Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 114
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди аткаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды банктык коштоого ыйгарым укуктуу банктардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
- 14-пункттун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 72, 73-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72. Сатып алуу жөнүндө түзүлгөн келишим банктык коштоону колдонуу шарттарына шайкеш келген учурда заказчыга конкурстук документтерге жана сатып алуу жөнүндө келишимге банктык коштоо жөнүндө жобону киргизүү зарыл.
73. Сатып алуу жөнүндө келишимдерди банктык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган айрым заказчыларга карата колдонулбашы мүмкүн.";
- 77-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Акционердин укуктарын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн банктык коштоону колдонуу шарттарына ылайык сатып алуу жөнүндө келишимдерди банктык коштоону колдонууга, анын ичинде ыйгарым укуктуу банктар менен банктык коштоо жөнүндө келишимдерди түзүүгө багытталган ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомго ылайык сатып алуу жөнүндө келишимдерди банктык коштоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн, ошондой эле сатып алуу жөнүндө конкурстук документтерге киргизилүүгө тийиш болгон банктык коштоо жөнүндө типтүү шарттарды сатып алуучу уюмдарга маалымдасын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды банктык коштоого ыйгарым укуктуу банктардын ТИЗМЕГИ
1. "Элдик Банк" ачык акционердик коому
2. "Айыл Банк" ачык акционердик коому
3. "Керемет Банк" ачык акционердик коому
4. "Бакай Банк" ачык акционердик коому