Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-марты № 175
Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө
баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө
«Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 1-пунктунун 2, 3-пунктчаларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 (эки) пайыз өлчөмүндөгү арзандатуу менен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык баалуу металлдарды сатуу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын.
4.Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу сатып алуу пункттары жана күрөөканалар баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, зергердик жана башка буюмдарды, ошондой эле баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын сатууга укуктуу.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 22 (3782) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |