Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-марты № 2026-П-12/15-3-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен "Кыргызстан банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Башкарманын катчылыгы бөлүмү аны менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 4-мартындагы № 2026-П-12/15-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 3-2 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3-2. Бланктык кредиттер - бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, күрөө жөнүндө мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында кредиттер боюнча камсыздоо катары каралган кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар, кепилдик, мүлк укуктары, талап кылуу укугу жана башка инструменттер менен камсыздалбаган кредиттер.
Мында жеке мүнөздөгү укуктарды кошпогондо, карыз алуучунун мүлк укуктары, ошондой эле акча каражаттарынын келечектеги түшүүлөрүнө, товарларга, запастарга, дебитордук карызга же карыз алуучунун башка болочок активдерине банктын талап кылуу укугу, анын ичинде эмгек акы, пенсия алуу укугу же жеке кызматтарды алуу укугу, эгерде мындай укуктар колдонуудагы келишимдер же башка документтер менен тастыкталса, кредиттер боюнча күрөө катары таанылат. Эгерде тастыктама жок болсо, мындай кредиттер бланктык кредиттер деп эсептелет.
Бланктык кредиттер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кредит төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучунун киреше деңгээлин баалоонун/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизинде гана берилет.
Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 4-мартындагы № 2026-П-12/15-3-(НПА) токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган токтом күчүнө кирген күндөн кийин берилген кредиттерге карата колдонулат.".
2. 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 " Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин:
- 6-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мында жеке мүнөздөгү укуктар, анын ичинде эмгек акыны, пенсияны алуу укугу, жеке кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу укугу күрөө предмети боло албайт.".