумуш берүүчү, кызматкердин бул ишканага киргенге чейинки стажын тастыктоочу документтерин алууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
21. Эгерде эмгек китепчеси (анын кошумча барагы) жараксыз болуп калса (күйгөн, айрылган, булганган болсо), анда акыркы иштеген жериндеги жумуш берүүчү кызматкерге же кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек китепчесинин (анын кошумча барагынын) экинчи нускасын берет. Мында бузулган эмгек китепчесинин биринчи бетине: “Ордуна нускама берилди” деген жазуу жазылып, ээсине кайтарылат.
22. Эгерде эмгек китепчеси (кошумча барак) жумуш берүүчүнүн күнөөсү менен жоголуп кетсе, анда эмгек китепчесинин (кошумча барактын) экинчи нускасын жана андагы болгон жазууларды жумуш берүүчү өзүнүн эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттүү.
7. Эмгек китепчелеринин бланкалары үчүн акы төлөө
23. Кызматкерге эмгек китепчесин же акын кошумча барагын берүүдө жумуш берүүчү андан акы алат, анын өлчөмү аларды сатып алгандагы чыгымдын өлчөмү менен аныкталат.
Эмгек китепчеси же анын кошумча барагы биринчи жолу туура эмес толтурулган же шалакы сактоодон улам бузулган учурларда, бузулган бланктардын наркы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
Кызматкер эмгек китепчесин жаратылыш кырсыктарынын же башка форс-мажордук себептердин натыйжасында жоготкон учурда эмгек китепчесинин экинчи нускасы акысыз берилет.
8. Эмгек китепчелерин эсепке алуу жана сактоо
24. Эмгек китепчелерин, ошондой эле эмгек китепчелеринин бланкаларын жана анын кошумча барагын эсепке алуу уюмдарда төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- эмгек китепчелеринин жана ага кошумча барактардын бланкаларын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгыштоо китеби;
- эмгек китепчелеринин жана ага кошумча барактардын жазылуусун эсепке алуу китеби.
Аталган китептердин формаларын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги бекитет.
Уюмдун бухгалтериясы жүргүзүүчү эмгек китепчелеринин жана ага кошумча барактардын бланкаларын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгыштоо китебине ар бир бланктын сериясын жана номерин көрсөтүү менен эмгек китепчесинин жана ага кошумча барактын бланкаларын алуу жана чыгымдоо менен байланышкан бардык операциялар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Эмгек китепчелерин жана ага кошумча барактарды жазууну эсепке алуу китебин кадр кызматы же уюмдун кызматкерлери ишке алууну же бошотууну тариздөөчү башка бөлүмчөлөрү жүргүзөт, ал китепке кызматкерлер ишке кирүүдө алынган бардык эмгек китепчелери, ошондой эле кызматкерлерге жаңыдан берилген эмгек китепчелери жана ага кошумча барактар сериясын жана номерин көрсөтүү менен катталат.
Эмгек китепчелеринин жана ага кошумча барактардын бланкаларын эсепке алуу боюнча кириштөө-чыгыштоо китеби жана Эмгек китепчелерин жана ага кошумча барактардын жазылуусун эсепке алуу китеби номерленүүгө, боо менен тигилүүгө, уюмдун жетекчисинин колу коюлуп күбөлөндүрүлүүгө, ошондой эле мөөр басылып же пломбаланууга тийиш. Эмгек китепчелеринин жана кошумча барактарынын бланкалары так отчеттук бланктар катары эсепке алынат жана жумуш берүүчүдө сакталат.
25. Жумуш берүүчүнүн колунда зарыл сандагы эмгек китепчелеринин жана ага кошумча барактардын такай болушу милдеттүү.
26. Эмгек китепчесинин жана ага кошумча барактардын бузулган бланктарын эсептен чыгаруу жана жок кылуу тиркелген үлгүгө ылайык акт боюнча жүргүзүлөт.
27. Кызматкерлер бошогон учурда албай кеткен эмгек китепчелери жана алардын экинчи нускалары эки жылга чейин сакталат. Андан кийин алынбаган эмгек китепчелери (алардын экинчи нускасы) ишканалардын архивинде 50 жылга чейин сакталат, ал эми бул мөөнөт бүткөндөн кийин белгиленген тартипте жок кылынышы мүмкүн.
