Редакцияот 18.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 18-декабры № 66/9-29

Ысык-Ата курортундагы жалпы билим берүү негизги мектебине Байдылдаев Курманбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Ысык-Ата айылынын жалпы билим берүү негизги мектебинин эмгек жамаатынын 2025-жылдын 29 октябрь № 3 протоколунун негизинде жана Байдылдаев Курманбектин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айылынын жалпы билим берүү негизги мектебине Байдылдаев Курманбектин ысымы ыйгарылсын.

2. Мындан ары мектептин аталышы «Байдылдаев Курманбек атындагы Ысык-Ата курортунун жалпы билим берүү негизги мектеби» деп аталсын.

3. Мектептин директору А.Жумакадыровага:

Ø  Мектептин Уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

Ø  Юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөрүлсүн;

Ø  Мектептин мөөрүн, штамптарын жана расмий бланктарын жаңы аталышка ылайык алмаштыруу иштерин жүргүзүү тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы:

 

М.Ш.Кучкачев