Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-марты № 177-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууну координациялоо боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «17» мартындагы № 173-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды.
Макулдашуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы электрондук коммерция аркылуу соода мамилелерин чыңдоого, санарип экономика маселелери боюнча кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүүгө жана керектөөчүлөрдүн санарип экономикага болгон ишенимин жогорулатууга багытталган. Макулдашуу электрондук сооданы, электрондук соодада керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону, экспресс-жеткирүүнү, жеке маалыматтарды коргоону жана электрондук коммерция чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктардын ортосундагы кызматташтыкты камтыйт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Макулдашууга кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 707-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.