9. Жоопкерчилик жана контроль
28. Эмгек китепчелерин жасалмалаган же билип туруп жасалма эмгек китепчесин пайдалангандык үчүн күнөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
29. Эмгек китепчелеринин бланкаларын жана эмгек китепчелерине кошумча барактардын бланкаларын эсепке алуу жана сактоо боюнча иштерди уюштурууга, эмгек китепчелерин жүргүзүү, эсебин алуу, сактоо жана берүү иштерине жоопкерчилик жумуш берүүчүгө жүктөлөт.
30. Эмгек китепчелерин өз убагында жана туура толтуруу, алардын эсебин жүргүзүү, сактоо жана берүү үчүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы же жумуш берүүчүнүн буйругу (тескемеси) менен дайындалган атайын өкүл адам жооп берет.
31. Эмгек китепчелерин жүргүзүү, эсебин алуу, сактоо жана берүүнүн белгиленген тартибин бузган кызмат адамдары дисциплинардык, ал эми мыйзамда каралган учурларда башка жоопкерчилик тартышат.
32. Эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн ушул тартибинин сакталышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
|
| Эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартибине 1-тиркеме |
Актынын үлгүсү
|
| "Бекитемин" |
|
| Жумуш берүүчү ________________________________ 20___-жылдын "___" ______________ |
АКТ
20___-жылдын "___" ___________ ____________ шаары
Биз ____________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы көрсөтүлөт)
20___-жылдын "___" __________________ 20___-жылдын "___" __________________ чейинки
мезгилде _______________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________ (ишкананын, мекеменин, же уюмдун толук аталышы)
"___" _________________ ___________________________________________________________ даана
эмгек китепчелеринин бланктары (же алардын кошумча барактары) ____________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________ (ар бир эмгек китепчесинин бланкынын (же алардын кошумча барактарынын) сериясы жана номери көрсөтүлүшү керек)
________________________________________________________________________________________ (бузулуу себептерин толук көрсөтүү)
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
бузулгандыгы жана алар 20___-жылдын "___" _________ өрттөө жолу менен жок кылынгандыгы жөнүндө акт түзөбүз.
Акт бузулган эмгек китепчелер бланктарын (же алардын кошумча барактарын) эсептен чыгаруу үчүн түзүлдү.
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________ (ишкананын, мекеменин же уюмдун толук аталышы)
|
| Эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартибине 2-тиркеме |
Эмгек китепчесинин жана ага салымдын бланкаларын эсепке алуу боюнча кириш-чыгыш китебинин формасы
№ | Дата | Кимден алынды же кимге берилди | Негиз (документтин аталышы, № жана дата) | Кириш | Чыгым | ||||||
саны | айы | жыл | Саны | Суммасы (сом.) | Саны | Суммасы (сом.) | |||||
эмгек китепчелери (сериясы жана номери) | салмалары (сериясы жана номери) | эмгек китепчелери (сериясы жана номери) | вкладышей (сериясы жана номери) | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
| Эмгек китепчелерин жүргүзүү Тартибине 3-тиркеме |
Эмгек китепчелеринин жана аларга салынган баракчалардын кыймылын эсепке алуу китеп формасы
№ | Жумушка кабыл алынган күнү, эмгек китепчесин же ага кошумча баракты толтурган күнү | Эмгек китепчесинин ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты | Эмгек китепчесинин же ага тиркеменин сериясы жана номери | Эмгек китепчесин тапшырган же эмгек китепчеси же ага тиркеме толтурулган кызматкердин кызматы, кесиби, адистиги | Жумуш ордунун аталышы (кызматкер кабыл алынган структуралык бөлүмдү көрсөтүү менен) | Жумуш берүүчүнүн кызматкерди жумушка алуу жөнүндө чечиминин датасы жана буйругунун (тескемесинин) же башка чечиминин № | Эмгек китепчесин кабыл алган же толтурган жооптуу адамдын тил каты | Толтурулган эмгек китепчелери же аларга салынмалар үчүн алынган (сом) | Эмгек китепчесин жумуштан бошотулганда (эмгек келишими токтотулганда) берген күнү | Эмгек китепчесин алганы жөнүндө кызматкердин тил каты | ||
саны | айы | жылы | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |