Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылдын 5-сентябры № 4
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Чолпонбай айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 сандуу Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында, Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-сентябрындагы “Тынчтык жөнүндө” №185 сандуу тескемедеги маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу калктуу конуштарда “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу жагы каралсын:
- жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон обьектердин тизмеси;
- үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы:
- жумуш күндөрү-саат 22:00дон 07:00го чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү-саат 22:00дон 09:00го чейин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жамакеев Кенжекул Абдрасуловичке жүктөлсүн.
Төрага |
| Абдрай уулу Н. |