ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 10-марты № 95/12-9
Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсү №71 дарегиндеги 13229,15 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине футбол аянтчасын куруу боюнча “ФК Азия” ААКсына ижара акысын курулуш аяктагандан кийин төлөп баштоого макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 16.01.2026-жылдагы №01-19/113 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсү №71 дарегиндеги 13229,15 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине футбол аянтчасын куруу боюнча “ФК Азия” ААКсына ижара акысын курулуш аяктагандан кийин төлөп баштоого макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |