Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы N 114 токтомуна) |
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобого ылайык мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун (мындан ары - заказчы, заказчылар) сатып алуулар жөнүндө келишимдерин (мындан ары - келишим, келишимдер) банктык коштоо тартиби жана шарттары аныкталат.
2. Банктык коштоо ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген келишимдерге карата колдонулат. Заказчылар банктык коштоону өзүнүн ыктыяры боюнча ушул Жобонун 3-главасында белгиленген шарттарга жооп бербеген башка келишимдерге да колдонууга укуктуу.
3. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниге ээ:
1) ыйгарым укуктуу банк - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө келишимдерди банктык коштоого ыйгарым укуктуу банк;
2) банктык коштоого өтүнмө - конкреттүү коштолуучу келишимге банктык коштоо уюштуруу максатында банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу банкка заказчы тарабынан берилген жана коштолуучу келишимдин банктык коштоо шарттарын аныктаган банктык коштоонун параметрлерин камтыган өтүнмө;
3) аткаруучу - заказчы менен тиешелүү коштолуучу келишимди түзгөн берүүчү;
4) банктык коштоонун параметрлери - банктык коштоого өтүнмөдө заказчы тарабынан аныкталган айрым эсептерде коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары жана аткаруучу тарабынан коштолуучу келишимди аткаруунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылуучу эсептердин алкагында акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторингди жана контролдоону камсыз кылуу шарттары;
5) "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервиси - келишимди банктык коштоо статистикасын чагылдыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк тарабынан жеткиликтүүлүгү камсыз кылынуучу отчетторду түзүү үчүн арналган банктык коштоонун санариптик сервиси;
6) коштолуучу келишим - келишимди банктык коштоо жөнүндө шартты камтыган заказчы менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишим;
7) контракт - коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу менен аткаруучунун ортосунда же келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын ортосунда коштолуучу келишимди аткаруу (ишке ашыруу) максатында түзүлгөн келишим;
8) коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары - коштолуучу келишимди ишке ашыруу максатында тартылган жактар (кошо аткаруучулар, субподрядчылар, субберүүчүлөр), алар банктык коштоонун параметрлерине ылайык өзүнчө эсептерди ачууга милдеттүү.
Ушул Жободо колдонулган калган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде (мындан ары - типтүү тартип) аныкталган маанилерде колдонулат.
2-глава. Банктык коштоонун катышуучулары
4. Келишимди банктык коштоонун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) заказчы;
2) аткаруучу;
3) коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу;
4) ыйгарым укуктуу банк;
5) ыйгарым укуктуу орган.
5. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарын мыйзамдарда белгиленген жоболорго ылайык ишке ашырат, анын ичинде келишимди банктык коштоону, коштолуучу келишимдин типтүү формаларын, контрактты банктык коштоо жөнүндө келишимдин типтүү формасын караган сатып алуу жөнүндө документтерге коюлуучу талаптарды иштеп чыгат, бирок аны менен чектелбейт.
6. Келишимди банктык коштоо заказчы менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу банк тарабынан ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу банк заказчы менен банктык коштоо жөнүндө келишим түзүүгө, коштолуучу келишимдерге карата банктык коштоону камсыз кылууга, ошондой эле ушул Жобого жана банктык коштоо жөнүндө келишимге ылайык коштоочу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларына жана аткаруучуга өзүнчө эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө милдеттүү. Келишимди банктык коштоо ыйгарым укуктуу банк тарабынан акысыз ишке ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу банк өзүнчө эсепти ачуу жана пайдалануу үчүн аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары) менен түзүлгөн келишимде төмөнкүлөрдү белгилейт: өзүнчө эсеп боюнча төлөм документинде аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары) көрсөткөн маалыматтарга карата талаптарды; негиздөөчү документтерди кароо үчүн ыйгарым укуктуу банкка берилүүгө тийиш болгон документтердин тизмесин; өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин кароо тартибин жана мөөнөттөрүн; банктык коштоо параметрлерине ылайык келбеген учурда өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин аткаруудан баш тартуу милдетин.
8. Заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) биринчи коштолуучу келишим түзүлгөнгө чейин ар бир ыйгарым укуктуу банк менен банктык коштоо жөнүндө келишим түзүүгө;
2) банктык коштоону колдонуунун тиешелүү шарттарына ылайык келген келишимдерге банктык коштоону колдонууга;
3) сатып алуу жөнүндө документтерге банктык коштоону колдонуу жана заказчынын, аткаруучунун жана банктык коштоонун алкагында коштолуучу келишимди ишке ашырууга катышуучулардын милдеттери жөнүндө маалыматты кошууга;
4) коштолуучу келишимдин долбооруна банктык коштоону колдонууну караган жоболорду киргизүүгө же ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген банктык коштоо жөнүндө жоболор менен коштолуучу келишимдин типтүү формасын колдонууга;
5) коштолуучу келишим түзүлгөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде банктык коштоо жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык аткаруучу тандаган ыйгарым укуктуу банкка банктык коштоого өтүнмө берүү жолу менен аны банктык коштоого өткөрүп берүүгө;
6) коштолуучу келишим боюнча эсептешүүлөр үчүн аткаруучуга ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсепти гана пайдаланууга;
7) ушул Жободо жана банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга.
9. Аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коштолуучу келишим түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу банкты тандоого жана өзүнүн тандоосу жөнүндө заказчыга билдирүүгө. Ар бир коштолуучу келишим боюнча аткаруучу бир гана ыйгарым укуктуу банкты тандай алат;
2) тандалган ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана аны түзүүдө коштолуучу келишимде өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүүгө;
3) коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү, анын ичинде коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары менен ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен ишке ашырууга;
4) контракттарда коштолуучу келишимди ишке ашырууга катышуучулардын өзүнчө эсеп ачуу жана контракттар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү аткаруучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсепти пайдалануу менен гана ишке ашыруу жөнүндө милдеттенмелерин аныктоого;
5) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүүгө;
6) өзүнчө эсеп ачуу жана пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн келишимдин жоболорунда белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга.
10. Коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) коштолуучу келишим боюнча аткаруучуга өзүнчө эсеп ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана контракт боюнча эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тиешелүү контрактта өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүүгө;
2) өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен контракттар боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү ишке ашырууга;
3) контракттарда алар тарабынан өзүнчө эсептерди ачуу жана контракттар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында, эсептешүүлөрдү аткаруучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептерди пайдалануу менен гана ишке ашыруу жөнүндө коштолуучу келишимди ишке ашыруунун башка катышуучуларынын милдеттенмелерин аныктоого;
4) өзүнчө эсеп боюнча төлөм документтерин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүүгө;
5) өзүнчө эсеп ачуу жана пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу банк менен түзүлгөн келишимдин жоболорунда белгиленген башка аракеттерди жасоого жана талаптарды аткарууга.
3-глава. Банктык коштоону колдонуу шарттары
11. Келишимдерди банктык коштоо сатып алуу предмети болуп төмөнкүлөр саналган сатып алуу жөнүндө келишимдерге карата колдонулат:
1) имараттарды, курулмаларды же башка объекттерди, анын ичинде баасы (суммасы) 10000000,0 (он миллион) сомго барабар же андан ашкан автомобиль жолдорун, жол курулмаларын, инженердик системаларды, тармактарды жана коммуникацияларды, башка капиталдык же жарандык курулуш объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, бузуу менен байланышкан иштерди аткаруу боюнча;
2) баасы (суммасы) 10000000,0 (он миллион) сомго барабар же андан ашкан товарларды берүү, кызмат көрсөтүү.
12. Сатып алуу жөнүндө келишимдерге карата төмөнкү учурларда келишимдерди банктык коштоо колдонулбайт:
1) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу (күчөтүлгөн даярдык режиминде) жана кесепеттерин жоюу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, шашылыш медициналык кийлигишүү зарыл болгондо, форс-мажордук жагдайлардын же авариянын кесепеттерин локалдаштырууга, тез арада калыбына келтирүү жана оңдоо талап кылган авариялык-калыбына келтирүү иштерин ишке ашырууга же болбосо заказчынын ишине жарым- жартылай же толук токтоосуна таасир берген кырдаалда;
2) заказчы күтпөгөн жагдайларга байланыштуу күн сайын керектелүүчү товарларды сатып алуунун шашылыш зарылдыгы пайда болгондо;
3) заказчы тарабынан бекитилген заказчынын үзгүлтүксүз өндүрүштүк ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон күн сайын керектелүүчү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
4) ички топто кооперацияланган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
5) ачык офертанын шарттарын кабыл алуу жолу менен интернет-платформаларын пайдаланып товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
6) табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
7) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан турган кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тарабынан түзүлгөн уюмдардан товарларды монополияга каршы орган белгилеген баалар боюнча сатып алууда;
8) инвестициялык макулдашуулардын шарттары менен аныкталган конкреттүү берүүчүдөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
9) Кыргыз Республикасынын резиденти болбогон берүүчүлөр менен түзүлгөндө;
10) бул товарларды өндүрүүчү заводдон (өндүрүүчүдөн) же сатып алуу предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ болгон берүүчүдөн товарларды, ошондой эле бул товарларды ишке киргизүү-жөнгө салуу жана тейлөө менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
11) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык чарбалык коомдордон, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан айрым товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларга жана/же конкреттүү заказчыга карата банктык коштоону колдонбоо жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынганда.
4-глава. Коштолуучу келишим
13. Коштолуучу келишимдин жоболору төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) заказчынын милдеттенмелери:
- коштолуучу келишим түзүлгөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен аткаруучу тандаган ыйгарым укуктуу банкка банктык коштоого өтүнмөнү жөнөтүү жолу менен коштолуучу келишимди өткөрүп берүүгө;
- коштолуучу келишим боюнча берилген товарларга (аткарылган жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) аткаруучунун өзүнчө эсебине гана төлөөгө;
- аткаруучу тарабынан өзүнчө эсепте, анын ичинде кошо аткаруучулар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби бузулган учурда коштолуучу келишимди аткаруудан баш тартууга;
2) аткаруучунун милдеттенмелери:
- коштолуучу келишим түзүүдө ыйгарым укуктуу банкты тандоого жана өзүнүн тандоосу жөнүндө заказчыга билдирүүгө;
- тандалган ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсеп ачууга жана коштолуучу келишимде өзүнчө эсептин реквизиттерин көрсөтүүгө;
- коштолуучу келишим боюнча, анын ичинде контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык эсептешүүлөрдү ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнүн өзүнчө эсебин пайдалануу менен гана жүзөгө ашырууга;
- контракттарда коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын өзүнчө эсеп ачуу жана мындай контракттар, анын ичинде коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн контракттар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында эсептешүүлөрдү аткаруучунун өзүнчө эсеби ачылган ошол эле ыйгарым укуктуу банкта ачылган өзүнчө эсептерди пайдалануу менен гана ишке ашыруу милдеттерин аныктоого;
- коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында алар тарабынан тартылган кошо аткаруучулар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу банкка электрондук формада берүүгө (кошо аткаруучунун толук аталышы, кошо аткаруучунун жайгашкан жери (почталык дареги), жетекчинин жана башкы бухгалтердин телефондору, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери);
- коштолуучу келишимде белгиленген шарттарды, анын ичинде келишимди банктык коштоо шарттарын сактабагандык үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтерди ыйгарым укуктуу банкка берүүгө.
14. Заказчы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген коштолуучу келишимге киргизилүүгө тийиш болгон банктык коштоонун типтүү шарттарына ылайык коштолуучу келишимде банктык коштоону колдонуу жөнүндө жоболордун болушун камсыз кылат.
5-глава. Банктык коштоо жөнүндө келишим
15. Банктык коштоо жөнүндө келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) банктык коштоо кызматтарын көрсөтүү тартиби;
2) тараптардын негизги укуктары жана милдеттери;
3) ыйгарым укуктуу банктын банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган заказчыга жана башка жактарга коштолуучу келишимди банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетту заказчыга берүү милдети;
4) ыйгарым укуктуу банктын коштоочу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынан жана аткаруучудан коштолуучу келишимди банктык коштоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды сурап алуу, өзүнчө эсеп боюнча төлөм документин текшерүү, ошондой эле банктык коштоо параметрлерине шайкеш келбеген учурда төлөм документин аткаруудан баш тартуу укугу.
16. Банктык коштоо жөнүндө келишим ушул Жобонун тиркемесине ылайык түзүлөт. Тараптар банктык коштоо жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген, типтүү формада каралгандардан айырмаланган шарттарды киргизе алат.
6-глава. Банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчет
17. Ыйгарым укуктуу банк ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча "Контрактты банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисин колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде (онлайн) банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетту (маалыматты) берүүгө милдеттүү.
Отчетто өзүнчө эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар, отчеттук мезгил (отчеттук жыл) үчүн өзүнчө эсеп боюнча жүгүртүү-сальдолук ведомосттор, отчеттук датага карата эсептеги калдыктар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган башка маалыматтар камтылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк коштолуучу келишимди банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты банктык сыр жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен берет.
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан түзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө келишимдерди банктык коштоо тартиби жана шарттары тууралуу жобого тиркеме |
Типтүү форма
Банктык коштоо жөнүндө № ______ КЕЛИШИМ
_____________ ш. |
| "___" _____________ 20____-ж. |
Мындан ары биргелешип Тараптар, ал эми өз-өзүнчө Тарап деп аталуучу бир тарабынан _________________ негизинде аракеттенген ______________________ атынан чыгуучу _________________________ (мындан ары - Банк) жана экинчи тарабынан ___________________ негизинде аракеттенген _____________________ атынан чыгуучу (мындан ары - БК заказчысы) төмөнкүлөр тууралуу банктык коштоо жөнүндө (мындан ары - БК Келишими) ушул келишимди түзүштү.
1. БК Келишиминин предмети
1.1. БК Келишимине ылайык, Банк БК заказчысына коштолуучу келишимдерге карата банктык коштоо кызматтарын көрсөтүүгө (мындан ары - БК кызмат көрсөтүүлөрү) милдеттенет.
1.2. БК Келишими алкактык болуп саналат жана Банк тарабынан БК кызмат көрсөтүүнүн жалпы шарттарын аныктайт. Ар бир коштолуучу келишимге карата БК кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары банктык коштоо жөнүндө өтүнмөдө (мындан ары - БК өтүнмөсү) Тараптар менен макулдашылат. БК заказчысы ушул БК Келишими колдонулган мезгилде берилүүчү БК өтүнмөлөрүнүн санына чек коюлбайт.
1.3. БК Келишиминин токтотулушу БК Келишими токтотулганга чейин Банк тарабынан бекитилген (кабыл алынган) БК өтүнмөлөрүнө карата Банк тарабынан БК кызмат көрсөтүүлөрүнүн токтотулушуна алып келбейт. БК Келишиминин шарттары БК Келишими токтотулганга чейин Банк тарабынан бекитилген бардык БК өтүнмөлөрүнө карата Тараптар өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
1.4. Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча БК заказчысы менен Банктын ортосундагы БК кызматтарын көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү "Контракттарды банктык коштоо" сервисинин жеке кабинети аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
1.5. Тараптар БК Келишиминин максаттары үчүн БК Келишимине карата 1-тиркемеде келтирилген терминдер жана аныктамалар колдонулат деген макулдашууга келишти.
2. БК өтүнмөсүн берүү, бекитүү жана өзгөртүү тартиби
2.1. Банк тарабынан БК кызматтарын көрсөтүү максатында БК заказчысы жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) предмети болуп саналган коштолуучу келишим үчүн 2-тиркемеде белгиленген форма боюнча жана товарды берүү предмети болуп саналган коштолуучу келишим үчүн 3-тиркемеде белгиленген форма боюнча БК өтүнмөсүн Банкка берет. БК өтүнмөсүнө БК заказчысы, БК заказчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн коштолуучу келишимдин көчүрмөсүн бардык тиркемелери жана толуктоолору менен кошо тиркөөгө милдеттүү.
2.2. БК өтүнмөсү Банкка төмөнкүлөрдү тапшыруу жолу менен берилет:
- кагаз жүзүндө түп нускасы түрүндөгү документ;
- же болбосо андан ары 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кагаз жүзүндө түп нускасын жиберүү менен БК Келишиминин 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу скан-сүрөт түрүндө БК өтүнмөсүн жөнөтүү аркылуу;
- же болбосо БК Келишиминин 1.4-пунктунун жоболорун эске алуу менен жеке кабинет аркылуу БК өтүнмөсүн жөнөтүү жолу менен.
2.3. Банк БК өтүнмөсүн алган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде карайт.
2.4. Банк БК өтүнмөсүн кароонун жыйынтыгы боюнча:
- БК өтүнмөсүн бекитет жана аны аткарууга кабыл алат, бул тууралуу БК Келишиминде каралган тартипте БК заказчысына маалымдайт;
- же болбосо БК заказчысына БК өтүнмөсү боюнча сын пикирлерди жөнөтөт. БК заказчысы сын пикирлерди жойгондон кийин Банктын дарегине БК өтүнмөсүн кайрадан жөнөтөт.
Конкреттүү коштолуучу келишимге карата БК кызматтарын көрсөтүү башталган күн катары Банк тарабынан тиешелүү БК өтүнмөсү бекитилген (кабыл алынган) күн эсептелет.
2.5. Банктык коштоо параметрлерин түзөтүү максатында БК заказчысы банктык коштоонун өзгөртүлгөн параметрлерин көрсөтүү менен банктык коштоонун параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөнү 4-тиркемеде белгиленген форма боюнча же жеке кабинет аркылуу Банкка жөнөтүүгө укуктуу.
2.6. Банк банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөнү БК Келишиминин 2.3 жана 2.4-пунктчаларында БК өтүнмөсүн кароо үчүн белгиленген тартипте карайт.
3. БК кызматтарын көрсөтүү тартиби
3.1. Банк коштолуучу келишимдерди ишке ашыруунун катышуучуларына жана аткаруучуларга өзүнчө эсептерди ачат, аларды пайдалануу тартиби банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөлөрдү эске алуу менен БК өтүнмөсүнө шайкеш келет.
3.2. Банк өзүнчө эсеп боюнча акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына Банк тарабынан бекитилген (кабыл алынган) БКнын өтүнмөсүндө/банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөдө көрсөтүлгөн банктык коштоо параметрлерине ылайык келүүсүнө контролдоону жүзөгө ашырат.
3.3. Банк акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын контролдоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн терс натыйжалары болгон учурда которууга өтүнмөнү макулдашуудан жана которууга буйрукту кабыл алуудан баш тартат.
3.4. Тараптар Банк коштолуучу келишимди/контракттарды ишке ашырууда жумуштарды аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн, товарларды берүүнүн реалдуу фактысын текшерүүгө карата жоопкерчилик тартпагандыгына жана иш-чараларды жүргүзбөгөнүнө, ошондой эле сунушталган негиздөөчү документтердин аныктыгына экспертиза жүргүзбөгөнүнө макул болушат.
3.5. Банк БК заказчысына, ошондой эле БКнын өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн башка жактарга тиешелүү коштолуучу келишимдерди банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) берет. Отчет жеке кабинет аркылуу же Тараптар алдын ала жазуу жүзүндө макулдашкан башка ыкма менен берилет. Банк ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетту берүүгө милдеттүү.
3.6. Банк БК заказчысына, ошондой эле БКнын өтүнмөсүндө көрсөтүлгөн башка жактарга отчетту тиешелүү коштолуучу келишимди ишке ашыруунун алкагында биринчи өзүнчө эсеп ачылган күндөн кийинки жумуш күнүнөн тартып берет.
3.7. Которууга талаш арыздарды макулдашуу тартиби:
3.7.1. эгерде которууга өтүнмөгө карата Банк которууга өтүнмөнү макулдашуу/макулдашпоо жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл ала албаса, анда Банк БК заказчысына ушундай талаштуу которууга өтүнмө боюнча суроо-талапты жеке кабинет аркылуу жөнөтүүгө укуктуу;
3.7.2. мындай учурда БК заказчысы коштолуучу келишимди ишке ашырууга аткаруучуну/катышуучуну которууга талаш туудурган өтүнмөнү макулдашуу/макулдашпоо жөнүндө чечимди Банк жеке кабинет аркылуу тиешелүү суроо-талап жиберген датадан кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен Банкка жөнөтүүгө милдеттүү. БК заказчысы өз алдынча же өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу жеке кабинетин күн сайын карап турууга милдеттүү.
3.8. Которууга карата талаштуу өтүнмө боюнча БК заказчысы тарабынан кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы боюнча:
3.8.1. БК заказчысы которууга талаштуу өтүнмөнү макулдашкан учурда Банк которууга өтүнмөнү которууга тескеме катары кабыл алат, колдонуудагы мыйзамдарда каралган бардык жол-жоболорду жүзөгө ашырат жана которууга карата ушундай тескемени аткарат;
3.8.2. БК заказчысы которууга талаштуу өтүнмөнү макулдашпаган учурда, ошондой эле БК Келишиминин 3.7.2-пунктунда белгиленген мөөнөттө БК заказчысынын чечими алынбаган учурда, Банк которууга өтүнмөнү аткаруусуз кайтарып берет (которууга өтүнмөнү которууга тескеме катары кабыл алуудан баш тартат).
4. Тараптардын милдеттери
4.1. Банк төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.1.1. Колдонуудагы мыйзамдарда, БК өтүнмөсүндө жана БК Келишиминде белгиленген учурларды кошпогондо, БК заказчысы менен алдын ала макулдашуусуз БК Келишимин аткарууга байланыштуу БК кызмат көрсөтүүлөрүнүн маселелери боюнча маалыматты үчүнчү жактарга билдирбөөгө;
4.1.2. БК Келишимин аткарууга байланыштуу ыйгарым укуктуу бийлик органдарынын суроо-талаптары жана башка кайрылуулары жөнүндө мындай кайрылуулар келип түшкөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, мындай кабарлоо колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына каршы келбеген шартта БК заказчысына жазуу жүзүндө кабарлоого.
4.2. БК заказчысы төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.2.1. БК Келишимине карата Банктын суроо-талаптарын кароого жана Банктын суроо-талаптарына, анын ичинде кошумча документтерди жана маалыматтарды берүү боюнча кайрылууларына жоопторду жөнөтүүгө;
4.2.2. коштолуучу келишим боюнча бардык эсептешүүлөрдү (товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө) аткаруучунун өзүнчө эсебин пайдалануу менен гана ишке ашырууга. Банк БК Заказчысы менен аткаруучунун ортосунда аткаруучунун өзүнчө эсебин пайдаланбастан эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт;
4.2.3. БК Келишиминин 5-тиркемесинин редакциясында банктык коштоо жөнүндө шарттарды коштолуучу келишимде кароого.
5. БК Келишимдин баасы, эсептешүү жана БК кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруу-кабыл алуу тартиби
5.1. БК кызмат көрсөтүүлөрү Банк тарабынан комиссия албастан берилет.
5.2. Банктын эсептик-кассалык тейлөө, башка кызмат көрсөтүүлөрү, сервистери, БК кызмат көрсөтүүлөрүнө түздөн-түз тиешеси жок Банктын продуктулары сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрүнө Банктын тарифтерине ылайык акы төлөнөт.
5.3. БК Келишими боюнча БК кызмат көрсөтүүлөрүн тапшыруу- кабыл алуу отчеттук мезгил аяктагандан кийин ишке ашырылат. Отчеттук мезгил болуп календардык жыл эсептелет. Отчеттук мезгил аяктаган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Банк БК заказчысына кызмат көрсөтүүлөрдүн актысын тариздейт жана жөнөтөт (2 нускада).
5.4. БК заказчысы кызмат көрсөтүүлөрдүн актысына аны Банктан алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде кол коет жана бир нускасын Банкка кайтарып берет же ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттө өзүнүн жазуу жүзүндөгү негизделген каршы пикирлерин/дооматтарын берет. БК заказчысы тарабынан коюлган каршы пикирлер/дооматтар четтетилгенден кийин Банк БК заказчысына өз тарабынан кол коюлган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн актысын жөнөтөт. БК заказчысынан кызмат көрсөтүүлөрдүн кол коюлган актысы же жазуу жүзүндөгү жүйөлүү каршы пикирлер/дооматтар Банк кол койгон кызмат көрсөтүүлөрдүн актысын БК заказчысы алган учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде алынбаган учурда, кызмат көрсөтүүлөрдүн актысы Тараптар менен макулдашылган болуп эсептелет.
6. БК кызмат көрсөтүүлөрүн токтотуу тартиби
6.1. Банк коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга же коштолуучу келишимдин колдонулушун токтотууга (БК заказчысынан алынган кабарлоонун негизинде) же БК заказчысы БК өтүнмөсүн чакыртып алууга байланыштуу же болбосо мыйзамдарда белгиленген башка негиздер боюнча БК өтүнмөсү боюнча БК кызмат көрсөтүүлөрүн токтотот.
6.2. БК заказчысы коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган (башка негиздер боюнча коштолуучу келишимдин колдонулушу токтотулган) учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде БК Келишиминин 6-тиркемесине ылайык Банкка жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүүгө милдеттүү.
7. Тараптардын жоопкерчилиги. Жоопкерчиликти чектөө
7.1. Ушул бөлүмдө жана БК Келишиминин шарттарында жөнгө салынбаган маселелер боюнча Тараптар БК Келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7.2. БК катышуучулары тарабынан туура эмес, толук эмес же анык эмес негизделген документтерди же маалыматтарды берүүнүн натыйжасында которууга тескеме катары кабыл алынган которууга өтүнмөлөрдү аткаруу/аткарбоо үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт.
8. Кошумча жоболор(1)
8.1. БК Келишими белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптар ага кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
8.2. БК Келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.
8.3. БК Келишимине карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде БК Келишиминде түздөн-түз башкасы каралбаса, эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бирдиктүү документке кол коюу жолу менен жазуу жүзүндө жасалган болсо, анык болуп саналат.
8.4. БК Келишимин бузууга Тараптар менен макулдашуу боюнча жана соттун чечими же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча жол берилет.
8.5. БК Келишимин, БК өтүнмөсүн түзүүгө, аткарууга, өзгөртүүгө же токтотууга байланыштуу, ошондой эле анын жараксыздыгына байланыштуу маселелер боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
8.6. Эгерде талаш-тартышты сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга талаш-тартыш пайда болгон учурдан тартып 30 күндүн ичинде мүмкүн болбосо, анда талаш Банктын жайгашкан жери боюнча жергиликтүү сот тарабынан каралууга тийиш.
8.7. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, Банк өзүнчө эсептеги акча каражаттарынын калдыгына пайыздарды төлөбөйт, өзүнчө эсептеги акча каражаттарын аманаттарга (депозиттерге) жайгаштырбайт, өзүнчө эсептеги акча каражаттарынын калдыгын кармап туруу бүтүмдөрүн түзбөйт.
9. Тараптардын коммуникациясы
9.1. Жеке кабинет аркылуу жөнөтүлүшү жана/же алмашуусу мүмкүн болгондордон тышкары, БКнын Келишимине ылайык жөнөтүлүүчү бардык кабарламалар жана билдирүүлөр жазуу жүзүндө таризделет жана колдон-колго тапшырылат же почталык курьердик кызматтар менен жөнөтүлөт же БК Келишиминин 11-бөлүмүндө көрсөтүлгөн даректер боюнча тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен заказдык почта аркылуу жиберилет, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн даректер боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт:
Банк үчүн
Кимге: ________________________________________________________________________
Электрондук почта дареги: _______________________________________________________
БК заказчысы үчүн
Кимге:

Кабарлоо/билдирүү заказдык почта, почталык курьердик кызматтар менен жөнөтүлгөн учурда, Тарап ошондой эле 9.1-пунктта көрсөтүлгөн даректер боюнча электрондук почта аркылуу сканерленген түрдө кабарлоону/билдүрүүнү бир эле учурда экинчи Тарапка кайталоого милдеттенет. Мында кабарлоо/билдирүү кабыл алынды деп эсептелет жана электрондук почта аркылуу кабарлоо/билдирүү ийгиликтүү алынган учурда укуктук кесепеттерди жаратат, ал Тараптын электрондук почта системасы/корпоративдик системасы тарабынан ырасталышы мүмкүн. Эгерде кабарлоонун/билдирүүнүн түп нускасы жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн сканерленген көчүрмөсү бири-бирине дал келбесе, кабарлоонун/билдирүүнүн электрондук почта аркылуу жиберилген версиясы жарактуу болуп саналат. Бул учурда электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн тиешелүү сканерленген көчүрмөдөн айырмаланган кабарлоонун/билдирүүнүн түп нускасын жөнөткөн Тарап, кыска мөөнөттө электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн тиешелүү сканерленген көчүрмөгө шайкеш келген нускасын жазуу жүзүндө экинчи Тарапка берүүгө милдеттүү.
9.2. Тарап 9.1-пунктта көрсөтүлгөн өзүнүн байланыш маалыматтарын БК өтүнмөсүндө/БК параметрлерин өзгөртүү өтүнмөсүндө көрсөтүү же экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү жолу менен өзгөртүүгө укуктуу. Эгерде күчүнө кирүүнүн кыйла кеч мөөнөтү Тараптардын кабарлоосунда көрсөтүлбөсө, анда өзгөртүүлөр мындай кабарлоону жиберген Тараптан жазуу жүзүндөгү кабарлоону экинчи Тарап алган учурдан тартып күчүнө кирет.
10. БК Келишимине тиркемелер:
№ 1 тиркеме. Терминдер жана аныктамалар.
№ 2 тиркеме. Жумуштарды аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) келишимдер үчүн банктык коштоого өтүнмөнүн типтүү формасы.
№ 3 тиркеме. Товарды берүүгө келишимдер үчүн банктык коштоого өтүнмөнүн типтүү формасы.
№ 4 тиркеме. БК параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөнүн типтүү формасы.
№ 5 тиркеме. Коштолуучу келишимге киргизүүгө тийиш болгон банктык коштоонун типтүү шарттары.
№ 6 тиркеме. Коштолуучу келишимди аткаруу жөнүндө кабарлоонун типтүү формасы.
11. Тараптардын даректери жана реквизиттери
Банк: |
| БК заказчысы: |
Дареги: |
| Дареги: |
_______________________________ |
| _______________________________ |
_______________________________ |
| _______________________________ |
ИСН: |
| ИСН: |
_______________________________ |
| _______________________________ |
_______________________________ |
| _______________________________ |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
____________________/ аты-жөнү |
| ____________________/ аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 1-тиркеме |
Терминдер жана аныктамалар
№ | Термин/кыскартуу | Аныктама |
1 | Банктык коштоо (БК) | Банк тарабынан БК келишиминин, кошумча макулдашуунун негизинде өзүнчө эсептерди пайдалануу менен коштолуучу келишимди аткаруунун алкагында акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоону, анын ичинде эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүүнү жана өзүнчө эсептерди пайдалануу режимине ылайык которууга өтүнмөлөрдүн аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин, ошондой эле БК келишиминде, кошумча макулдашууда көрсөтүлгөн башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүү |
2 | Кошумча макулдашуу | Банк менен аткаруучунун (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу) ортосунда түзүлгөн, банк эсеби боюнча чыгаша операцияларын жүргүзүүнүн атайын режимин белгилеген, коштолуучу келишим/контракттар боюнча акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоону камсыз кылган БК келишимине кошумча макулдашуу |
3 | Банктык коштоого өтүнмө (БК өтүнмөсү) | Коштолуучу келишимди банктык коштоону уюштуруу максатында БК заказчысы тарабынан Банкка жиберилүүчү жана коштолуучу келишимди банктык коштоо шарттарын аныктаган банктык коштоо параметрлерин камтыган өтүнмө |
4 | Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмө (БК параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмө) | БК заказчысы тарабынан Банкка жиберилүүчү, банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүчү өтүнмө |
5 | Которууга өтүнмө | Коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу, аткаруучу тарабынан негиздөөчү документтерди кароонун натыйжалары боюнча аны аткаруу (аткаруудан баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Банкка жиберилүүчү которууга тескеменин долбоору |
6 | Коштолуучу келишимдин идентификатору | Банк тарабынан коштолуучу келишимге ыйгарылуучу уникалдуу санариптик маани |
7 | Аткаруучу | БК заказчысы менен коштолуучу келишим түзгөн берүүчү (аткаруучу, подрядчы) |
8 | Контракт | Аткаруучу менен коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусунун ортосунда же коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын ортосунда коштолуучу келишимди аткаруу/ишке ашыруу максаттары үчүн түзүлгөн келишим |
9 | Акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо | Банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу берилген негиздөөчү документтердин жана которууга өтүнмөлөрдүн банктык коштоо параметрлерине, коштолуучу келишимдин, ошондой эле контракттардын шарттарына ылайык келишин текшерүү жол-жобосу |
10 | Олуттуулук лимити | Коштолуучу келишимди аткаруунун алкагында субподрядчылардын, кошо аткаруучулардын, берүүчүлөрдүн (материалдык-техникалык ресурстарды өндүрүүчүлөрдү кошпогондо) ар бири менен түзүлүүчү контракттардын чектүү жалпы суммасы жана/же алар менен келишим жок болгон учурда коштолуучу келишимди аткаруунун алкагында субподрядчылардын, кошо аткаруучулардын, берүүчүлөрдүн (материалдык-техникалык ресурстарды өндүрүүчүлөрдү кошпогондо) ар биринин дарегине төлөмдөрдүн жалпы суммасы, аларды сактоо башка контрагенттерге аларды киргизүү үчүн негиз болуп саналат |
11 | Жеке кабинет | "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисиндеги авторлоштурулган зона, ал аркылуу БК заказчысы менен которууга талаштуу өтүнмөлөрдү макулдашуу, Банк менен БК заказчысынын ортосунда электрондук формада маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана документтерди алмашуу жүзөгө ашырылат, ошондой эле башка функционалга жеткиликтүүлүк камсыз кылынат |
12 | Негиздөөчү документтер | Келишимдер, аларга кошумча макулдашуулар, эсептер (же аларды алмаштыруучу документтер), товарларды/аткарылган иштерди/көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу актылары, эксплуатациялоого кабыл алуу актылары, коштомо кагаздар жана/же эгерде көрсөтүлгөн келишимдер тиешелүү формаларды караштырса, коштолуучу келишимде же контракттарда белгиленген формалар боюнча түзүлгөн жана коштолуучу келишимде жана/же контракттарда каралган милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу фактын ырастаган башка документтер (анын ичинде эсеп- негиздөөлөр, түшүндүрмөлөр, маалымкаттар, отчеттор, ошондой эле алардан көчүрмөлөр) |
13 | Өзүнчө эсеп | Коштолуучу келишимди жана/же коштолуучу келишимди/контракттарды аткаруу максаттары үчүн түзүлгөн келишимдерди аткарууда операцияларды жүргүзүү үчүн аткаруучуга жана/же коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусуна Банкта ачылган банктык эсеп, аны пайдалануу тартиби кошумча макулдашуу түзүлгөндөн кийин БК өтүнмөсү/БК параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмө менен аныкталат |
14 | Банктык коштоо параметрлери | БК өтүнмөсүндө аныкталган конкреттүү коштолуучу келишимге карата банктык коштоонун негизги шарттары, анын ичинде өзүнчө эсепти пайдалануу, коштолуучу келишимди ишке ашыруунун алкагында өзүнчө эсептерде БК катышуучуларынын эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо тартибине карата талаптар |
15 | Которууга тескеме | Төлөм тапшырмасы же формасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка эсептешүү (төлөм) документи |
16 | Коштолуучу келишим | БК заказчысынын аткаруучу менен түзгөн келишими (макулдашуусу), анын ичинде анын шарттарында банктык коштоо каралган анын бардык кошумча макулдашуулары |
17 | Которууга талаштуу өтүнмө | Аткаруучунун/коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусунун которууга өтүнмөсү, ага карата Банк БК келишимине ылайык БК заказчысы менен макулдашылууга тийиш болгон которууга өтүнмөнү макулдашуу/макулдашпоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл ала албайт |
18 | Банктык коштоонун катышуучулары | Банк, ошондой эле БК заказчысы, аткаруучу, коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары |
19 | Коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары | БК параметрлерине ылайык ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсептерди ачууга жана аларды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү болгон коштолуучу келишимди ишке ашыруу максатында тартылган адамдар |
20 | "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервиси | Банк тарабынан БК заказчысына берилүүчү, коштолуучу келишимдерди банктык коштоонун натыйжаларын чагылдыруу үчүн арналган санариптик сервис, ага кирүү жеке кабинет аркылуу камсыз кылынат |
21 | Башка контрагенттер | Коштолуучу келишимди аткаруу максаттары үчүн тартылган адамдар, алар банктык коштоонун белгиленген параметрлерине ылайык ыйгарым укуктуу банкта өзүнчө эсептерди ачууга жана аларды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга милдеттүү эмес |
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
____________________/ Аты-жөнү |
| _____________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 2-тиркеме |
Типтүү форма
Жумуштарды аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) келишимдер үчүн банктык коштоого ӨТҮНМӨ
Эскертүү: Жумуштарды аткарууга (кызматтарды көрсөтүүгө) келишимдер үчүн банктык коштоого өтүнмө БК заказчысынын фирмалык бланкында берүүчү тандап алган тиешелүү ыйгарым укуктуу банкты адресаттарда көрсөтүү менен таризделет.
Ушул БК өтүнмөсү "___________ Банк" ачык акционердик коомуна _____________ № ________ Банктык коштоо жөнүндө келишимдин (мындан ары - БК келишими) 2.1-пунктуна ылайык берилет.
I бөлүм. БК заказчысы, аткаруучу жана коштолуучу келишим жөнүндө маалыматтар
1. БК заказчысы жөнүндө маалыматтар:
Аталышы: |
|
ИСН: |
|
БК өтүнмөсү боюнча БК заказчысынын байланышуучу адамы: | Аты-жөнү: Кызмат орду: Телефону: Мобилдик телефону: Электрондук почтасынын дареги: |
БК кызматтарын көрсөтүү үчүн кошумча маалыматтар: |
|
2. Аткаруучу, коштолуучу келишим, отчетторду алуучулар жөнүндө маалыматтар:
Аткаруучу: аталышы, ИСН |
|
Аткаруучунун байланышуучу адамы: | Аты-жөнү: Кызмат орду: Телефону: Мобилдик телефону: Электрондук почтасынын дареги: |
Келишимдин аталышы жана номери, түзүлгөн датасы: |
|
Сатып алуу жөнүндө маалымат: | Номери: Сатып алуунун аталышы: Жарыяланган датасы: |
Келишимдин предмети: |
|
Келишимдин жалпы баасы (КНС, башка салыктарды эске алуу менен жана эске албастан): |
|
Келишимди колдонуу мөөнөтү: |
|
Банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду алуучу жактар жөнүндө маалыматтар: | Ыйгарым укуктуу орган |
II бөлүм. Банктык коштоо параметрлери
1. Олуттуулук лимити
Олуттуулук лимитин(2) төмөнкүлөр түзөт: _________________________________________________
2. Башка контрагенттердин (аларга өзүнчө эсеп ачуу талап кылынбаган жактардын) тизмеги
2.1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер - коштолуучу келишимди/Контрактты аткарууга байланыштуу төлөнүүчү салыктарды, жыйымдарды жана башка бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү алуучулар.
2.2. Мүлктүк кызыкчылыктарды камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн камсыздандыруучулар.
2.3. Контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууда келип чыккан акча талап кылуу (факторинг) укугун берүү менен каржылоо келишимдери боюнча финансылык агенттер (факторлор), фактор тарабынан акча каражаттарын которуу коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусунун өзүнчө эсебине же башка контрагенттин алыш-бериш эсебине жүзөгө ашырылган шартта.
2.4. Кредиттик уюмдар коштолуучу келишимди ишке ашыруу үчүн өзүнчө эсепке берилген кредиттерди төлөөдө, ошондой эле коштолуучу келишимди аткаруу максаттары үчүн берилген банктык кепилдиктердин наркын төлөөдө.
2.5. Көрсөтүлгөн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үчүн төлөмдөрдү алуучулар.
2.6. Табигый монополиялардын субъекттери.
2.7. Мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддор.
2.8. Банк.
2.9. Товарларды түздөн-түз өндүрүүчүлөр (даярдоочулар).
2.10. Менчик укугун ырастаган документтердин негизинде алардын менчиги болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүчүлөр (лизинг берүүчүлөр).
2.11. Субижара (сублизинг) келишиминин негизинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү субижарага алуучулар (лизинг берүүчүлөр).
2.12. Мамлекеттик жана муниципалдык реестрлерден маалыматтарды, лицензияларды жана башка суроо-талаптарды бергендиги үчүн төлөмдөрдү алуучулар, мамлекеттик алымдарды алуучулар.
2.13. Коштолуучу келишим жана/же контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууга тартылган субподрядчылар, кошо аткаруучулар, берүүчүлөр (материалдык-техникалык ресурстарды өндүрүүчүлөрдү кошпогондо), алардын ар бири менен түзүлүүчү келишимдердин чектүү жалпы суммасы/алар менен келишим жок болгон учурда коштолуучу келишимди аткаруунун алкагында мындай жактардын (материалдык-техникалык ресурстарды өндүрүүчүлөрдү кошпогондо) ар биринин дарегине төлөмдөрдүн жалпы суммасы олуттуулук лимитинен ашпаган шартта.
2.14. Эмгек келишимдери боюнча өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн сый акы, кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондунан төлөмдөрдү, иш сапардык жана өкүлчүлүк чыгымдарга төлөмдөрдү алуучу жеке жактар.
2.15. Коштолуучу келишим жана/же контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууга тартылган жана жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн сый акы алуучу жеке жактар.
2.16. Жер тилкелеринин инженердик тармактарын алып коюуга чейин аларды жылдыруу боюнча иштерди аткаруу үчүн курулуш аймагын даярдоо үчүн зарыл болгон мындай тилкелердин менчик ээлери жана (же) укук ээлери.
2.17. Талаптары мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын мажбурлап аткартуу жөнүндө берилген документтер менен ырасталган кредиторлор.
2.18. Чет өлкөлүк контрагенттер.
2.19. Отун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүчүлөр.
2.20. Техника, жабдуулар, автотранспорт, чакан механизация каражаттары жана өндүрүштүн башка каражаттары үчүн запастык бөлүктөрдү, ошондой эле техниканы, жабдууларды, автотранспортту, чакан механизация каражаттарын жана өндүрүштүн башка каражаттарын оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү компаниялардын берүүчүлөрү.
2.21. Курулуш, долбоорлоо чөйрөсүндөгү жана инженердик изилдөөлөр жаатындагы ишти контролдоону жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес (өзүн-өзү жөнгө салуучу) уюмдар.
2.22. Топуракты жана калдыктарды утилдештирүү (жайгаштыруу) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү субподрядчылар.
2.23. Расмий дистрибьюторлор, дилерлер, соода үйлөрү, логистикалык операторлор жана тийиштүү материалдарга, сырьелорго, конструкцияларга, жабдууларга, техникага акы төлөөдө товарларды түздөн-түз даярдоочунун атынан сатуу укугу берилген башка жактар.
2.24. БК заказчысы тарабынан төлөмдөрдүн чектүү көлөмүн коштолуучу келишимдин/контракттын баасынын ____________%ын белгилөө менен төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды берүүчүлөр:
2.24.1. кызматтык жол кире жана жашап туруу, ошондой эле кызматтык иш сапарларда кызматкерлердин кызматтык жол киресин жана жашап туруусун уюштуруу боюнча, ошондой эле вахталык метод менен иштерди аткарууда кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.2. кызматкерлерди ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.3. кызматкерлердин тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.4. байланыш кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде мобилдик байланыш, интернетке мобилдик жана стационардык кирүү мүмкүндүгү менен камсыз кылуу, почта-телеграф кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде корреспонденцияны экспресс-жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.5. кеңсе техникасын, кеңсе эмеректерин жана аларга чыгымдалуучу материалдарды берүү жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.6. геодезиялык, лабораториялык жабдууларды, инструменттик контролдоо каражаттарын жана аларга чыгымдалуучу материалдарды берүү, коштоо жана текшерүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.7. маалыматтык-аналитикалык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (программалык камсыздоону, маалыматтар базасын сатып алуу жана жаңылоо, сатып алынган программалык камсыздоону техникалык колдоо);
2.24.8. күзөт кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде видеобайкоо жана сигнализация системаларынын адистештирилген жабдууларын берүү жана орнотуу;
2.24.9. сапатты контролдоо жана сыноолорду жүргүзүү, экологиялык мониторинг жүргүзүү боюнча адистештирилген уюмдардын (лабораториялардын) кызмат көрсөтүүлөрү (жумуштары);
2.24.10. кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу программалары боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.11. жыйнап-тазалоо (клининг) кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде тиричилик таштандыларын жана карды чыгаруу;
2.24.12. эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
2.24.13. аудиторлордун, нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
2.24.14. кызматкерлерди медициналык тейлөө, анын ичинде кызматкерлерди психиатриялык күбөлөндүрүү кызмат көрсөтүүлөрү;
2.24.15. ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү;
2.24.16. курулуш процессин илимий-техникалык коштоо кызмат көрсөтүүлөрү;
2.24.17. канцтоварларды, ичүүчү сууну, чарбалык товарларды, медикаменттерди берүү;
2.24.18. коштолуучу келишимди ишке ашыруу/контрактты аткаруу үчүн зарыл болгон логистикалык кызмат көрсөтүүлөр.
3. Өзүнчө эсепти пайдалануу тартиби
3.1. Өзүнчө эсеп боюнча уруксат берилген операциялардын тизмеги:
3.1.1. накталай эмес акча каражаттарын чектөөсүз эсепке киргизүү;
3.1.2. накталай акча каражаттарын чектөөсүз эсепке киргизүү;
3.1.3. коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусунун өзүнчө эсебине акча каражаттарын которуу;
3.1.4. тиешелүү коштолуучу келишим/контракт боюнча келишимдик милдеттенмелердин көлөмү өзгөргөн учурда, жогору турган контрагентке акча каражаттарын которуу (акча каражаттарын кайтарып берүү);
3.1.5. акча каражаттарын өзүнчө эсептер болуп саналбаган акча каражаттарын алуучулардын банктык эсептерине которуу:
3.1.5.1. эгерде акча каражаттарын алуучу Башка контрагенттердин тизмегине кирген болсо;
3.1.5.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда каражаттарды өндүрүп алуучулардын тескемелерине ылайык;
3.1.5.3. жаңылыш эсепке киргизилген акча каражаттарын кайтарып берүү максатында;
3.1.5.4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катталган субподрядчыларга, берүүчүлөргө, аткаруучуларга (чет өлкөлүк контрагенттер);
3.1.5.5. БК заказчысынын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча;
3.1.5.6. Банк тарабынан өзүнчө эсепке берилген кредиттерди кайтарып берүү, ошондой эле тиешелүү кредиттик макулдашууларда каралган шарттарга ылайык кредиттерди пайдалангандыгы үчүн кошо эсептелген пайыздарды (айыптарсыз, туумдарсыз жана айып төлөмдөрсүз), ошондой эле өзүнчө эсепти эсептик-кассалык тейлөө үчүн комиссияларды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу (Банк тарабынан талаптарды канааттандыруу) максатында Банк тарабынан акча каражаттарын өзүнчө эсептен алып салуу/которуу.
3.1.6. акча каражаттарын өзүнчө эсептер болуп саналбаган өздүк банктык эсептерге которуу:
3.1.6.1. өзүнчө эсептер болуп саналбаган өздүк банктык эсептерден өзүнчө эсепке же Банктын кассасы аркылуу эсепке киргизилген акча каражаттарынын суммасынан ашпаган өлчөмдө;
3.1.6.2. коштолуучу келишимди аткарууга байланышкан документ түрүндө ырасталган, коштолуучу келишим/контракт түзүлгөн датага чейин башка банктык эсептерден төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасында;
3.1.6.3. коштолуучу келишим/контракт түзүлгөн датадан кийин товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эсептешүү менен сатып алууга байланышкан өздүк акча каражаттарынын эсебинен тарткан чыгымдарды компенсациялоо максатында документ түрүндө ырасталган төлөмдөрдүн суммасында, коштолуучу келишим боюнча белгиленген олуттуулук лимитине барабар, бирок коштолуучу келишимдин/контракттын баасынын 5%ынан ашпаган сумманын чегинде.
3.1.6.4. коштолуучу келишим/коштолуучу келишим/контракт этабы аткарылгандан кийин коштолуучу келишимде/контрактта каралган сый акынын (кирешенин) суммасында;
3.1.6.5. "эмгек акы долбоорун" же эмгек акы алуу (берүү) үчүн эсепти пайдалануу менен кызматкерлерге эмгек акы, кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондунан башка төлөмдөрдү төлөө, иш сапардык жана өкүлчүлүк чыгымдарды төлөө максатында акча каражаттарын которуу (берүү).
3.2. Өзүнчө эсеп боюнча жүргүзүүгө жол берилбеген операциялардын тизмеги:
3.2.1. башка юридикалык жактардын уставдык (топтоочу) капиталын түзүүгө байланышкан операциялар;
3.2.2. кайрымдуулук иштерин жүргүзүү жана кайрымдуулук кылуу менен байланышкан операциялар;
3.2.3. баалуу кагаздарды (анын ичинде векселдерди) сатып алуу;
3.2.4. баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдардан жасалган монеталарды сатып алуу;
3.2.5. Банктык коштоо параметрлеринде белгиленген учурларды кошпогондо, өзүнчө эсептер болуп саналбаган банктык эсептерге акча каражаттарын которуу;
3.2.6. электрондук акча каражаттарын жана криптовалюталарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү;
3.2.7. өз ара чегерүүлөрдү жүргүзүү;
3.2.8. милдеттенмелердин, анын ичинде коштолуучу келишим/контракт боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга кепилдиктерди берүү;
3.2.9. жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн жеке жактарга сый акыларды төлөөнү, эмгек акыны, кызматкерлердин эмгек акы фондунан башка төлөмдөрдү, иш сапардык жана өкүлчүлүк чыгымдарды төлөөнү кошпогондо, жеке жактарга акча каражаттарын которуу (берүү);
3.2.10. зайымдарды берүү;
3.2.11. жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, коштолуучу келишимди/контрактты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстарды сатып алуу үчүн өзүнчө эсепке берилген зайымдарды, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды кайтарып берүүнү кошпогондо, зайымдардын, кредиттердин жана алар боюнча пайыздардын жана/же банктык коштоонун ушул параметрлеринин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттердин жана алар боюнча пайыздардын суммасын кайтарып берүү;
3.2.12. чет өлкөлүк контрагенттердин дарегине кийин которуу үчүн конверсиялоо менен которууларды кошпогондо, чет өлкөлүк валютаны сатып алуу;
3.2.13. минималдуу азайбаган калдыкты түзүү үчүн акча каражаттарын депозиттерге жайгаштыруу, ошондой эле башка финансылык инструменттер.
4. Акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо предмети
Банк тарабынан акча каражаттарынын өзүнчө эсеп боюнча максаттуу чыгымдалышын төмөнкүлөр боюнча контролдоо:
1) аткарылуучу жумуштардын, көрсөтүлүүчү кызматтардын, сатып алынуучу товарлардын, башка сарптоолордун түрүнүн, көлөмүнүн, мазмунунун, наркынын коштолуучу келишимдин шарттарына (предметине жана максаттарына), ошондой эле тиешелүү контракттардын шарттарына ылайык келүүсү;
2) берилген негиздөөчү документтердин коштолуучу келишимдин шарттарына, ошондой эле тиешелүү контракттардын шарттарына ылайык келүүсү;
3) которууга өтүнмөлөрдөгү төлөм багытынын коштолуучу келишимдин шарттарына, ошондой эле тиешелүү контракттардын шарттарына ылайык келүүсү;
4) банктык коштоо параметрлерине ылайык келүү.
5. Акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контроль жүргүзүүдө Банктын которууга өтүнмөнү аткаруудан баш тартуусуна алып келген учурлардын тизмеги
Өзүнчө эсептен акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо шарттарынын сакталышын текшерүүнүн терс натыйжалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) которууга өтүнмөнүн БК параметрлерине ылайык келбеши;
2) Банкка негиздөөчү документтердин (анын ичинде анын кошумча суроо-талабы боюнча) жана/же которууга өтүнмөнүн берилбегендиги жана (же) толук эмес берилиши;
3) которууга өтүнмөнүн суммасынын (өзүнчө эсептен төлөмдүн өлчөмүнүн), анын ичинде которууга Банк тарабынан мурда аткарылган тескемелерди эске алуу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылып жаткан коштолуучу келишимдин же контракттын суммасынан жана/же авансты же аткарылган (коюлган) жумуштарды (товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү) төлөөгө эсептин жана/же башка негиздөөчү документтердин суммасынан ашып кетиши;
4) алуучу менен эсептешүүлөр өзүнчө эсепти пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда өзүнчө эсеп болуп саналбаган мындай адамдын банктык эсебинин реквизиттерин которууга өтүнмөдө көрсөтүү;
5) сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), акы төлөнүүчү чыгымдардын коштолуучу келишимдин предметине жана максаттарына ылайык келбеши;
6) которууга өтүнмөдө коштолуучу келишимдин идентификаторунун жоктугу же туура эмес көрсөтүлүшү.
6. Өзүнчө эсептерди жабуу/өзүнчө эсепти банктык эсеп режимине которуу тартибинин өзгөчөлүктөрү
Өзүнчө эсептин ээси төмөнкү шарттарды сактаган учурда Банк тарабынан өзүнчө эсеп жабылат (банктык эсеп режимине которулат):
аткаруучу үчүн:
1) коштолуучу келишим боюнча бардык милдеттенмелердин алар тарабынан аткарылгандыгын ырастоо;
2) тиешелүү негиздөөчү документтерди тиркөө менен коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары менен келишимдер боюнча бардык эсептешүүлөрдүн алар тарабынан аяктагандыгын ырастоо;
3) коштолуучу келишимдин аткарылышы жөнүндө БК заказчысынын кабарламасын Банктын алуусу;
коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары үчүн:
1) алардын контракт боюнча бардык милдеттенмелерди аткарышы;
2) алардын тиешелүү негиздөөчү документтерди тиркөө менен контрактты аткаруу үчүн алар тарабынан тартылган контрагенттер менен бардык эсептешүүлөрдү аяктоосу.
III бөлүм. "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисине кошуу (Бул бөлүм коштолуучу келишим боюнча БК заказчысынын жооптуу адамдарынын бул сервиске кирүү мүмкүндүгү болгон учурда толтурулбайт)
БК заказчысы "Банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисинин жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн БК заказчысынын төмөнкү [төмөнкү таблицада/БК өтүнмөсүнө № _____ тиркемеде*] көрсөтүлгөн кызматкерлерине (колдонуучуларына) берүүнү өтүнөт:
Кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду | Электрондук почтанын дареги | Телефону | Которууга талаштуу өтүнмөлөрдү макулдашууга укук талап кылынабы: Ооба/Жок |
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Эгерде таблицада 5 (бештен) ашык кызматкер көрсөтүлсө, таблица өзүнчө тиркеме менен таризделет.
Тиркеме:
Коштолуучу келишимдин көчүрмөсү _____ б., 1 нус.
БК заказчысы:
БК заказчысынын аталышы, кызмат орду
_______________________/Аты-жөнү "___" ______________ 20____-ж.
М.О.
Банк тарабынан бекитилгендиги жөнүндө белги:
Банктык коштоого өтүнмө "____________" ААК тарабынан бекитилди.
Коштолуучу келишимди банктык коштоого ушул өтүнмө боюнча төмөнкү идентификатор ыйгарылгандыгын БК заказчысына маалымдайбыз: _______________________.
"________________" ААК кызмат орду
___________________________/ Аты-жөнү "___" ____________ 20____-ж.
М.О.
_____________________________________________________________________________________________
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
________________________/ Аты-жөнү |
| ________________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 3-тиркеме |
Типтүү форма
Товарларды берүүгө келишимдер үчүн банктык коштоого ӨТҮНМӨ
Эскертүү: Товарларды берүүгө келишимдер үчүн банктык коштоого өтүнмө адресаттарда берүүчү тандап алган тиешелүү ыйгарым укуктуу банкты көрсөтүү менен БК заказчысынын фирмалык бланкында таризделет.
Ушул БК өтүнмөсү _____________ № _______ Банктык коштоо жөнүндө келишимдин (мындан ары - БК келишими) 2.1-пунктуна ылайык "_________ Банк" ачык акционердик коомуна берилет.

1. БК заказчысы жөнүндө маалымат:
Аталышы: |
|
ИСН: |
|
БК өтүнмөсү боюнча БК заказчысынын байланышуучу адамы | Аты-жөнү: Кызмат орду: Телефону: Мобилдик телефону: Электрондук почтасынын дареги: |
БК кызматтарын көрсөтүү үчүн кошумча маалыматтар |
|
2. Аткаруучу, коштолуучу келишим, отчетторду алуучу жөнүндө маалыматтар:
Аткаруучу: аталышы, ИСН |
|
Аткаруучунун байланышуучу адамы | Аты-жөнү: Кызмат орду: Телефону: Мобилдик телефону: Электрондук почтасынын дареги: |
Келишимдин аталышы жана номери, түзүлгөн дата: |
|
Сатып алуу жөнүндө маалымат: | Номери: Сатып алуунун аталышы: Жарыяланган дата: |
Келишимдин предмети: |
|
Келишимдин жалпы баасы (КНСти, башка салыктарды эске алуу менен жана эске албастан): |
|
Келишимдин колдонуу мөөнөтү: |
|
Банктык коштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетторду алуучу жактар жөнүндө маалымат: | Ыйгарым укуктуу орган |
II бөлүм. Банктык коштоо параметрлери
1. Олуттуулук лимити
Олуттуулук лимити(3) төмөнкүлөрдү түзөт: ______________________________________________________
2. Башка контрагенттердин (өзүнчө эсеп ачууну талап кылбаган жактардын) тизмеги
2.1. мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер - коштолуучу келишим/контракт боюнча товарларды берүүгө байланыштуу төлөнүүчү салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү алуучулар;
2.2. мүлктүк кызыкчылыктарды камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн камсыздандыруучулар;
2.3. контракт боюнча милдеттенмелерди аткарууда келип чыккан акча талап кылуу (факторинг) укугун берүү менен каржылоо келишимдери боюнча финансылык агенттер (факторлор), фактор тарабынан акча каражаттарын которуу коштолуучу келишимди ишке ашыруучунун катышуучусунун өзүнчө эсебине же башка контрагенттин алыш-бериш эсебине жүзөгө ашырылган шартта;
2.4. кредиттик уюмдар - коштолуучу келишимди ишке ашыруу үчүн өзүнчө эсепке берилген кредиттерди төлөөдө, ошондой эле коштолуучу келишимди аткаруу максатында берилген банктык кепилдиктердин наркын төлөөдө;
2.5. коштоочу кызматтарды көрсөтүү (аткаруу) үчүн Коштолуучу келишимди аткарууга тартылган юридикалык жактар (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбагандар) жана жеке ишкерлер(4);
2.6. товарларды берүүчүлөр - коштолуучу келишимди аткарууга тартылган жана белгиленген олуттуулук лимитине ылайык башка контрагенттерге кирген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
2.7. коштолуучу келишимде көрсөтүлгөн товарларды өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) жана өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү(5) (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналбагандар).
3. Өзүнчө эсепти пайдалануу тартиби
3.1. уруксат берилген операциялардын тизмеги:

3.1.3. акча каражаттарын коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусунун өзүнчө эсебине которуу;
3.1.4. тиешелүү коштолуучу келишим/контракт боюнча келишимдик милдеттенмелердин көлөмү өзгөргөн учурда, жогору турган контрагентке акча каражаттарын которуу (акча каражаттарын кайтаруу);

3.1.5.1. эгерде акча каражаттарын алуучу Башка контрагенттердин тизмегине кирсе;

3.1.5.3. жаңылыш эсепке киргизилген акча каражаттарын кайтаруу максатында;
3.1.5.4. чет өлкөлүк контрагенттерге;

3.1.5.6. Банк тарабынан өзүнчө эсепке берилген кредиттерди кайтаруу (Банк тарабынан талаптарды канааттандыруу), ошондой эле тиешелүү кредиттик макулдашууларда каралган шарттарга ылайык кредиттерди пайдалануу үчүн эсептелген пайыздарды (айыптарды, туумдарды жана айып төлөмдөрдү кошпогондо), ошондой эле өзүнчө эсепти эсептик-кассалык тейлөө үчүн комиссияларды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында өзүнчө эсептен акча каражаттарын Банк тарабынан эсептен чыгаруу/которуу.

3.1.6.2. коштолуучу келишимди аткарууга байланышкан, коштолуучу келишим/контракт түзүлгөн датага чейин башка банктык эсептерден төлөнгөн, документ түрүндө ырасталган төлөмдөрдүн суммасында;
3.1.6.3. коштолуучу контракт/контракт түзүлгөн датадан кийин тарткан чыгымдарды накталай эсептешүү менен товарларды сатып алууга байланышкан өздүк акча каражаттарынын эсебинен компенсациялоо максатында документтик түрдө ырасталган төлөмдөрдүн суммасында, коштолуучу келишим боюнча белгиленген олуттуулук лимитине барабар, бирок коштолуучу келишимдин/контракттын баасынан 5% ашпаган сумманын чегинде;
3.1.6.4. төмөнкү шарттар бир эле учурда сакталганда көрсөтүлгөн келишим толук аткарылганга чейин коштолуучу келишим (контракт) боюнча БК заказчысы (кооперациянын жогору турган деңгээлдеги заказчысы) тарабынан иш жүзүндө берилген жана кабыл алынган товарлардын суммасында: келишимдин тараптары тарабынан товарды бөлүктөр (партиялар) менен берүү каралган, аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу) белгиленген банктык коштоо параметрлерине ылайык БК заказчысы (кооперациянын жогору турган деңгээлиндеги заказчы) тарабынан кабыл алынган товарлардын партиясын берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн тартылган контрагенттер менен бардык эсептешүүлөрдү аяктады.
3.2. Өзүнчө эсеп боюнча жасоого жол берилбеген операциялардын тизмеги:

3.2.2. кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашырууга жана кайрымдуулук кылууга байланышкан операциялар;

3.2.5. банктык коштоонун параметрлеринде белгиленген учурларды кошпогондо, өзүнчө эсептер болуп саналбаган банктык эсептерге акча каражаттарын которуу;
3.2.6. электрондук акча каражаттарын жана криптовалюталарды колдонуу менен операцияларды жүргүзүү;
3.2.7. өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү;
3.2.8. милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга кепилдиктерди берүү, анын ичинде коштолуучу келишим, контракт боюнча;
3.2.9. жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн эмгек акыны, кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондунан башка төлөмдөрдү, иш сапар жана өкүлчүлүк чыгымдарын төлөөнү, жеке жактардын сый акыларын төлөөнү кошпогондо, жеке жактарга акча каражаттарын которуу (берүү);
3.2.10. зайымдарды берүү;
3.2.11. жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, коштолуучу келишимди/контрактты жана/же кредиттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстарды сатып алуу үчүн өзүнчө эсепке берилген зайымдарды, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды кайтарууну кошпогондо, зайымдардын, кредиттердин жана алар боюнча пайыздардын жана банктык коштоонун ушул параметрлеринин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн алар боюнча пайыздардын суммаларын кайтаруу;
3.2.12. чет өлкөлүк контрагенттердин дарегине андан ары которуу үчүн конвертацияланган которууларды кошпогондо, чет өлкөлүк валютаны сатып алуу;
3.2.13. минималдуу азайбаган калдыкты түзүү үчүн акча каражаттарын депозиттерге, ошондой эле башка финансылык инструменттерге жайгаштыруу.

Өзүнчө эсеп боюнча акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо Банк тарабынан төмөнкүлөргө карата жүргүзүлөт:
1) башка контрагенттердин тизмегинде өзүнчө эсептер болуп саналбаган банктык эсептерге эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган контрагенттердин болушу (шайкештиги);
2) которууга өтүнмөнүн, анын ичинде төлөмдүн багытынын берилген негиздөөчү документтердин мазмунуна ылайык келиши;
3) тиешелүү контрагенттин алдында акчалай милдеттенмелердин келип чыгышын ырастаган негиздөөчү документтерде көрсөтүлгөн сатып алынуучу товарлардын, көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын түрүнүн (мазмунунун), көлөмүнүн (санынын) наркынын, башка чыгымдардын коштолуучу келишимди аткаруу максаттары үчүн аны менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык келиши;
4) которууга өтүнмөнүн жана негиздөөчү документтердин коштолуучу келишимдин (контракттын) предметине (максаттарына) жана шарттарына ылайык келиши;
5) которууга өтүнмөдөгү төлөм багытынын жана негиздөөчү документтердин мазмунунун өзүнчө эсепти пайдалануу тартибине ылайык келиши;
6) аткаруучу (коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу) тарабынан берилген которууга өтүнмөдө коштолуучу келишимдин идентификаторунун болушу жана анын коштолуучу келишимге ыйгарылган коштолуучу келишимдин идентификаторуна ылайык келиши.

1) которууга өтүнмөнүн Банктык параметрлерине ылайык келбеши;
2) Банкка негиздөөчү документтердин (анын ичинде анын кошумча суроо-талабы боюнча) жана/же которууга өтүнмөнүн берилбеши жана (же) толук эмес берилиши;
3) которууга Банк тарабынан мурда аткарылган тескемелерди эске алуу менен которууга өтүнмөнүн суммасынын (өзүнчө эсептен төлөмдүн өлчөмүнүн) эсептешүүлөрдү жүргүзүү пландалган коштолуучу келишимдин же контракттын суммасынан жана/же авансты же аткарылган (коюлган) иштерди (товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү) төлөөгө эсептин суммасынан жана/же башка негиздөөчү документтерден ашып кетиши;
4) мындай адам менен эсептешүүлөр өзүнчө эсепти пайдалануу менен жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда, өзүнчө эсеп болуп саналбаган алуучунун банктык эсебинин реквизиттерин которууга өтүнмөдө көрсөтүү;
5) сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), акы төлөнүүчү чыгашалардын коштолуучу келишимдин предметине жана максаттарына ылайык келбеши;

Өзүнчө эсептин ээси төмөнкү шарттарды бир эле убакта сактаган учурда, өзүнчө эсеп Банк тарабынан жабылат/банктык эсеп режимине которулат:
Аткаруучу үчүн:
1) ал тарабынан коштолуучу келишим боюнча бардык милдеттенмелердин аткарылгандыгын ырастоо;
2) ал тарабынан тиешелүү негиздөөчү документтерди тиркөө менен коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары менен келишимдер боюнча бардык эсептешүүлөрдүн аяктагандыгын ырастоо;
3) Банктын коштолуучу келишимдин аткарылышы жөнүндө БК заказчысынын кабарлоосун алуусу.
Коштоочу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу үчүн:
1) ал тарабынан контракт боюнча бардык милдеттенмелердин аткарылышы;
2) ал тарабынан тиешелүү негиздөөчү документтерди тиркөө менен келишимди аткаруу үчүн тартылган контрагенттер менен бардык эсептешүүлөрдүн аякташы.

БК заказчысы "БК интерактивдүү отчеттуулугу" сервисинин жеке кабинетине БК заказчысынын [төмөнкү таблицада/БК өтүнмөсүнө БК ______ тиркемеде(*)] көрсөтүлгөн кызматкерлерине (колдонуучуларына) кирүү мүмкүндүгүн берүүнү өтүнөт:
Кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду | Электрондук почтасынын дареги | Телефону | Которууга талаштуу өтүнмөлөрдү макулдашуу укугу талап кылынабы: Ооба/Жок |

