Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 104 токтомуна) |
Улуттук телекоммуникация операторлорунун санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөө жана өз ара аракеттенүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук телекоммуникация операторлорунун санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөө жана өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 134-беренесин, ошондой эле телекоммуникациялык сервистерди берүү жана санариптик чөйрөнүн иштөө маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
2-глава. Санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен өз ара аракеттенүү
3. Улуттук телекоммуникация оператору Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 134-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, мамлекеттик органдар сыяктуу санариптик чөйрөдөгү субъекттер менен өз ара аракеттенүүдө мындай субъекттерди тиешелүү түзүлгөн келишимдерде аныкталган мөөнөттөрдө жана тартипте артыкчылыктуу негизде телекоммуникация тармагына туташтырууну камсыз кылат.
4. Бардык телекоммуникациялык сервистер жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды сактоо жана санариптик туруктуулукту камсыз кылуу менен берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 2-беренесине ылайык санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери мамилелердин негиздерин сактоого милдеттүү жана алар ээси (берүүчү) болуп саналган санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин объекттерин колдонуу менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин ченемдерине ылайык улуттук телекоммуникация операторлору санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен өз ара аракеттенүүдө өз иштерин төмөнкүдөй түзөт:
1) иштеп жаткан телекоммуникациялык инфраструктуранын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
2) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргонуу, укук тартибин коргоо максаттары үчүн өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялык жабдуулардын жана материалдардын зарыл болгон резервин түзүү жана кармап туруу;
3) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон жана калкы аз конуштарда телекоммуникациялык сервистердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик социалдык долбоорлорду ишке ашыруу максаты үчүн телекоммуникациялык сервистерди берүү;
4) мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргонуу, укук тартибин коргоо максаттары үчүн жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун алдын ала уруксатысыз телекоммуникациялык тармактардын ишин же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотпоо жана үзгүлтүккө учуратпоо;
5) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген принциптерди жана талаптарды сактоо.
7. Улуттук телекоммуникация операторунун телекоммуникациялык тармагында анын иштөөсүн же телекоммуникациялык сервисти берүүнү токтотууга алып келген авариялар же башка инциденттер келип чыккан учурда улуттук телекоммуникация оператору инциденттин маңызы жана аны жоюунун пландалган же болжолдонгон мөөнөттөрү жөнүндө телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда улуттук телекоммуникация операторлору төмөнкүлөр менен тыгыз жана ыкчам өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
1) убактылуу түзүлгөн башкаруу органдары, анын ичинде ыкчам штабдар, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиялар жана өзгөчө кырдаалдардын иштөө мезгилине түзүлүүчү башка координациялоочу органдар менен;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен.
9. Улуттук телекоммуникация оператору телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен Кыргыз Республикасындагы башка телекоммуникация операторлору менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.
10. Улуттук телекоммуникация операторлорунун башка телекоммуникация операторлору менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин ченемдеринде белгиленген тартипте түзүлүүчү тармактар аралык биригүү жөнүндө макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
3-глава. Талаш-тартыштарды кароо
11. Улуттук телекоммуникация операторлорунун телекоммуникация операторлору менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда тараптардын бири Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 190-беренесинде каралган тартипте телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна кайрылууга милдеттүү.
12. Талаш-тартыштарды кароо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган жол-жобо боюнча жүргүзүлөт.
4-глава. Корутунду жобо
13. Ушул Тартиптин ченемдери менен жөнгө салынбаган маселелерде Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин ченемдери колдонулат.