Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 10-марты № 97/12-9
Талас шаардык кенешинин 2.07.2025-жылдагы №48/7-9 сандуу Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу үчүн эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга макулдук жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 05.03.2026-жылдагы №01-19/819 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 2.07.2025-жылдагы №48/7-9 сандуу токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Талас шаарындагы А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегиндеги 0.5 га жер участогуна бала бакчаны балдар аянтчасы менен куруу долбоорунун ордуна окуучулар үчүн жатакана курууга жана эки жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |