Редакцияот 06.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

1-кезектүү сессиясы

 

 

2026-жылдын 6-февралы  № 4

 

        Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 

кайрак  жерлер үчүн баа  коюу  жөнүндө

 

 

            Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  2026-жылдын 16-январындагы  №01-18/96 катына ылайык,Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1577,9 га жер аянтын өздөштүрүүдө баа  коюу жөнүндө Учкун айылдык кенеши  токтом кылат:

1.   Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1577,9 га жер аянтын өздөштүрүүдө 1 га үчүн коюлган баасы 2500 (эки мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояровго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

К. Мамырбаев