Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-декабры № 65/9-29
Сын-Таш айыл аймагынын китепканаларын оптималдаштыруу жана кайра уюштуруу жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагындагы китепканалардын ишин жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын, "Китепкана иши жөнүндө" Мыйзамынын жана 2024-жылдын 7-февралы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл аймагында жайгашкан Өтөгөн айылындагы №9 китепканасы, Рот-Фронт айылындагы №8 китепканасы жана Жетиген айылындагы №14 китепканасы жоюлуп, бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун жана алардын базасында Юрьевка жанаТельман айылдарында Бириккен китепкана түзүлсүн.
2. Өтөгөн айылындагы №9 китепканасынын китеп фонду, Юрьевка айылдагы №6 китепканасына берилсин;
3. Рот-Фронт айылындагы №8 китепканасынын китеп фонду, Тельман айылдагы №16 китепканасына берилсин;
4. Жетиген айылындагы №14 китепканасынын китеп фонду, райондук китепканага берилсин;
5. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына:
Ø Китепканаларды жоюу жана кайра уюштуруу боюнча комиссия түзүлсүн;
Ø Китепканалардын фондусун, мүлкүн жана жабдыктарын инвентаризациялоодон өткөрүлсүн;
Ø КР мыйзамдарына ылайык, кызматкерлерге кайра уюштуруу жөнүндө тийиштүү билдирүүлөр берилсин жана кыскарууга туш болгон кызматкерлерге тийиштүү компенсациялар берилсин;
Ø Жаңы түзүлгөн мекеменин жобосун иштеп чыгуу жана каттоодон өткөрүү чаралары көрүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык суроолор боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |