Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты № 180
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-сентябрындагы № 561 «Бишкек
шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл
чарба багытындагы жерлер» категориясынан
«Калктуу конуштардын жерлери» категориясына
которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын аймагында административдик имарат куруу боюнча улуттук инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15, 16-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 561 «Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-мартындагы № 22 (3782) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |