Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 13
Биримдик айыл аймагынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө
Биримдик айыл аймагынын башчысы Б.Сулаймановдун Биримдик айыл аймагындагы салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын III кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74-76-беренелерин жетекчиликке алып, Биримдик айыл аймагынын салыктык эмес кирешелердин маалыматтык эсеп ар бир жылдын 1-апрелине чейин берилсин, жана жыйымдын ставкасы 1-августка чейин ар бир кызматкерге 50 (элүү) сом менен чегерилгенге макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жонөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысына Б.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. А. Бечелов |