_________________________/ Аты-жөнү 20___-ж. "___" _____________

Бекитилди
Ушул БК өтүнмөсү боюнча коштолуучу келишимге коштолуучу келишимдин төмөнкү идентификатору ыйгарылгандыгын маалымдайбыз: ____________.
М.О. 20___-ж. "____" ______________
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
______________________/ Аты-жөнү |
| ______________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 4-тиркеме |
Типтүү форма(6)
Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө ӨТҮНМӨ (фирмалык бланкта таризделет)
|
| Кызмат орду |
|
| "__________ Банк" ААК |
|
| Аты-жөнү |
Чыг. №
20___-ж. "____" _____________
Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө ӨТҮНМӨ
Коштолуучу келишимдин идентификатору: ___________________________________________.
Ушул Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмө 20___-жылдын "___" ____________ № _______ Банктык коштоо жөнүндө келишимге ылайык 20___-жылдын "___" _________ № _____ коштоого өтүнмөгө (мындан ары - БК өтүнмөсү) карата берилет.
БК заказчысы "__________ Банк" ААКтан БК өтүнмөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөт:
(Өзгөртүүлөрдүн тексти көрсөтүлөт).
БК заказчысы
Кызмат орду
______________________/ Аты-жөнү 20___-ж. "___" ______________
М.О.
__________________________________________________________________________________
Банк тарабынан бекитилгендиги жөнүндө белгиси:
Банктык коштоо параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмө бекитилди
"______________ Банк" ААК
"______________ Банк" ААК кызмат орду
____________________________/ Аты-жөнү 20___-ж. "___" _______________
___________________________________________________________________________________
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
______________________/ Аты-жөнү |
| ______________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 5-тиркеме |
Типтүү форма
Коштолуучу келишимге киргизүүгө тийиш болгон банктык коштоонун ТИПТҮҮ ШАРТТАРЫ
1. Келишимге төмөнкү терминдер жана аныктамалар киргизилсин:
"Банктык коштоо" - заказчы (сатып алуучу) менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде Банк тарабынан келишимге ________ № ________ кошумча макулдашуунун № _____ тиркемесинде көрсөтүлгөн банктык коштоо шарттарына ылайык аткаруучуга жана коштоо келишимин ишке ашыруунун катышуучуларына Банкта ачылган өзүнчө эсептерди пайдалануу менен коштолуучу келишимди ишке ашыруунун алкагында акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу.
2. Келишимдин тексти боюнча Тараптардын төмөнкү милдеттенмелери жана жоопкерчиликтери киргизилсин:
Эсептешүүлөрдүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого:
______________ келишим боюнча төлөмдөр келишимдин банктык коштоо шарттарынын (келишимге ________ № ______ кошумча макулдашуунун № ____ тиркемеси) 3-пунктунда көрсөтүлгөн банктык коштоо кызматтарын көрсөтүү максатында Банк тарабынан ачылган аткаруучунун (подрядчынын/берүүчүнүн) өзүнчө эсебине(7) (мындан ары - өзүнчө эсеп) жүзөгө ашырылат.
Аткаруучунун (подрядчынын/берүүчүнүн) милдеттенмелери жөнүндө жобого:
_____________ аткаруучу (подрядчы/берүүчү) акча каражаттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланууга милдеттүү.
Аткаруучу (подрядчы/берүүчү) банктык коштоо шарттарында (келишимге № кошумча макулдашуунун _________ № ____ тиркемеси) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө келишим боюнча эсептешүүлөр максатында Банкта өзүнчө эсеп ачууга жана келишим боюнча бардык эсептешүүлөрдү аны пайдалануу режимин сактоо менен өзүнчө эсепти пайдалануу менен гана жүзөгө ашырууга милдеттүү. Аткаруучу (подрядчы/берүүчү) тарабынан өзүнчө эсеп ачуу боюнча милдеттенменин аткарылбашы же өз убагында аткарылбашы заказчыны (сатып алуучуну) аткаруучудан (подрядчыдан/берүүчүдөн) өзүнчө эсеп ачуу жөнүндө кабарлоону алган датага чейин келишим боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмеден, ошондой эле бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчиликтен бошотот.
Тараптардын жоопкерчилиги жөнүндө жобого:
______________ аткаруучу (подрядчы/берүүчү) тарабынан банктык коштоо шарттарынын (келишимге ____________ № _____ кошумча макулдашуунун № ____ тиркемеси) 3-пунктунун 3.1-пунктчасында белгиленген мөөнөттүн бузулгандыгы үчүн заказчы (сатып алуучу) аткаруучудан (подрядчыдан/берүүчүдөн) мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн келишимдин баасынан туумду төлөө датасына карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги ставкасынын ________ (__________) өлчөмүндө туумду төлөөнү талап кылууга укуктуу".
_______________ аткаруучу (подрядчы/берүүчү) тарабынан эсептешүүлөрдү өзүнчө эсепти пайдалануу менен жүргүзүү милдетинин бузулгандыгы үчүн аткаруучу (подрядчы/берүүчү) заказчыга (сатып алуучуга) өзүнчө эсепти пайдаланбастан жасалган ар бир операциянын суммасынын 30 (отуз) пайызы өлчөмүндө айып төлөм (айып) төлөйт".
Келишимди бузуу жөнүндө жобого:
_______________ заказчы (сатып алуучу) аткаруучу (подрядчы/берүүчү) тарабынан банктык коштоо шарттарынын (келишимге _________ № ______ кошумча макулдашуунун № ____ тиркемеси) 3-пунктунун 3.2-пунктчаларында белгиленген милдеттер аткарылбаган учурда келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.
Келишимдин тиркемесине:
"Банктык коштоо шарттарынын" № _____ тиркемеси.
3. Келишимге төмөнкүдөй мазмундагы тиркеме киргизилсин:
|
| № ______ тиркеме |
Банктык коштоо шарттары
1. Бул Келишимди аткаруу банктык коштоону колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Келишимде төмөнкүдөй мааниге ээ терминдер колдонулат:
1.1. Банктык коштоо - заказчы (сатып алуучу) менен түзүлгөн банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде Банк тарабынан аткаруучуга жана коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларына Банкта ачылган өзүнчө эсептерди пайдалануу менен коштолуучу келишимди ишке ашыруунун алкагында акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу.
1.2. Банк - _______________, ИСН _______________.
1.3. Банктык коштоого өтүнмө - коштолуучу келишимди банктык коштоону уюштуруу максатында банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте заказчы (сатып алуучу) тарабынан Банкка берилген жана коштолуучу келишимди банктык коштоо шарттарын аныктаган банктык коштоонун параметрлерин камтыган өтүнмө.
1.3. Өзүнчө эсеп - коштолуучу келишимди жана/же коштолуучу келишимди аткаруу максатында түзүлгөн келишимдерди аткарууда операцияларды жүргүзүү үчүн Банкта ачылган банктык эсеп, аны пайдалануу тартиби банктык коштоонун параметрлери менен аныкталат.
1.4. Банктык коштоо параметрлери - заказчы (сатып алуучу) тарабынан банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте коштолуучу келишимге карата аныкталган, аткаруучунун жана коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучуларынын коштолуучу келишимди аткаруусунун жүрүшүндө жүзөгө ашырылуучу эсептешүүлөрдүн алкагында өзүнчө эсептердеги акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу шарттары.
1.4. Коштолуучу келишим - ушул келишим.
1.5. Аткаруучу - ________________, ИСН __________________.
1.6. Коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары - коштолуучу келишимди ишке ашыруу максатында тартылган адамдар (кошо аткаруучулар, субподрядчылар, субберүүчүлөр), алар банктык коштоо параметрлерине ылайык өзүнчө эсептерди ачууга милдеттүү.
2. Заказчы (сатып алуучу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
2.1. аткаруучу тандаган Банкка банктык коштоого өтүнмө берүү жолу менен коштолуучу келишимди коштолуучу келишим (келишимге кошумча макулдашуу) түзүлгөн датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө берүүгө;
2.2. коштолуучу келишим боюнча берилген товарларга (аткарылган жумуштарга, көрсөтүлгөн кызматтарга) аткаруучунун өзүнчө эсебине гана акы төлөөгө.
3. Аткаруучу (подрядчы/берүүчү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1. коштолуучу келишим (келишимге кошумча макулдашуу) түзүлгөн датадан тартып 12 (он эки) жумуш күндүн ичинде Банкта өзүнчө эсеп ачууга;
3.2. коштолуучу келишим (келишимге кошумча макулдашуу) түзүлгөн датадан тартып коштолуучу келишим боюнча, ошондой эле коштолуучу келишимди ишке ашыруу максатында түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланышкан бардык эсептешүүлөрдү өзүнчө эсепти пайдалануу менен гана жүзөгө ашырууга;
3.3. коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучулары менен түзүлгөн келишимдерде төмөнкүдөй шарттардын болушун камсыз кылууга:
- бардык эсептешүүлөрдү өзүнчө эсептерди колдонуу менен гана жүзөгө ашырууга;
- Банктын суроо-талабы боюнча коштоочу келишимди ишке ашырууга тартылган катышуучулар жөнүндө маалыматтарды (жетекчинин жана башкы бухгалтердин толук аталышы, жайгашкан жери (почта дареги), телефондору, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана эсепке коюунун себебинин коду) берүүгө;
- ушул пунктчада көрсөтүлгөн милдеттерди коштоочу келишимди ишке ашыруунун башка катышуучулары менен түзүлүүчү келишимдерге киргизүүгө.
4. Заказчы (сатып алуучу) ушул келишим боюнча эсептешүүлөрдү аткаруучунун (подрядчынын/берүүчүнүн) Банкта ачылган өзүнчө эсебин (өзүнчө эсептин реквизиттери _______________________) пайдалануу менен жүзөгө ашырат.
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
____________________/ Аты-жөнү |
| ____________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
| Банктык коштоо жөнүндө келишимге 6-тиркеме |
Типтүү форма(8)
Коштолуучу келишимди аткаруу жөнүндө КАБАРЛОО (уюмдун фирмалык бланкында)
|
| Кызмат орду |
|
| "_________________ Банк" ААК |
|
| Аты-жөнү |
Чыг. №
20___-ж. "____" ______________
Коштолуучу келишимди аткаруу жөнүндө кабарлоо
_________________ (мындан ары - БК заказчысы) менен "_____________ Банк" ААКтын ортосунда түзүлгөн __________ № ______ Банктык коштоо жөнүндө келишимдин 6.2-пунктуна ылайык БК заказчысы _______________ (ИСН _____________) - аткаруучу тарабынан _______ ___________ № ______ коштолуучу келишим боюнча милдеттенмелердин толук аткарылгандыгы жөнүндө Банкка кабарлайт.
Коштолуучу келишимдин идентификатору: ______________________________________________.
Тиркеме:
Аткарылган жумуштардын актысы/товарларды кабыл алуу ______ б.,1 нус.
(кызмат орду) _________________________ (аты-жөнү)
М.О.
Банк: |
| БК заказчысы: |
Кызмат орду |
| Кызмат орду |
|
|
|
____________________________/ Аты-жөнү |
| ____________________________/ Аты-жөнү |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
(1) Бул пунктка кошумча жоболорду киргизүүгө жол берилет.
(2) Олуттуулук лимитинин өлчөмү Коштолуучу келишимдин баасынын 5%ына (беш пайызына) чейинки өлчөмдө, бирок 5000000,00 (беш миллион) сомдон ашык эмес өлчөмдө белгиленет.
(3) Олуттуулук лимитинин өлчөмү коштолуучу келишимдин баасынан 5%га (беш пайыз) чейинки өлчөмдө, бирок 1 000 000,00 (бир миллион) сомдон ашык эмес өлчөмдө белгиленет.
(4) "Коштолуучу кызмат көрсөтүүлөр" деп коштолуучу келишимди аткаруу үчүн аткаруучу же коштолуучу келишимди ишке ашыруунун катышуучусу тарабынан тартылган адамдар тарабынан көрсөтүлүүчү сактоо, таңгактоо, жеткирүү, чогултуу, монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө боюнча кызматтар (жумуштар) жана башка кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) түшүнүлөт.
(5) "Өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү" деп чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн өкүлчүлүгү; өндүрүүчү (чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн өкүлчүлүгү) тиешелүү товардык рынокто көрсөтүлгөн товарларды сатууну өз алдынча жүргүзбөгөн шартта, өндүрүүчү (чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн өкүлчүлүгү) тарабынан анын товарларын сатуу боюнча ыйгарым укуктар берилген юридикалык жак же жеке ишкер (анын ичинде дилер, дистрибьютор) түшүнүлөт.
(6) БК заказчысы же Банк өз алдынча өзгөртүү киргизүүгө же болбосо кандайдыр бир жол менен өзүнүн кароосу боюнча БК параметрлерин өзгөртүүгө өтүнмөнүн формасын толуктоого укуктуу.
(7) Бул жерде жана андан ары курсив менен белгиленген текст берүү келишимине карата түзүлүүчү кошумча макулдашууга киргизилүүгө тийиш.
(8) БК заказчысы БК келишиминин 6.2-пунктуна ылайык коштолуучу келишимди аткаруунун алкагында же анын токтотулушуна байланыштуу башка жагдайлар жөнүндө Банкка кабарлоо үчүн бул типтүү формада көрсөтүлгөн мазмунда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